Кыйырга таанылган «Кыргыз керемети»

Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасы

17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. "Азаттык" улуттук майрамга айланган бул күнү "Кыргыз кереметинин" альбомун бир сыйра барактап чыкты.

Советтер Союзунда кино күнү 27- августта өтүп келген. Буга советтик доорду түптөгөн В.Лениндин декрети негиз болгон. Анда 1919-жылдын 27-августу совет киносунун жаралышы деп белгиленген.

Эгемендик алгандан кийин 1994-жылы 13-сентябрда кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Кыргыз киносунун күнү 17-ноябрга жылган. Себеби, 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, алгачкы жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган.

Кыргызстанда алгачкы толук метраждуу кыргыз тасмасы 1927-жылы тартылып, “Жабык араба” деп аталган. Бул фильмде кыргыздын алгачкы актрисасы Айша Түмөнбаева баш каармандын ролун ойногон. Айша Түмөнбаева кыргызга аттын кашкасындай таанымал окумуштуу, тилчи Кусейин Карасаевдин өмүрлүк жары болгон.

1955-жылы - «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» аттуу көркөм фильмин тарткан.

Анда Салтанат аттуу жаш келиндин күчтүү эрки, кыргыз совет коомундагы аялдын ролу чагылдырылат. 63 жыл мурда экранга чыккан тасмада баш каармандын образын актриса Бакен Кыдыкеева жараткан. Андан тышкары Сабира Күмүшалиева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова ж.б. белгилүү инсандар тартылышкан.

Сүрөттө: "Салатанатты" тарткан чыгармачыл топ.

1963-жылы Юрий Гагарин космоско учуп келгенден кийин “Кыргызфильм” киностудиясында балдар үчүн “Космонавттар көчөсү” деген жаңы тасма тартылган.

Тасманы москвалык режиссер Марианна Рошал, экинчи режиссеру Бекеш Абдылдаев тартып, сүрөтчү-коюучусу Кыргыз эл артисти Сагынбек Ишенов болгон.

Киночулар бул кино жөн эле мода эмес, советтик жаштардын рухун көтөргөн чыгарма болгонун белгилеп келишет.

Быйыл "Биринчи мугалим" тасмасы тартылганына 53 жыл толду. Фильмди атактуу кинорежиссер Андрей Кончаловский жыйырма эки жашында тарткан. Кезинде тасма ошол доордогу мамлекеттик идеологиянын эки ача пикирине кабылып, чоң талаш-тартыш менен экранга чыккан.

Адистердин айтуусунда, “Биринчи мугалим” тасмасы жаш режиссер Андрей Кончаловскийге ак жол ачып берсе, Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиевдин жылдызын жандырган.

* Тасма 1966-жылы Венециядагы эл аралык кинофестивалынын «Волпи» кубогун, аял оюнун мыкты жаратканы үчүн Наталья Аринбасарова жеңип алган.

* 1966-жылы Рим шаарында өткөн II Эл аралык кинофестивалда "Капитолий Юпитер" сыйлыгын алган.

Төлөмүш Океев 23 жашында тарткан “Бакайдын жайыты” көркөм фильми 1966-жылы экранга чыккан. Режиссер эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган бул фильмдин сценарийин адабиятчы, сценарист Кадыркул Өмүркулов менен чогуу жазган.

Тасманын сценарийи Москвадагы кино чөйрөсүн тейлеген жетекчилерге жакпай калып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун колдоосу менен айрым жерлери оңдолуп тартылган.

Тасмада ата-бабасы илгертен жашап келген жерди таштап, көчүүгө муктаж болгон адамдардын жашоосу баяндалат. Заманбап доордун келиши менен улуттук баалуулуктардын унутула баштаганын камтыган терең маани жатат.

"Бакайдын жайыты" фильминде кыргыз театрынын дөө-шаалары Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов менен бирге 10 жаштагы Насирет Дубашев тартылган.

