“Биринчи мугалим" - түркүн тагдырлар топтому

Маркум актер Болот Бейшеналиев Дүйшөндүн ролунда.

Быйыл "Биринчи мугалим" тасмасы тартылганына 50 жыл толду. Аталган фильмди атактуу кинорежиссер Андрей Кончаловский жыйырма эки жашында тарткан. Кезинде тасма ошол доордогу мамлекеттик идеологиянын эки ача пикирине кабылып, чоң талаш-тартыш менен экранга чыккан.

1965-жылы аталган тасманын "Ала-Тоо" кинотеатрында болуп өткөн бет ачарына катышкан, белгилүү монтажчы-режиссер Ракыя Шаршенова фильмди ошол замандын алгачкы көрүүчүлөрү кандай кабыл алганын айтып берди:

- Ошол кезде залда отурган көрүүчүлөрдүн дээрлик баары фильмден өзүнүнүн тагдырын көргөн. Мен алар бири-бири менен “мен да балдарга сабак бергем, куду ушу Дүйшөн сыяктуу болгону тамганы гана билчүмүн” же “бизди да ушу Дүйшөн сыяктуу мугалим окуткан”- деп отурганын өз кулагым менен уккам. Кийин ал фильм элдин жүрөгүнөн орун алып, жакшы бааларга татыды.

Буга улай Ракыя Шаршенова “Биринчи мугалимди” ошол кездеги талантуу, жаш режиссер Андрей Кончаловскийдин тартып калышына “Кыргызфильм” киностудиясынын ал учурдагы директору Шаршен Усубалиев себепчи болгонун да айта кетти:

- Ал ар бир жылы Москвадагы ВГИКтен кино тартканга мыкты адистерди жөнөтүүнү өтүнчү. Ошондо да жогорку окуу жайды жаңы бүтүп жатышкан Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловскийди, кинооператор Георгий Рербергди чакыртып келген. Алар келип биринчи дипломдук жумуштарын биздин “Кыргызфильмде” тартышкан.

Шаршенова мындан сырткары, “Биринчи мугалим” кезинде тасмадагы айрым ачык эпизоддор үчүн Мамлекеттик кино менен Компартиянын узакка созулган талашына кабылып, акыры Чыңгыз Айтматовдун кадыры жана режиссер Андрей Кончаловскийдин атасы Сергей Михалковдун коргоосунун артында гана экранга чыгууга мүмкүнчүлүк алганын белгиледи.

Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева “Биринчи мугалим” тасмасынын тарыхына токтолуп жатып, аны башында казак режиссери Султан Ходжиков тартмак болгонун, тасманын долбоору алгач “Шуулдаган теректер” деп аталганын айтып берди:

- Кийинчерээк эмнедегедир ал тасманы Султан Ходжиков тартпай, долбоор Андрей Кончаловскийге сунушталып калган экен. Мындан улам чыгарма менен тасма сюжетинин ортосунда кандайдыр бир айырмачылыктар пайда болгон. Башында ал фильм “Шуулдаган теректер” деп аталмай болгон деп атпайымбы. Эстесеңер, Айтматовдун повестинде Алтынай менен Дүйшөн теректерди отургузушат. Ал эми “Биринчи мугалим” тасмасы бүтөрүндө Дүйшөн айыл ортосунда турган жалгыз теректи кыят. Албетте, мектеп курам деген жакшы ниет менен деңизчи. Бирок чыгарманын өзөгүндө мындай жок. Негизи эле Дүйшөн кыргыз фильминдеги эң трагедиялуу каарман.

Төлөмүшеванын айтуусунда, тасмада Айтматовдун чыгармасында айткан бир гана идеясы берилген, ал - жаңы муунду тарбиялоо, тактап айтканда, Дүйшөндүн Алтынайды башка шаарга окууга жөнөткөнү.

Буга улай Төлөмүшева жаңы тасма дүйнөгө чыккан учурда башкы ролдогу Наталья Аринбасаровага Венецияда өткөн 27-эл аралык кинофестивалда аялдын мыкты ролун жаратканы үчүн "Вольпи" кубогу ыйгарылганын айтты. Маектешибиздин баамында, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими” Андрей Кончаловскийден даңазалуу кинорежиссер феноменинин өсүп чыгышына секирик болгон:

-Мурдагы постсоветтик өлкөлөр арасында Андрей Кончаловский эң таланттуу режиссер. Ал музыкалык да билим алган. Ошол эле учурда жашында жапон режиссеру Акира Куросаванын чыгармачылыгына кызыкканы да бекер эмес. Кончаловский чынында бийик интеллектуал. Негизи өзү интеллигенттердин үй-бүлөсүнөн чыккан. Анын мындай тарбияда чоңоюшуна апасы Наталья Петровна Кончаловская түрткү болгон. Ошондуктан өзү режиссер катары ар бир тасмасында жөнөкөй, бирок күчтүү аялдын образына басым жасаганын байкоого болот. Бул анын феномени.

Адистердин айтуусунда, “Биринчи мугалим” тасмасы жаш режиссер Андрей Кончаловскийге ак жол ачып берсе, Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиевдин жылдызын жандырган. “Биринчи мугалим” менен чоң атак-даңкка жеткен Аринбасарова кийин Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин негизинде тартылган тасмада Жамийланын ролун аткарган.