Кыргыз комедиясы же «Жора менен Гуля»

«Жора менен Гуля» тасмасында Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбеков экиден роль аткарды.

Тамашоучулар Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбеков (режиссёр, сценарист) сунуштаган жаңы «Жора менен Гуля» комедиясы кинотеатрларга чыкканына бир ай боло элек.

Бул аралыкта береги тасма жетиштүү көрөрман чогултуп, дээрлик жакшы пикир угууга жетишти.

Ошентсе да, аял кишинин ролун эркек аткарганын сынга алып, муну «токсонунчу жылкы стиль» же «трансвеститтик фильм» деп атагандар да болду. «Уят эмеспи» дегендер да чыкты.

Соңку келтирилген өңүттө ойлорун жазгандар албетте, массалык түрдө эмес. «Твиттерде», «Инстаграмда» гана ушундай мааниде азыноолак комментарийлер болду. Бирок ушунун өзү деле аталган маселени талдап алууга мажбурлайт.

Арийне, сахнада кыз-келиндердин бейнесин эркек киши ачып берген учур театр жаңы түптөлүп жаткан доордо, Шекспирдин заманында деле болуптур. Жапон маданиятында бул тажрыйба мурдатан эле болгон тура. Кино дүйнөсүндө болсо үнсүз (немое кино) фильмдердин доорунда башталыптыр. Тагыраагы «бул өнөрдү» айтылуу Чарли Чаплин («Дүрбөлөңдүү күн», «Шаан-шөкөттөгү беткап», «Аял») экранга киргизген экен.

Ошондон тартып аялдардын ролун эркектер аткара калмай кинодо кез-кезде орун алып турат жана көп мезгилде жакшы эле дүң болуп келген. Мэрилин Монро башкы ролду аткарган «Жазда жалаң кыздар» фильминдеги Тони Кертис менен Жек Леммондун ролун эле алалы, кандай сонун ачылган.

Голливудда алардан башка Робин Уильямс («Миссис Даутфайр»), Арнольд Шварценеггер («Жуниор»), Жеки Чан («Шаардык аңчы»), Жон Траволта («Чач үчүн лак»), Том Хэнкс («Антташкан достор»), Роберт Дауни-кичүүсү («Шерлок Холмс: Көлөкөлөр оюну»), Адам Сэндлер («Ар башка эгиздер»), Жим Керри («Аферисттер Дик жана Жейн»), Мартин Лоуренс («Чоң аялдын үйү») деги койчу, ар экинчи болбосо да, үчүнчү актёр аялдардын ролун аткарган.

Советтик кинодо Александр Калягин («Саламатсызбы, мен сиздин эжеңизмин!»), Георгий Милляр («Василиса сулуу», «Морозко», «Өрт, суу жана … жез түтүктөр» , «Алтын мүйүз» - Жез кемпирдин ролунда), Андрей Миронов («Иттен башка кайыктагы үч адам»), Савелий Крамаров, Евгений Леонов, Георгий Вицин («Ийгилик жентлмендери») аттуу белгилүү актёрлер аялдардын ролунда ойногон жайы бар. Азыркы орус киносунда да актрисалардын «милдетин» аткарган актерлор аз эмес.

Казакстанда шоумен Нуртас Адамбаев «Сабина келинчек» фильминде айылга түшкөн шаардык келиндин бейнесин ачып берип, канча күйөрман топтоду?

Кыргыз шоу-дүйнөсүндө болсо токсонунчу жылдардагы интермедияларда Мерген Тургандын образынан башталып, «Чоң адамдар», «Жарайт сити», «Эл эмне дейт?» долбоорлорунда, эми келип «Жора менен Гуля» фильминде эркектер аялдардын ролун аткарып жатат.

Биз кеп кылып жаткан «ыкма» кинодо көбүнчө ырайы суук аялдардын ролун аткарууда же аялдардын айрым кыял-жоругун ашкере сүрөттөш үчүн колдонулуп келет. Биринчиси аялдарды кемсинтпеш үчүн болсо, экинчиси салыштыруудан улам күлкү жаратуу максатын көздөйт.

Карама-каршы жыныстагы адамдын образын ачуу чоң чеберчиликти талап кылат жана оңой жумуш эмес. Мындай милдетти таланттуу актёр-актрисалар гана аткара алат.