Тасма бир нече сыйлыктарды жеңип алган.

Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде кыргыз режиссеру Геннадий Базаров 1967-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында фильм тарткан.

Фильмдин сценарийин Чыңгыз Айтматов менен Игорь Таланкин жазган. Толгонайдын ролун актриса Бакен Кыдыкеева аткарган. Анын жаш чагын Таттыбүбү Турсунбаева ойногон.

Бул 24 жаштагы Геннадий Базаровдун ВГИКти бүтүп жаткандагы дипломдук иши болгон. Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образынан кийин СССРдин Эл артисти наамын алган.

Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган.

"Ак-Мөөр" режиссер Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгондуктан атайын каражат бөлүнгөн эмес. Ошого карабай элдин сүйүүсүнө татыган чыгарма жаралган. Башкы ролдорду Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев жана Муратбек Рыскулов ойногон.

"Караш-караш" фильми казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде тартылган.

Режиссеру Болот Шамшиев. "Кыргызфильм" жана "Казакфильм" биргеликте тарткан фильмде баш каарманды Сүймөнкул Чокморов ойногон. Бул үчүн эркектин ролун мыкты аткарганды үчүн диплому менен сыйланган.

​"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында Ысык-Көлдөгү эски феодалдык бийлик кулап, социалдык бийлик али күчүнө кире элек мезгил, апийим өстүрүүнүн күчөгөнү жана анын аткезчилигине каршы күрөш сүрөттөлөт.

Аткезчилерге каршы күрөшкөн адамдын сүйүүсү да чагылдырылып, акыр түбү чындык, акыйкат жеңет деген түшүнүк берилген.

Режиссер Болот Шамшиев тасманы 1972-жылы тарткан. Анда Сүймөнкул Чокморов, Борис Химчев, Айтурган Темирова ж.б. актерлор ойногон.

Совет бийлиги жаңы орногон кезде аялдардын эркиндиги үчүн күрөшкөн Уркуя Салиева тууралуу "Отко таазим" көркөм тасмасынын премьерасы 1972-жылы 14-февралда болгон.

Анын сценарийин жазуучу Насирдин Байтемиров менен кинорежиссер Төлөмүш Океев биргеликте жазган. Башкы ролдорду Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев, Сабира Күмүшалиева ж.б. актерлор ойногон.

"Көчө" тасмасы 1972-жылы Токтогул ГЭСи жаңы гана курула баштаганда тартылган.

"Көчөнүн" сценарийи Мурза Гапаровго таандык. Режиссеру Геннадий Базаров.

Тасмада ГЭС курулган кезде көчүрүлгөн айылдын жашоочулары, алардын жашоосу юмор менен берилген. Чоро Дубанаев, Мамлакат Кылычева, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов ж.б. белгилүү актерлор тартылган.

"Мен Тянь-Шань" 1972-жылы "Мосфильм" киностудиясы тарабынан тартылган.

Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде режиссер Ирина Поплавская тарткан тасмага Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Назира Мамбетова ж.б. тартылган.

"Ак кеме" киносунун сценарийин Чыңгыз Айтматов менен режиссер Болот Шамшиев биргелешип жазып чыккан. 1974-жылы 600 миң рубль бөлүнүп, Көлдүн Чоң-Жаргылчак деген жеринде тартыла башталган. 1975-жылы ноябрь айында Бишкектеги спорт сарайында премьерасы өткөн.

Тасма 1977-жылы өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда Гран-прини жеңген. Ч.Айтматов, Б.Шамшиев, оператор М.Мусаев - "Ак кеме" үчүн бүткүл союздук мамлекеттик сыйлык алышкан.

Тасма ушул эле жылы Италияда өткөн фестивалда эки сыйлык алган.

1980-жылы тартылган "Алтын күз" көркөм тасмасынын режиссеру -Төлөмүш Океев.

Тасманын сценарийин Мар Байжиев жазган.

