Сот канчалык адилет чечим чыгарат? Коррупция менен күрөш жүрүп жатат деп айтууга болобу? “Азаттыктын” суроолоруна коррупция боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева жоопберди.
“Азаттык”: Бул чуулгандуу иште соттор бийликке да кылчактабай, коомчулуктун да кысымына туруштук берип, адилет чечим чыгара алабы?
Эркайым Мамбеталиева: Албетте адилет чечим чыгат деп айтуу кыйын. Себеби бул иште саясий таасирди унутпаш керек. Бүгүнкү күндө сот системасына ишенбестик күч. Ошол эле учурда бийлик сот системасына канчалык деңгээлде таасирин тийгизе аларын ушул иш көрсөтүүдө. Бул сот процесси коомчулуктун көз кырында турат, чоң чыр болду, ошондуктан сот кандайдыр бир чечим чыгарат. Бирок саясий өңүтү да бар.
“Азаттык”: Жакында эле президент да, Жогорку Кеңештин төрагасы да сот реформасы ишке ашпай калганын моюнуна алгандай болушту. Сиз кандай деп ойлойсуз, Нарымбаевдин иши чындап эле коррупция менен күрөшпү, же кожо көзүнө жасалып жатабы? Коомчулукту коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ынандыруу аракети болгон жокпу?
Эркайым Мамбеталиева: Албетте ынандыруу аракети бар. Бирок ошол эле мезгилде тандалма мамиле жасалып жатканы көрүнүп турат. Себеби жалгыз эле Нарымбаевдин иши болбош керек. Эгерде чындап эле саясий эрк болуп, коррупция менен күрөшүү процесси жүрүп жатат десек, анда системалык түрдө иш-чаралар жүргүзүлүш керек болчу. Бирок буга тоскоолдуктар абдан көп. Көптөгөн коррупциялык иштер козголгон, бирок аягына чыкпай калбадыбы. Ошондуктан тандалма иш десек да болот.
“Азаттык”: Качан, кандай учурда көз карандысыз сот адилеттигине жете алабыз? Бул үчүн кандай шарттар түзүлүш керек?
Эркайым Мамбеталиева: Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, көп учурда саясий эрктен көз каранды болот. Тандалма мамиле жасалбастан, жалпы, так критерийлер менен иш жүргүзүшү керек. Сот системасына бийлик эч качан кийлигишпеш керек. Сот системасынын чечимдерине бийлик бутагы таасир көрсөтүп келатканы көп жылдардан бери белгилүү болуп калбадыбы. Ошондуктан чындап парламенттик өлкөбүз десек, башка бийлик бутактары кийлигишпеш керек. Бул бардык принциптер сакталганда гана мүмкүн болот. Ошол принциптердин баары бузулуп жаткан чакта сот системасы адилеттүү иштей алат деп айтуу кыйын.
“Азаттык”: Чуулгандуу сот иши башталганда президент да үн катып, “Нарымбаевди калкалап калсам деле болмок, бирок сот ишине тоскоол болбойм” деген мазмундагы пикирин билдирген эле. Бул сот адилеттигине бир топ шек жаратты. Сот толугу менен көз карандысыз болуш үчүн эмне кылыш керек? Айлык акыны жогорулатуу менен гана маселе чечилбесе керек.
Эркайым Мамбеталиева: Сот системасынын айлыгы көбөйтүлгөн. Бирок айлык көтөрүлгөн күндө деле сот системасында коррупциянын жогорку деңгээлге жеткени баарыбызга маалым. Айлыкты көтөргөнү менен эч нерсе чечилген жок. Эмне үчүн шайлоо учурунда ар бир партия көбүрөөк орун алганга, ар бир талапкер парламентке киргенге аракет кылып жатат? Мамлекеттик кызмат милдет катары каралбастан жеке кызыкчылыктары үчүн колдонулуп жатканы белгилүү. Ушул эле Нарымбаевдин ишинде депутаттын да катышы болгону белгилүү. Мунун баары саясий коррупция деп эсептелет. Албетте бул жерде мамлекеттик башкаруу системасы так принциптерин колдонбой жатканы көрүнүп турат.
“Азаттык”: Буга чейин коррупция жетинчи кабатка жеткенин бийлик өкүлдөрү өздөрү да мойнуна алган жайы бар. Ошол эле маалда бул сот ишин шайлоо алдында упай топтоо аракети катары баалаган эксперттер да жок эмес. Президенттик шайлоого да болгону эки жыл калды...
Эркайым Мамбеталиева: Мен бекеринен тандалма мамиле жасалбаш керек деп айткан жокмун. Туура айтасыз, упай топтоо аракети байкалууда. Өзгөчө шайлоо алдында башталды. Ошол эле учурда эксперттик чөйрөдө өздөрүнө упай топтоо аракети болгон деген пикир бар. Эгерде коррупция менен күрөш дей турган болсок анда бардык козголгон иштер аягына чыгыш керек. Дагы көптөгөн чуулгандуу иштер болуп атат, ошонун баары аягына чейин каралганда гана коррупция менен күрөш жүрүп жатат деп айтсак болмок. Бирок бир-эки мисал менен муну айтууга болбойт. Чындыгында эле саясий коррупциянын экономикага да, саясатка да, мамлекеттик башкарууга да чоң таасирин тийгизип жатканы эң өкүнүчтүү.