Бекманбетов: Цирктин келечегине ишенем

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз мамлекеттик циркине директор болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул дайындоо менен өздөрү сунуш кылган талапкер дайындалбаса иштен кетебиз цирк кызматкерлерин ынтымакка чакырып, материалдык кызыкчылыктардын кагылыш очогуна айланган циркти кайрадан искусство жайына айлантуу милдетин алдыга койду. Киноискусство жана акындык өнөр тармагында иштеп, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болгон кадр ал милдетти аткара алабы? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна цирктин жаңы дайындалган директору Фархад Бекманбетов жооп берди.