Тасмада кырк жашка чыккан журналисттин ишин таштап айылга кеткени, ал жактан өзүн тапканы баяндалат. Бул тасма үчүн Төлөмүш Океев 1981-жылы Вильнюста өткөн Бүткүл союздук 14-кинофестивалда заманбап теманы алып чыкканы үчүн деген сыйлыкка татыган.

"Бөрү зындан" эки сериядан турган криминалдык-драма. Режиссеру Болот Шамшиев.

Башкы ролду советтик киноактер Талгат Нигматулин ойногон. 1984-жылы "Кыргызфильм" телестудиясы тарабынан экранга чыгарылган. Анда Самат аттуу каармандын криминалдык чөйрө менен күрөшү чагылдырылат. Тасманы прокат учурунда 21 млн. 400 миң адам көргөн.

"Ак илбиристин тукуму" 1984- жылы «Кыргызфильм» студиясында тартылган. Сценарийин Мар Байжиев тарткан.

Режиссер Төлөмүш Океевдин бул тасмасынын бет ачары 1985-жылы апрель айында болгон. Кинону көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.

1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган. 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.

Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдары кыргыз киносу каражатка байланыштуу мурдагыдай тартылбай калган.

Бирок 2000-жылдардын ортосунан тарта "Кыргыз керемети" жанданып, ар кандай жанрдагы фильмдер чыга баштады. Айрымдары эл аралык сыйлыктарды жеңип да жүрөт.

"Курманжан датка" тасмасы 2014-жылы жарыкка чыккан. Алай ханышасы тууралуу тасма бир катар эл аралык сыйлыктарды алды. Режиссер Садык-Шер Нияздын бул фильми үчүн мамлекеттик казынадан акча бөлүнгөн.

"Сүтак" - 2016-жылы "Ника" сыйлыгын алган алгачкы кыргыз тасма. Режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан бул фильмге “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамы берилген.

Ушул эле жылы "Атанын керээзи” көркөм тасмасы эл аралык Монреал киносынагында “Алтын карек” баш байгесин утуп алган.

2017-жылы экранга чыккан Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы бир нече сыйлыкка татыган.

Режиссер Темир Бирназаров тарткан "Түнкү кырсык" көркөм тасмасы 2018-жылы АКШнын "Алтын глобус" сыйлыгына ат салышкан. Кинематография департаменти аталган фильм "Мыкты чет элдик фильм" номинациясында сынактын узун тизмесине киргенин кабарлаган. Тасма 2019-жылы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Ушул эле жылы "Түнкү кырсыкта" ойногону үчүн актер Акылбек Абдыкалыков Өзбекстандагы "PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалында "Мыкты актер" наамына татыктуу деп табылган.

"Түнкү кырсык" тасмасы.

Ушул эле фестивалда "Мыкты актриса" номинациясы да кыргызстандык Мадина Талипбекке ыйгарылганы кабарланган.

Мадина кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасында Аселдин ролун жараткан.

Башкы каармандарды ойногон артисттер - Адиз Ражапов жана Мадина Талипбек.

Фильм Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” ("Кызыл жоолук жалжалым") повестинин негизинде тартылган.

Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролуна өзбекстандык актерлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролуна кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы тандалган.

Фильмдин сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру - өзбекстандык Сарвар Каримов.

2018-жылы кыргызстандык көрүүчүлөргө режиссер Руслан Акундун “Көк-бөрү” тасмасы да тартууланган. Кинодо баш каармандын ролун казак актеру Асылкан Төлепов ойногон.

2020-жылы пандемияга байланыштуу кино тармагы бир топ чыгым тартты. Коронавирус табылган март айынан бери өлкөдөгү бардык кинотеатрлар жабык турат.

Мындан улам айрым тасмалар көрүүчүлөргө Интернет аркылуу жете баштады. Мисалы, кен казуу тармагындагы коррупция тууралуу баяндаган «Мекен» тасмасынын бет ачары 31-июлда «YouTube» каналында болгон.