Тажыматов: Парламентте сөзсүз оппозиция болушу керек

Жаңы коалиция түзүү демилгелери жана спикердин тегерегиндеги маселелер боюнча саясат талдоочу Санжар Тажыматов ой бөлүштү.
- Бүгүн спикер Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесин депутаттар карап жатышат. Анын жыйынтыгы менен Келдибеков кызматта калып калбай турганы чечилчүдөй. Бул маселенин так ушул мезгилде көтөрүлүшү эмнеден кабар берет? Бул канчадан бери топтолгон бир муктаждык беле, же саясий оюндун бир түрүбү, же орун талашуубу?

- Эми бул жерде белгилей кетчү нерсе, президенттик башкарууга караганда парламенттик башкаруу өзүнүн ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Себеби президенттик башкарууда ошол президенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин тигил же бул түзүмдөрдө, же кызматтарда өзгөрүүнүн болушунун ыктымалдуулугу азыраак.

Ал эми парламенттик башкарууда, тигил же бул саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша коалиция таркап, кайра биригип, жаңы коалиция түзүлүп тура берет. Мисалы үчүн, дүйнөлүк практикада Италияны ала турган болсок, эки айда отуздан ашык өкмөт, коалиция алмашкан учурлар болгон. Гиннестин китебине түшкөн мезгил болгон.

Бул парламенттик башкаруунун бир жагынан ийкемдүүлүгү, жакшы жагы, экинчи жагынан алып караганда кичине туруксуз жагы. Бул жаңы саясий маданият да. Менин оюмча, азыркы бизде болуп жаткан окуяларды парламенттик башкаруу формасынын маданиятынын калыптануу мезгилиндеги алгачкы кадамдар катары карасак болот.

- Бүгүн да Келдибековдун жактоочулары Алайда жол тоскону жатат. Кыргызстанда кызматтан алуу маселесине келгенде, ушундай митингдерди өткөрмөй адатка айланып калгансыйт. Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөнү менен саясий маданият алигиче калыптана электигин өткөн аптада орусиялык талдоочу Андрей Грозин да белгилеп кетти. Келдибековдун тарапкерлеринин митингге чыгышы канчалык жөндүү?

- Бул жакта саясий толеранттуулук маселеси да бар. Ошол жактоочулары чыгыш керек, бирок алар эрте чыгып алышты. Күтүш керек. Биринчи кезекте, спикердин жасаган иш-аракетин иликтеген комиссия канчалык адилеттүү тыянак чыгарат?

Эгерде далилдер боло турган болсо, комиссиянын тыянагына жараша иш болушу керек. Ал эми комиссия өзүнүн ишин аяктай электе, өзүнүн чечимин чыгара электе, мындай нерсеге барышы көбүнчө туура эмес.

Бир жагынан алып караганда, биздин шайлоочулар да жаңы шарттарга көнө элек, же болбосо ушул нерсеге өзүнүн конкреттүү позициясын иштеп чыга электигинин белгиси.

- Коалиция боюнча да сүйлөшүүлөр уланууда. Азырынча эки фракция коалиция кирүүгө даярдыгын билдирүүдө. Сонку жагдайларды эске алганда кандай курамдагы коалициянын түзүлүү ыктымалдуулугу жогору?

- Бул жерде кеңейтилген коалиция жөнүндө көп сөз болду. Менин оюмча, “Ата Мекен” фракциясынын пикири көбүрөөк прогрессивдүү болду. Алар беш фракция коалицияга кириши мүмкүн эмес, сөзсүз оппозиция болушу керек деп жатышат. Бул эң туура пикир деп эсептейм. Негизи парламенттин ичинде оппозиция болушу керек.

Саясий реформаларды, демократиялык реформаларды баштаган партиялар эми экономикалык реформаларда өздөрүнүн позицияларын көрсөтсө, ал нерсеге өздөрүнүн салымын азыраак кошкон, же кошпогон партиялар оппозицияга кетсе мыйзам ченемдүү болот эле. Айрыкча Кыргызстан үчүн...

- “Ата-Журт” лидери Камчыбек Ташиев эгер коалицияга кирбей калышса, бардык күчтөрдү бириктирип, бирдиктүү оппозиция түзүлөрүн кабарлап жатат. Конструктивдүү оппозиция кандай болушу керек?

- Эми конструктивдүү оппозиция дегенде, мисалы үчүн жаңы түзүлгөн өкмөт, жаңы түзүлгөн коалиция тышкы саясат болобу, ички саясат болобу, тигил же бул маселени чечүүдө өзүнүн ой-пикирин айтат. Аны ишке ашырууда өздөрүнүн аракетин жасайт. Ал эми конструктивдүү оппозиция өзүнүн жаратман идеясын бериши керек. Мисалы, билим берүү тармагында кандайдыр бир реформа боло турган болсо, ошол нерсенин туура эмес жактарын сындап, мындай кылса туура болмок деген сунушун айтышы керек.

- Маегиңизге рахмат.