Ошол себептүү Самат Эркинбековдун Гуляны аткарганын, Кубаныч Курманбековдун Зуураны аткарганын эрдик деп атабасак да, азаматтык деп койсок болот. Ал эми алардын комедиялык образын түшүнө албагандар, балким табити башкачалыгынан же диний-социалдык стереотиптик түшүнүктөрүнөн улам болушу ыктымал.

Бирок жогоруда белгилегендей, көпчүлүк жаштарга «Жора менен Гуля» фильминдеги образдар жакты. Буга тасманын кадимки эле вайндан кино катары өсүп чыкканы да себеп болду. Анткени аталган эки каарманды Интернет колдонуучулар «Youtube», жана соцтармактардан көрүп, таанып келишкен.

Тасманын артыкчылыгы катары да, так ошол вайндардагы Гуля менен Жоранын баяны (история), образы сакталып калганын жана тасмадагы окуялардын турмушка жакындыгын атаса ашыктык кылбайт.

Маселен, мурда ушундай эле вайндан киного айланган «Чала спортик» фильминде башкы каарманды кайдан-жайдан эле Малайзияга жөнөтүп, бере турган идеясын бузуп алышкан.

Ал кинону жаратуучулар шылтоо менен чет жакка чыккысы келгенби же башкача ойду бергиси келгенби, айтор белгисиз. Андан көрө ошол «чала спортик» образдын келип чыгышын (становление личности) эле ачып беришсе болмок (ошентсе да «Чала спортик» көп акча жыйнаптыр дейт).

Ал эми «Жора менен Гуляда» типтүү, орточо жашаган кыргыз үй-бүлөсү - акчасы «Аудиге» араң жеткен таксист, цехте иштеген эже, той-пой машакаттары жана башка, биздин айланабыздагы эле окуялар камтылган. Ал тургай реалдуу «Сентябрь», «Апрель» телеканалдарына шакаба катары, кинодогу телеканал да «Февраль» деп аталганы күлкү тартуулайт.

Негизги сюжеттик линия дагы азыр кадам сайын учураган финансылык пирамида же тор соода (сетевой маркетинг) жөнүндө уланат. Бул бизнеске азыр айылдагы апалардан баштап студент, мамкызматкер, ишкер, ал тургай ырчы-чоорчуларга чейин илешип, соңунда алданып калган мисалдар толтура эмеспи. Мына, жакында эле «Кеңеш» тобунун ырчылары миллион сомун «торчуларга» алдатып жибергенин айтып чыкпады беле?!

Ушул өңүттөн алганда кино коммерциялык экенине карабай керектүү ойду (посыл) бере алыптыр. Анын жаратуучулары, искусствонун тили менен «мээңер болсо финансылык пирамидага кошулбагыла» деп эле айтышыптыр. Мыйзам тыюу сала албаган көрүнүш менен күрөштө муну адатта журналисттер айтып келчү, кино ошого кошумча болуптур.

Албетте, кинодо жетиштүү берилбей калган ньюанстар да бар. Анын ичинде тергөөчүнүн, терс каармандын аракеттери көп түшүнүксүз, деталдаштырылган эмес. Комедиялык образдар да жетишпейт. Башкы төрт каарманды, анан цехтеги бир жигитти эске албаганда, калганы бүт олуттуу кинодогу, билбейм, криминал же драмадагы каармандар.

«Арноо концертинин» алып баруучулары Бактыбек Мамытов менен Гүлшан Молдоеванын артисттик чеберчилигине эч ким шек келтирбейт. Бирок алар салабаттуу үнү кинокомедияны олуттуу кылып салгандай. Менимче, комедия катары баш каармандардын балдарын, цехте иштегендерди, акча берген аялдарды, тор сооданы уюштургандарды, терс каармандарды, кудаларды да күлкүлүү образ менен беришсе жакшы болмок.

Тилдик жагынан да башка кыргыз кинолорундагыдай кемчилик байкалат – диалогдор же орусча эмес, же кыргызча эмес. Сөз жок, азыркы шартта кээ бир ойлорду орусча айтпасаң жеткиликтүү болбогондой сезилет. Бирок ошентсе да фильм жаратуучулар тилди бузбай, чыгармасын же жалаң орусча, же жалаң кыргызча бергени оң. Айрым сөздөр кыргызча сиңбесе биз, журналисттер жана киночулар ошону коомчулукка сиңиширибиз керек деп ойлойм.

Жалпы жонунан «Жора менен Гуля» тасмасы ашыкча баш оорутпай, жөн эле көңүл ачуу үчүн көрүүгө арзыйт.

Ал эми сиздин пикириңиз кандай?

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.