Кышкы камылга көңүл жылытпайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кышта үшүбөй чыгуу үчүн Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр жагат. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Азыр анын жарымына жетпегени гана даяр болду. Калганын өкмөт жазга чейин казып бүтүрүүнү мерчемдеп жатат. Бишкектеги кампалар кара отундун жетишсиздигин, Кара-Кечеден көмүр олку-солку ташылып жатканын айтышууда.