"Кагазда калган" миллиондор иликтенет

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жакында мамлекеттик казынага 700 миллион сом кайтарылганын билдирген.

Укук коргоо жана фискалдык органдар экономикалык жана кызматтык кылмыш иштерин ачуунун натыйжасында миллиондогон сом каражат кайрадан казынага кайтарылганын жарыялашты.
Бирок парламенттин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитети келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөгү тиешелүү органдардын берген отчетторунун чындыгынан шек саноодо. Ошондуктан комитеттин алдындагы депутаттык жумушчу топ аталган миллиондор бюджеттен сырткары каражат катары казынага кантип кириштелгенин иликтеп чыкмай болду.

Каражат каякка чыгымдалган?

Парламенттин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитети укук коргоо органдары өндүрүп, казынага кайтарган каражаттар боюнча иликтөө жүргүзмөкчү. Анткени эл өкүлдөрү миллиондогон сомдук келтирилген зыяндын орду толтурулганы боюнча жасалма отчеттор берилген деп шек санашат. Аталган миллиондор казынага кайтарылган болсо, анда ал каражат кандайча чыгымдалган деген суроо кабыргасынан коюлууда. Комитет жыйналышында өкмөт башчысынын орун басары Жоомарт Оторбаев өндүрүлгөн каражат тиешелүү бийлик органдарынын чыгымын жабууга бөлүштүрүлөт деп жооп берди.

Бирок парламенттин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев мындай жоопко ынанган жок:

- Биз бул боюнча өкмөт мүчөсүнө суроо берсек, так жооп бере алган жок. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура, каржы полициясы миллиндогон жана миллиарддаган сом каражат өндүрүлдү деп жар салышат. Бирок мына ошол отчеттордо чын эле ошончо акча түшсө, анда эмнеге ал каражат бюджетке түшүп, кайра бөлүштүрүүдө тиешелүү мамлекеттик органдардын чыгымын жабууга жептейт. Себеби бул жерде бардыгын кошкондо өтө чоң сумма келип чыгууда. Өкмөт болсо милициянын айлыгын көтөрүүгө каражат таппай жатат. Ошондуктан биз бул маселени кылдат иликтеп чыгууну туура көрдүк.

Жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында мамлекеттик казынага 700 миллион сом кайтарылганын билдирген. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын отчетунда өткөн он айдын жыйынтыгы боюнча бир жарым миллиард сомго чукул каражат өндүрүлгөнү көрсөтүлгөн. Прокуратура органдары болсо бети ачылган иштердин натыйжасында 500 миллион сомго жакын зыяндын орду толтурулганын жарыялашкан.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев быйыл ноябрь айына карата өндүрүлгөн каражаттын өлчөмү туурасында мына буларды билдирди:

- Мыйзамсыз жол менен табылган кирешелерге байланыштуу фактылардын бетин ачууда 71 милион 154 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Учурда анын ичинен 34 миллион сомдон ашуун каражатты мамлекеттик казынага кайтардык. Мындан сырткары козголгон кылмыш иштеринин натыйжасында 974 миллион сомдук кыймылсыз мүлккө камак коюлган. Тергөө бүтүп, сот чечимдери чыкса андан түшкөн каражат дагы казынага кайтарылат.

Өрчүп кеткен өнөкөт

Мамлекеттик казынага кайтарылды деп саналган миллиондогон сомдук каражаттын кайра кайда жумшалганы боюнча каржы министрлигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Министрдин орун басары Арзыбек Кожошев бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев кылмыш иштерин бетин ачуунун негизинде өндүрүлгөн каражатты чыгымдоонун жол-жобосу боюнча мына буларга токтолду:

- Мурда бети ачылаган кылмыш иштеринин негизинде укук коргоо органдары өндүргөн каражаттын 70 пайызы каржы министрлиги аркылуу мамлекеттик казынага түшүп, отуз пайызы мына ошол мекеменин атайын эсебинде калчу. Бирок ал каражаттар максатсыз жумшалат экен деген негизде өндүрүлгөн каражат толугу менен казынага түшө турган болуп калган эле. Анан эми бул жерде мына ошол акча бюджетке түштүбү, түшсө каякка жумшалды деген суроого жооп табылбай жатканы оор маселе. Анткени мыйзам бузуучулук боюнча кайсы бир кызмат адамы жооп берүүгө тийиш да.

Ошол эле кезде талдоочулар укук коргоо органдарында экономикалык жана кызматтык кылмыштардын бетин ачууда өндүрүлгөн каражаттын өлчөмүн ашыра көрсөткөн өнөкөт бар экенин белгилешүүдө. Парламенттин укук тартиби комитети бул жагдайды иликтеп чыгып, жасалма отчеттуулукка жол берген жетекчилердин жоопкерчилигин кароону көздөөдө.