Бишкек ЖЭБинин айланасындагы кийинки камакка алууну Башкы прокуратура 11-июлда жарыялады. Бул ирет мурдагыдай жогорку жетекчилерге эмес, өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын үч кызматкерине иш козголуп, кармалды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Наргиза Кубатованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияны иликтеш үчүн тергөө курулуш-техникалык экспертиза дайындалган. Ал эксперттик топко сөз болуп жаткан кызматтын жетекчилиги таасир этип, алар документтерди иликтебестен 25-июнда мыйзам бузуу менен жыйынтык чыгарып салышкан. Наргиза Кубатова бул иш боюнча ушул кызматтын жетекчиси, анын орун басары жана бир эксперти кармалганын маалымдады:
- Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жооптуу кызматкерлерине жана башка жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”) негизинде кылмыш иши козголду. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эки жетекчиси жана бир кызматкери камакка алынган. Тергөө уланууда.
Башкы прокуратуранын бул маалыматынан соң камакка алынгандар Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жетекчиси Кайрат Мусаев, анын орун басары Алмаз Медеров экенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Негизи ЖЭБге байланыштуу эксперттердин маселесин камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов көтөрүп чыккан. Адвокат сөз болуп жаткан кызматтын эксперттери Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча текшерүү жүргүзүп, "бардык талаптарга жооп берет" деген тыянакка келгенин, бирок мындай тыянакка макул болбогон УКМКнын тергөөчүлөрү эксперттерге басым көрсөтүп жатканын билдирген эле.
Нурбек Токтакунов дале болсо экспертизанын жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, тергөөгө ыңгайлуу жыйынтык чыгарбаганы үчүн кылмыш иши козголду деген пикирде:
- Мен экспертизанын материалдарын окуп жатам. Ал жерде логикалык жактан туура, эч бир кылмыштуу же бир тарапка тарткан жыйынтыкты көргөн жокмун. Бул жерде тергөө берген суроолорго жооп берилип жатат. Тыянакта алар 2016-жылы Бишкек ЖЭБинин имаратындагы, жабдыктарды кабыл алууда жүргүзүлгөн экспертизага таянышкан. Ал учурда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эле жана ошол учурдагы экспертизага таянып туруп, чечим кабыл алышкан.
Сапар Исаковдун адвокаты бул экспертизанын тыянагы ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин акыйкат тергелиши үчүн маанилүү экенин кошумчалады. Токтакуновдун пикиринде, тергөөгө жакпаган тыянак чыгарган эксперттер камакка алынган соң эми кийинки экспертизаларды көз каранды болбойт деп ишенүү кыйын.
- Эми бир эксперттерди камагандан кийин башкалар "тергөөгө жакпаган жыйынтык чыгарган болбойт турбайбы" деп дароо түшүнүшөт. Демек, мындан кийинки экспертиза жыйынтыктары кандай чыгары белгилүү, - деди Токтакунов.
Ошол эле кезде соттук экспертиза кызматкерлеринин камакка алынышы "Бул мекеме канчалык деңгээлде өз алдынча иштейт?" деген суроону да жаратты.
Мурдагы юстиция министри, азыр адвокаттык менен алектенген Мукар Чолпонбаевдин айтымында, соттук экспертиза тармагы өтө коррупциялашып кеткен:
- Эгерде буга чейин эксперттер өздөрүнүн бейтараптыгын так сактап келсе, мен "буларды кысымга алып жаткан экен" деп айта алат элем. Бирок мен деле ишим боюнча далай жолу булар менен иштешип, башымдан өткөрдүм. Коррупциялык көрүнүштөр кеңири жайылып, көз карандысыз экспертиза болуудан калган. Ошондуктан "эксперттер көз каранды болбой иштегени үчүн камалды" дегенге ынанбайм турам.
Ал арада Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жетекчисинин камакка алынган орун басарынын ордуна жаңы адам дайындалды. Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, бул кызматка Табылды Матсаков дайындалды. Бул дайындоо жарыяланары менен маалымат каражаттары менен социалдык тармактарда дароо Матсаковго байланыштуу талкуулар башталды. Анда бул адистин 2009-жылы президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыныштуу тыянагын эстешти. Матсаков "Садыркулов баштаган үч адам жол кырсыгынан каза болгону далилденди" деп айтып чыккан эле. Бирок кийинчерээк Садыркуловдун мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин жакындары кыйнап өлтүргөнүн тергөө далилдеп, сот чечими чыккан.
Ошондуктан "Мурда күмөндүү иштери белгилүү болгон кадрды эмне себептен кайра жооптуу кызматка дайындашты?" деп суроо салгандар арбын. Алардын бири - апрель окяларынан кийин башкы прокурор болгон Байтемир Ибраев:
- Ошондой чуулгандуу киши өлтүрүү фактысы боюнча катышы бар адамдар жоопкерчиликке тартылбай калганынын жыйынтыгы эми көрүнүп жатат. Мисалы, 2010-жылы "Садыркулов жол кырсыгынан каза болуптур" деп кылмыш ишин козгоп, коомчулукка улам улам жарыялап жатышпадыбы беле. Бирок ушундай туура эмес маалымат берген адамдар жазага тартылбай калып, эми кайра кызматка келип жатканы өкүндүрөт, - деди.
Табылды Матсаковдун дарегине айтылган бул сын пикирлерге анын өзү да, кыргыз өкмөтү да азырынча жооп кайтара элек.
Быйыл январь айындагы Бишкек ЖЭБиндеги авариядан соң аны жаңылоодогу коррупциялык иштер боюнча төрт кылмыш иши козголгон. Анын алкагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тей киши камакка алынды.