Декларация тапшырган мамлекеттик кызматкерлердин маалыматы чыныгы абалды чагылдырабы? Мүлкүн жашырып койгондорду ачыкка чыгаруунун кандай жолдору бар? Коррупция менен күрөшүүдө декларацияларды текшерүү натыйжасын берип жатабы?
“Арай көз чарай” талкуусуна Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов жана коррупция маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.
“Азаттык”: Мукай мырза, 2017-жыл үчүн канча мамлекеттик кызматкер декларация толтурушу керек эле, канчасы тапшырды? Өткөн жыл үчүн декларация тапшыруу жараяны мурдагы жылдарга караганда кандай жүрүп жатат?
Мукай Нусупов: 2017-жылы августта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапкан киреше каражаттары жана мүлкү, киреше-чыгашалары тууралуу декларацияларды милдеттүү түрдө тапшыруу боюнча" мыйзам күчүнө кирген. Ушул мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлерден декларацияларды кабыл алуу, сактоо, иликтөө жана талдоо милдети Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн. Мурда бул милдет Мамлекеттик кадр кызматында болчу.
Ушул кезге чейин мамлекеттик кызматкерлер эки декларация тапшырчу. Биринчиси - мүлкү жөнүндө, экинчиси - бирдиктүү салык жөнүндө. Дагы бир өзгөчөлүк - азыр мамлекеттик кызматкер электрондук түрдө эле декларациясын тапшырса болот.
Дагы караңыз УКМК: Зилалиевдин айлыгынан байлыгы көп2017-жылдын жыйынтыгы менен ушул жылдын 1-апрелине чейин бирдиктүү салык декларациясын 49 миңден ашык кызматкер тапшырды. Мыйзамга ылайык, 30-июнга чейин аткаминерге мурда берген декларациясына алымча-кошумча киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Ошондой мүмкүнчүлүктү жети миңден ашык кызматкер пайдаланды.
Мындан сырткары, 200гө жакын кызматкер декларация толтурбаганы, тапшырбаганы аныкталды: алар негизинен баласын багып өргүүдө жүргөндөр, чет өлкөгө окууга кеткендер болуп чыкты.
Чынын айтканда таптакыр декларация тапшырбагандар бирин-серин эле болду. Ал эми үч миңден ашык жаран декларацияны убагында бербегени аныкталды. Алар кимдер, кайсы мекемеден экенин Мамлекеттик салык кызматынын сайтына жарыялап койдук.
Эң негизгиси - Кыргызстанда жогорку саясий жана атайын кызматтарды ээлеп турган 146 адамдын, алардын жакын туугандарынын киреше-чыгашалары, мүлкү жөнүндө маалыматтарды да сайтыбызга жарыяладык.
Дагы караңыз Капчыктуу чоңдордун "калпы" чыгабы?“Азаттык”: Максат мырза, жарыяланган декларациялардагы маалыматтар Кыргызстандагы реалдуу абалды чагылдырабы? Чагылдырбаса ага эмне себеп болууда?
Максат Мамытканов: Биздин парламенттин бир топ депутаттары "үйүм, машинем жок, батир берип койгула" деп ыйлап жүрүшөт. Ошол эле учурда алар акча чачып Жогорку Кеңешке келгенин элдин баары билет. Жөнөкөй сөз менен айтканда алар тараптан эки жүздүүлүк болуп жатпайбы.
Кимдин канча реалдуу байлыгы бар экенин жөн эле билип койсо болот. Мамлекеттик каттоо кызматында, Мамлекеттик салык кызматында баары жазылуу турушу керек. Бизде баары чачыранды болуп жатат, бири-бирине дал келбеген маалыматтар чыгып калган учурлар көп. Кыргызстанда мамлекеттик органдар бул маселеде шайкеш иштебей жатышат. Ошондуктан бардык маалыматтарды бирдиктүү платформага алып келиш керек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык”: Мукай мырза, Коопсуздук кеңешинин жооптуу катчысы "тапшырылган декларациялардын тууралыгын кайрадан текшерип чыгабыз, туура эмес болсо жазасын алат" деп айткан. Жыйынтык кандай, текшерилип жатабы?
Мукай Нусупов: Азыр бул текшерүүлөр жүрүп жатат. Ушул күндөрү Мамлекеттик салык кызматы 146 мамлекеттик кызматкердин декларациясы боюнча документтерди прокуратурага жиберди.
Бизде айрым маселелер да чыгып жатканын айтсак болот. Мамлекеттик салык кызматы ондон ашык мамлекеттик органга, отуздан ашык банкка тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн кайрылууларды жиберди. “Банк сыры жөнүндө” мыйзамга таянып, дагы башка шылтоолорду айтып керектүү маалыматтарды бербей жаткандар бар. Айталы, 30 банктын ичинен 14ү гана биз сураган маалыматтарды берди, калганы “купуя сыр” деп беришкен жок. Он мамлекеттик органдын төртөө эле бизге жооп берди. Ошондуктан декларация тапшыргандардын ар бирин текшерүү, талдоо, талдоо биз үчүн өтө оор жана көп убакытты талап кылууда. Мисалы, 1992-94-жылдары аты-жөнү толук жазылбай эле “А.Иге кайсы бир мүлк же жер берилди" деген чечим чыккан. Айтылып жаткан “А.И” ким экендигин аныктап көрүңүз!
Максат Мамытканов: Кыргызстанда мамлекеттик кызматкердин байый турган эң биринчи жери – анын кызмат орду. Өзүнүн, жакындарынын декларациясында чоң мүлкү жана кирешеси жок, бирок бай жашаган мамлекеттик аткаминерлерди билебиз. Кызматкерге ошондой шартты, системаны түзүп, паракорчулукка жол берип койгон мамлекет өзү күнөөлүү. Мыйзам боюнча текшерүү жүргүзгөндө да бир топ опурталдуу жагдайлар бар. Чынын айтканда коррупция менен күрөшүүдө мамлекет түз жолго чыга албай жатат.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.