Сот Матраимовдун өтүнүчүн канааттандырды

Райымбек Матраимов.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан мыйзамсыз алынган деп тапты.

Эгер бул өкүм күчүнө кирсе, ал өз кызмат ордуна кайра бара алат. Ушул жылдын апрель айында коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов негизсиз жумуштан алынганын айтып өкмөттү сотко берген жана ошол убактагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Мыйзам боюнча өкмөттүн райондук соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко кайрылууга укугу бар. Бирок өкмөт сот чечимин дароо аткарабы же аны талашабы, азырынча белгисиз.

25-июлда маалым болгондой, кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов боюнча сот чечимин колуна ала элек. Чечим келип түшкөндөн кийин ал караларын “Азаттык” радиосуна өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди:

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимовго карата чечими учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына түшө элек. Келип түшөр менен ал каралат. Алдыда дагы кийинки инстанциялар бар.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев соттун Матраимов тууралуу чечимин "Раим миллиондун" досторунун жана коргоочуларынын өчү катары баалаган билдирүү таратты.

Агасы соттун чечимин кубаттады

Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими боюнча арызын май айынан бери карап жаткан. Анда Матраимов өкмөттү "кызматтан мыйзамсыз алган" деп айыптаган. Сотто анын адвокаты Татьяна Карыжинская кардары "чет мамлекетте дарыланып жаткан кезде иштен алынганын, эмгекке жараксыздыгы тууралуу маалымкатка көңүл бурулбаганын" жүйө келтирген. Ошондой эле Матраимовдун кайра кызмат ордуна дайындоо тууралуу арызын толук канааттандырып берүүнү суранып жаткан.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаты Татьяна Карыжинская соттун чечими тууралуу расмий комментарий бере элек. Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов иниси негизсиз, себепсиз жумуштан алынганын айтып, соттун чечимин кубаттады:

- Экс-президент өзүнүн интервьюсунда "мен "жумуштан ал" дегем, алды" деп айтып жатпайбы. Эртең менен жумушка келсе эле эмне себептен, кандай себептен айтпай эле "жумуштан кет" дешсе - себеби, негизи болушу керек да. Экинчиден, аны жумуштан алыш үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын сунуштамасы болушу керек экен. Анын артынан бир жума кубалап жүрүп сунуштама алышыптыр. Анан бул саясий кызматкер эмес, ошондуктан иштен алгандагы беренеси туура эмес болгон. Административдик кызматта отургандар текшерилип, ошонун жыйынтыгы менен чечим чыгарылышы керек эле. Булар өздөрү жумуштан бошоткону туура эмес болгон.

Коомчулукта "Райым миллион" деген каймана ат менен таанылган, артынан уу-дуу сөз ээрчиген Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды" деп жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат” деп жазылган.

Экс-президент нааразы

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Райымбек Матраимов тууралуу учкай билдирүүсүн таратты. Анда ал буга чейинки айткан сөздөрү бышыкталып жатканын айткан жана "Райымбек Матраимов бажыдагы мурунку кызматына барса деле, барбаса деле бул жана башка бюджетти толтурган түзүмдү башкара турганы элге анык болуп калды" деп билдирген.

"Тилекке каршы, менин президент С.Ж. Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүмдү ал көңүлгө алган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн жарыя кылынган курсунун кадырын кетирет" деп айтылат экс-президенттин атынан таратылган маалыматта.

Бирок бул боюнча мурдагы президенттин өзүнүн ролун эске салгандар да бар. Алардын бири, талдоочу Алмазбек Акматалиев Райымбек Матраимов мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кызматтан-кызматка көтөрүлүп жүргөнүнө токтолду. Ал соңку алты жылдан бери анын айланасында сөздөргө ошол убактагы бийлик чара көрбөгөнүн белгиледи:

Алмазбек Акматалиев.

- Биринчиден, бул күтүлбөгөн таң калычтуу окуя болду. Соттордун азыркы чыныгы жүзү, кебетеси ушул. Райымбек Матраимов тууралуу сөз кылганда аны Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарына чейин ким көтөргөнүн унутпашыбыз керек. Ал "мени бажы кызматына Икрамжан Илмиянов алып келген, бажыдагы жетекчилик кызматка келишиме жеке Алмазбек Атамбаевдин салымы бар" деп ачык эле айтып жүрбөйбү? Эгер Матраимов чын эле коррупционер болсо, бажынын эсебинен байып жатса - анда эмне себептен аны Атамбаев алты жыл ичинде кызматтан алган эмес? Анын байышына эмне үчүн шарт түзүп берген? Биз ушул суроого жооп издешибиз керек. Экинчиден, соттун бардык инстанцияларында мурунку режимдин тушунда шайланган судьялар отурат. Алар мындан деле чоң иштерди ушундай эле чечип салышы мүмкүн. Менимче, бул жагдай - президент Сооронбай Жээнбековго чоң коңгуроо. Сотторду тазалап, тартипке алып келбесе болбойт. Убагында Батукаевди бошоткондой иштер азыр болуп жатат. Азыр эми Матраимов өзү деле ойлонушу керек. Анын фигурасы мурунку жана азыркы президенттердин соодасына кабылып калгандай сезилип жатат. Эгер ал мурунку кызматына келсе, анда азыркы бийликке аброй алып келбейт. Артынан уу-дуу кеп ээрчиткен, чуулгандуу видео материалдарда аты аталган, ошондой учурда да анын "кайра системага келем" дегени туура эмес.

