Аскер адамдары Матеновду колдоп чыкты

Чек ара кызматынын четтетилген төрагасы Курманакун Матенов коррупциялашкан күчтөрдүн курмандыгы болду деген мазмундагы кайрылуу чек арачылардын жана аскер ардагерлеринин атынан мамлекет башчысынын дарегине жолдонду.
Буга чейин Аскер прокуратурасы полковник Матеновго жогорулатылган пенсия чегертилген деген кине менен кылмыш ишин козгогон болчу.

Саясий буюртмабы?

Кайрылууда кызматтагы чек ара аскерлигинин офицердик корпусу жана аскер ардагерлери полковник Матеновго козголгон ишти саясий оюн катары баалашты. Анда чек ара коопсуздугун чыңдоодогу анын демилгеси айрым бир ички-тышкы күчтөрдүн тынчын алып, бул үчүн анын аскердик беделине көлөкө түшүрүү аракеттери көрүлүп жатканы белгиленген.

Чек ара кызматынын башкы чек ара кайтаруу башкармалыгынын зардалы, полковник Саид Эратов Матеновго козголгон кылмыш ишти саясий мүнөздөгү буйрутма катары баалады:

- Бул буйрутма иш экени башынан эле белгилүү болчу. Анткени бизде 300гө чукул офицер мына ошондой бийик тоолуу коэффициент боюнча пенсияга чыккан. Бул боюнча буга чейин Аскер прокуратурасы үн катпай эле келген. Анан эле Матеновду кызматтан оодарып түшүү керек деген буйрутма болгондо мына ошону көтөрүп чыгышты. Чек арачылар мекенибиздин ар кайсы аймагында кызмат кылып, өзү негизи туруктуу каттоосу чанда болот. Бирок мына ошону мыйзам бузуу катары карашса, анда мына ошол 300 аскер адамынын бардыгына кылмыш ишин козгошсун. Алардын арасында Кыргызстанга белгилүү генералдар жана полковниктер да бар. Эми Кыргызстан ошол жагы менен таанылсын анда!

Баткендеги чек арачылар

Чек ара кызматынын иштен четтетилген төрагасы Курманакун Матенов өздүк курамдын арасындагы паракорчулук менен жердешчиликке каршы келишкис күрөш жүргүзгөнү кайрылууда өзгөчө белгиленген. Анын жыйынтыгы катары чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен акча чогултуу өнөкөтүнө чек коюлганы мисалга алынды. Борбордук аппараттагы жана чек ара көзөмөл бекеттериндеги ондогон колу таза эмес жетекчилер кызматтан четтетилген.

Чек ара кызматынын борбордук аппаратынын өкүлү, полковник Анарбек Орозалиев Матеновдун чек ара чатактарын жөнгөрүүдөгү коңшуларга карата чечкиндүү чечимдери ага каршы тымызын аракеттерге өбөлгө болгонуна басым жасады:

- Аксыдагы Үңкүр-Тоо, Дейрес, Баткендеги Катта-Туз татаал чек ара чатактарын жөнгө салууда жана бул боюнча чечкиндүү чечимдерди кабыл алууда Матенов саясий эрки күчтүү жетекчи экенин көрсөткөн. Чек ара коопсуздугун чыңдоодо буга чейин биздин тарыхыбызда мындай чечкиндүү кадамдар болгон эмес. Аны мен эле эмес, ар бир чек ара кызматынын офицери айтып бере алат. Коррупция менен күрөшүп, өздүк курамды кооптуу элементтерден тазалоо багытында жасаган анын үч айда жүргүзгөн иш-аракеттерине эми минтип моюнтурук салынганы турат. Ошентип Матеновго козголгон кылмыш иши буга чейинки башталган чечкиндүү аракеттерге чек койгону калды көрүнөт...

