Соңку жылдары кыргыз киночулары бир катар мактанарлык ийгиликтерди жаратып, бул тармак жандана баштаганы байкалат. Акыркы ийгиликтерге токтолсок, мамлекет казынасынын каражатына тартылган, Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тарыхый тасмасы бир топ эл аралык фестивалдардан байгелүү кайтты.
Быйыл режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы Чехияда өткөн 50-эл аралык кинофестивалда “Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жетип, кийин дагы бир нече эл аралык фестивалдарда байгеге илинди. Кино тармагындагы эң абройлуу сынактардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жаш режиссерлор Асел Жураева, Чолпонай Бөрүбаева, Кымбат Адылбекова, Аманбек Ажымат, Нурсултан Станалиевдин даректүү тасмалары эл аралык фестивалдарга катышууда. Быйыл Түштүк Кореяда жарык көргөн Азиянын эң мыкты 100 тасмасы аттуу китепте кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын 1998-жылы тартылган “Бешкемпир” тасмасы кирген. Мындан тышкары китепте азиялык эң мыкты 100 режиссердун да аты аталган. Алардын арасында кыргыз режиссерлордон Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалпылай атканда акыркы учурда Кыргызстанда кино тарткандар арбын. Коммерциялык багытта тарткан кинолордун дагы сапаты жакшырып, көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзыган тасмалар пайда болду. Айрымдары жеке компанияларын түзгөнгө да жетишип, аз убактын ичинде Бишкекте 20га жакын жеке кино компания пайда болду. Мунун натыйжасында акыркы 14 жыл аралыгында тасма артынан тасма тартыла баштады. Белгилүү кино ишмерлери кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатында 2012-жылы “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын негиздешкен.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.