Айтор соттун Райымбек Матраимовдун өтүнүчүн канааттандырган чечими коррупцияга каршы күрөш тууралуу талаш-талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Райымбек Матраимовдун жагдайын "коррупция менен тандалма күрөштүн анык мисалы" деп билдирди. Анын пикиринде, президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү менен иши туура келбей жатат:

Мээрбек Мискенбаев.

- Азыр "коррупция менен күрөшүп жатабыз, ал-бул" дегени - жөн эле жомок. Сооронбай Жээнбековдун айткан сөзү кылган ишинен таптакыр башкача. Бул жөн эле пиар. Сапар Исаковду эмнеге камады? Ошол "Раим миллионду" иштен кетиргени үчүн камады. Кубанычбек Кулматовду эмнеге камады? Ошол бажыдагы Матраимовдун иштерин ачканы үчүн, миллиондорду мамлекеттин казынасына салганы үчүн камады. Жээнбековдун коррупция менен күрөшөрүнө эл ишенбей калды, эл көрүп турбайбы?

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов иниси тууралуу дооматтарды каралоо деп эсептейт:

- "Коррупция" деп бир эле экс-президент айтып жатат. Буга чейин эмнеге анда карашпайт? Азыркы заманда адамды каралоо оңой болуп калды.

"Сот чечими корруцпияга каршы күрөшкө ишенимди жоготот"

Саясат таануучу Эмил Жороевдун пикиринде, соттун чечими коррупция каршы күрөшкө урулган сокку болду:

- Президентке болгон ишеним эң күчтүү сокку жеди ушул окуя менен. Коррупция менен күрөшүүдө эң оор өксүк - элдин баары билген каймана аттуулардын "жумушуна" кайра келтирилүүсү. Анткени ишеним жокко чыгат. Өз башка, өзгө башка каралат турбайбы дейт эл... Эми эле жемкорлорду ачыкка чыгарган жигитибизди жерге бергенден соң мындай жаңылыкты окуу - шылдың сыяктуу эле көрүнүп турат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде да, соттун чечими азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө шек келтирет. Ал 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун тымызын жаздырылып алынган телефондогу кайым айтышуусу да ушул Матраимовдун айынан чыкканын эстеди:

Динара Ошурахунова.

- Сот президенттин сөзүн шылдыңдаган эле чечим кабыл алыптыр. Баарыбыз "Раим миллион" деген ким экенин билебиз, тааныйбыз. "Эгер чындап эле коррупция менен күрөш болсо, анда ошол "Раим миллиондон" башталышы керек болчу" деген сөздөр бар. Кээ бир коррупционерлер кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн качып кетип жатышат. Айрымдары болсо сотко берип, кызматка келип жатканы бул - шылдың. "Ал ошол кызматтан мыйзамсыз алынган" дегенде мен дайыма: "Анда эмне, кызматка мыйзамдуу коюлган бекен?" деп сурачумун. "Раим миллион" кызматка мыйзамдуу коюлду беле? Аны кызматка ким койду эле, кантип койду эле? Биз баарыбыз Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин ал тууралуу сүйлөшкөнүн, сөгүшкөнүн унутуп калдыкпы? Азыр коррупция бизди шылдыңдап күлүп жатат.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу Райымбек Матраимовду бир канча жолу ачык айыптаган, анын кызматтан алынышына себепчи болгонун да жарыялаган.

Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын өзү да ырастаган жана Атамбаевдин мындай сындарын түшүнбөй турганын билдирген жайы бар.

Андан кийин ИИМ былтыр октябрь айында Алмазбек Атамбаевдин кызы менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайнежеси ортосунда автоунаа токтотуучу жайда жаңжал чыкканын ырастаган. Атамбаевдин кызы жабырлануучу катары милицияга арыз жазганы, анын негизинде “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Матраимовдун жакыны 48 саатка камакка алынганы менен сотто эки тарап элдешип алгандыктан, иш кыскарганы белгилүү болгон.

"Азаттыктын" архиви: Бажыдагы уурулук
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.