Тажрыйбаны Түркияда топтогон

Полковник Матенов Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын аскер академиясын бүтүргөн Кыргызстандагы бирден-бир аскер адамы. Мындан улам анын ой-жүгүртүүсү жана аскер тажрыйбасы Орусиядан бүтүп келген офицерлердикинен кескин айырмаланат.

Бул тууралуу айткан аскер ардагери, “Манас” орденинин кавалери Өмүрбек Мамбетов Матеновго каршы маалымат чабуулунун себебин мындан көрөт:

- Матенов буга чейин чек ара посттордон акча чогултуп, кол алдындагылардан олчойгон пара алып, кызмат орундарды сатып, мекенге саткынчылык кылган кээ бир аскер адамдарынын кокосуна тыгылган сөөк болду. Ошондуктан андан эптеп кутулуунун жолун таппай жатышат. Ошон үчүн аны каралоо кампаниясы кеңири масштабда жана өтө чоң деңгээлде жүрүп жатат. Ага каршы кызыкдар тараптар биригип кетишти. Матенов Түркиядан генштабды бүтүп келген жалгыз полковник. Түркиянын аскер академиясы Орусияныкынан бир топ өзгөчөлөнүп турат.

2013-жылы май айындагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Аскер прокуратурасы Чек ара кызматынан 26 аскер адамы жогорулатылган коэффициент менен пенсияга чыкканын таап чыккан. Келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилген болчу. Бирок Чек ара кызматынын жетекчиси полковник Матенов аталган текшерүүгө чейин эле өз ыктыяры менен жогорулатылган пенсиясынын үстөк өлчөмүн төлөп берген. Бирок Аскер прокуратурасы мындай жөрөлгө баары бир аны жоопкерчиликтен бошотпойт деген негизде ага "алдамчылык" беренеси боюнча айыбын угузган.

Буга чейин “Азаттыкка” күч түзүмдөрү боюнча өкмөт башчысынын орун басары Токон Мамытов аскер жетекчилери акактай таза болушу керек деген оюн билдирген эле:

- Мен Чек ара кызматынан кеткенден кийин ал жигит ордума болду. Ошондуктан бул маселе боюнча менин бир нерсе деп ал адамга сын айтсам коомчулук да түшүнбөй калат го. Бул жерде кандайдыр бир саясий оюн болду дегенге кошулбайм. Муну эми Аскер прокуратурасы карап жатпайбы. Бирок аскер адамы, аскер жетекчиси деген таза болушу керек эле.

Кайдан акча тапканы белгисиз, бирок кабат-кабат там салган күч түзүмдөрүнүн генералдары менен полковниктеринен айырмасы, Матенов ушул кезге чейин үч бөлмөлүү кызматтык батирде турат. Матеновду колу таза жана чынчыл жетекчи катары баалаган Чек ара кызматынын күжүрмөн даярдык боюнча башкармалыгынын зардалы Бектен Мамырбаев мындай дейт:

- Чек ара кызматынын төрагасы Матенов мына ушул полковник чинин алганга чейин кызматтык батирде турат. Ал дагы учурунда Коргоо министрлиги тарабынан берилген экен. Өзүнүн курган жеке менчик турак-үйү жок. Бирок анда башкалардай эле төрага болгонго чейин эле кабат-кабат үйлөрдү ар кандай жолдор менен салдырганга мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок Матенов андай ишке барган эмес. Биз аны талапты катуу койгон, чынчыл жана таза жетекчи катары билебиз.

Чек ара кызматынын офицерлер корпусунун жана аскер ардагерлеринин кайрылуусунун аягында полковник Матеновго козголгон кылмыш ишин калыс тергөө жана анын жетекчилик сапатына адилет баа берүү жагы сунушталган. Быйыл 25-октябрда Аскер прокуратурасы бийик тоолуу коэффициент боюнча жогорулатылган пенсия чегертилген деген негизде полковник Матеновго кылмыш ишин козгогон. Буга байланыштуу Матеновду тергөө иши аяктаганга чейин кызматтан четтетүү чечими кабыл алынган болчу.