Өрүкзар өксүп турат...

Апаз Жайнаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Баткен шаары, 10-октябрь, 2013.

Кыргыздын таланттуу уулдарынын бири, Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу Апаз Жайнаков дүйнө салды.
Апаз Жайнаков 9-октябрда узакка созулган оорудан каза болду. Залкар талант болгону 52 жашта эле.

“Кыргыз жери”, Өрүкзарга кетели”, “Бийге чакыруу”, “Булакта” сыяктуу керемет ырлары менен таанылган обончу боор оорусунан дүйнө салганы айтылууда. Түш ченде эл аралаган суук кабар далайлардын кабыргасын кайыштырып турду.

Бул кабарды укккан маркумдун чыгармачыл санаалаштары да ишенип-ишенбей, үшкүрүнө отуруп калды. Алардын бири, обончу Жолболду Алыбаев Апаз Жайнаков менен бир ай мурда эле Ош шаарында кездешкенин муңкана эскерди:

- Бизге дагы бүгүн кабар келип, кайгырып отурабыз. Ал кийинки кезде өзүнүн ден-соолугуна карап, ошол Баткенде эле жашап калган. Ошко тез-тез келип турар эле. Баткендеги театрды (облустук драма театр) түзүүчүлөрдүн бири эле да. Кечээ ооруканадан чыгарганын айтышкан. Бүгүн түшкө жуук кабар келди. Азыр Оштогу жакын санаалаштары чогулуп, акыркы сапарга узатууга барып келели деп турабыз. Өтө чоң жоготуу болду...

Апаз Жайнаков жумурай-журтка "Кыргыз жери" аттуу ыры менен кеңири таанылып, атак-даңкты да дал ушул чыгармасы алып келди. Бул чыгармасын студент кезинде, тээ 80-жылдары жаратса да 90-жылдардын башында гана элге жетип, кийинчерээк "элдик гимн" катары ырдалып калды.

Ошол “Кыргыз жери” чыгармасын "расмий эмес гимн" деңгээлине жеткирген Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова Апаз Жайнаков менен 1986-жылдан тарта иштешип калганын айтат:

- Ырларын карасам, көп сонун обондору бар экен. “Өрүкзарга кетели” деген ырын өзү катардагы эле бир ырындай ырдап жүргөн жеринен алдым да, Жапан жергесинен аранжировка жасаткам. “Кыргыз жерин” укканымда да өзгөчө жагып калды. Алгач комуз менен, андан соң оркестрге салып ырдадым. Агезде биздин көркөм кеңеш “Элдик ырларды ырдагыла, обончуларга кайрылбай эле койгулачы” дегендерине карабай суранып, анан оркестрге салып, ырдап чыккам. Мамилебиз жакшы болчу. Турмушуна тың эле...

"Кыргыз жериндей" патриоттук ыр жазса да, "Өрүкзарга кетелидей" лирикалык ыр жазса да угармандын жүрөгүнөн терең орун алган, өчпөй калган обондорду калтырып кеткен обончу Апаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунда төрөлгөн. Музыкалык билимди алгач Бишкектеги филармониянын эки жылдык студиясынан алып, кийин Бейшеналиева атындагы искусство институтунан өркүндөткөн.

Апаз Жайнаков өмүрүнүн көбүн кичи мекени Баткенде өткөрдү. Көп жыл райондук маданият үйүндө иштеди. 90-жылдардын орто ченинде Бишкекке келип иштеп, борбор калаада да бир аз жашап калды. Бирок иши жакшы болбоду, же өрүкзарын сагындыбы, кайра Баткенге баса берген. Ал жакта облустук музыкалык-драма театрды түптөп, 3-4 жыл аны жетектеди. Соңку жылдары Ош шаарына келип, Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетинде да иштеп жүрдү.

Музыка чөйрөсүндөгү инсандар Апаз Жайнаков аз өмүрүндө аз болсо да, саз ырларды жаратканын, кыркка жакын обону болгону менен баары жугумдуу экенин эскерип отурушат.

Маркумдун сөөгү 10-октябрда өзү көп жыл жашаган Баткен шаарында жерге берилди.


Апаз Жайнаковдун зыйнатынан сүрөт баян

Апаз Жайнаковду акыркы сапарга узатуу