Тасмада жогорку окуу жайын аяктаган Акыл өзүнүн досторуна кеңеш салып, айылга шаарда өскөн балдар үчүн лагер уюштурууну сунуш кылат:
"Азыр шаардагы ата-энелердин проблемасы эмне? Балдары эрке, тил укпайт. Дайыма смартфон чукулап отурат, туурабы? Жада калса элементардык эне тилибиз менен маданиятыбызды билбейт го. Биз бир гана математика же англис тилин үйрөтүп жаткан жокпуз да, туурабы? Аларга өзүбүз билген кыргыз тилин, улуттук салттарды, чүкө ойногонду үйрөтүп жатпайбызбы. Эң башкысы бул жерде өзгөчө адистик даярдыктын кереги жок".
Ошентип демилгечи жаштар жаңы нуктагы балдар лагерин ачууга белсенет. Анткен менен башында айыл жашоосунан алыс өсүп калган балдарга ыңгайлуу шарты жок, телефон тартпаган аймактагы эс алуу үйү жакпай жатты. Ал тургай кыргыздын ырлары, эне тили, улуттук маданияты да кызыктырбай турду. Бирок бара-бара жылкыдан корккон балдар ат мингенге кызыгып, кыздар топ таш ойноп, уй сааса, балдар чүкө, ордо, тогуз коргол ойноп, театр күнү спектаклдерден үзүндүлөрдү аткара башташты.
Тасмада башкы ролдорду теле алып баруучу Эркин Нурбаев, буга чейин "Биртууганчик", "Апамды издеп" жана башка фильмдерде комедиялык образдарды жаратып келген актерлор Жеңиш Майрамбек уулу менен Эмил Эсеналиев ойногон.
Таланттарды күткөн кыргыз киносу
Таланттарды күткөн кыргыз киносу
Бүгүнкү күндө кино тармагында актерлор тартыш. Кино ишмерлери айрыкча башкы каармандын образын жарата турган жаш актерлор жана абышкалардын образын жарата турган улуу муундагы актерлорду табуу кыйын экенин айтышат.
Фильмдин негизги каарманынын ролун аткарып, лагердин уюштуруучусунун жана жетекчисинин образын жараткан Эркин өзү үчүн балдар менен иштешүү кандай таасир эткенин кеп кылды:
- Бул тасмада балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиле татаалдашып кеткен учурлар бар экенин, өзүбүздүн тамырыбыздан алыс кеткенибизди чагылдырганга умтулдук. Чындыгында балдар менен иштешүү жеке мага чоң рахат тартуулады. Себеби балдардын жан дүйнөсү, калыптанышы, алардын кыял-жоругу биз үчүн күзгү. Мисалы, аларга кадр сыртында кандай мамиле кылсаң, тасмада образ жаратып жаткан учурда ошол мамилеңдин жыйынтыгын аласың. Менимче, бул жерде биздин жамаат ич ара тил табышып кете алды.
Нурбаев тасманын сценарийи боюнча лагерде эс ала турган балдар эне тилин билбеген, элет жашоосу, улуттук оюндар менен тааныштыгы жок өспүрүмдөр болушу керек болгонун, иш жүзүндө тандалган балдар чынында эле өз образдарына төп келгенин, бул жаш артисттердин өздөрү үчүн да жагымдуу болгонун белгиледи.
Балдардын образын жараткан кичинекей артисттер - жети жаштан он беш жашка чейинки жеткинчектер. Алардын бири 14 жаштагы Элдана Бактыгул киного тартылуу учурунда курдаштары менен бирге кызыктуу жагдайларга туш болгонун кеп кылды:
- Биз аябай көп нерсени үйрөндүк. Башында курбубуз Миландын ат чапкан жерин "дублер менен тартабыз" дешкен. Бирок Милан биринчи жолу ээрге отурары менен эле атты өзү чаап кетти. Баарыбыз таң калып калдык. Себеби ал ага чейин такыр ат минген эмес экен. Ат чабышты тартыш үчүн Кеминге барганда Милан төрөлгөндөн баштап ат жалында чоңойгон жергиликтүү балдар менен теңата чабандес болду. Бул чынында өтө зор эрдик. Менимче, Миландын ата-энеси бул окуя менен сыймыктанат болушу керек. Мындан сырткары биз буга чейин курбуларым менен "Беш таш" аттуу оюн бар экенин уккан эмеспиз. Балдар болсо чүкө ойногонду үйрөнүштү.
Элдана "чыныгы турмушта да шаардык балдарга айылдын жашоосун көрсөткөн лагерлер болсо сөзсүз барып эс алмакмын" дейт.
Фильмдин бет ачарына катышкан режиссер-сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов эгемендик жылдары кыргыз тасмалары негизинен студенттерден жогорку курактагы көрүүчүлөргө гана багытталып тартылып келгенин, бул жолу балдарды да кинотеатрга тартууга аракет болгону жакшы жөрөлгө экенин белгилейт. Анткен менен адистин пикиринде, фильмде негизги эпизоддор үстүртөн көрсөтүлүп калган:
- Тасманы тартууда Голливуд кинолорунда пайдаланылган кээ бир ыкмалар бар экени сезилди. Мисалы, кыска-нуска юморлор Голливуд тасмаларында көп колдонулат. Бул картинаны жаратууда ошол ыкманы өздөштүргөнгө чоң аракет кылышкан экен. Мен негизи кыргыздан салт-санаасы, тили, улуттук оюндары мындан да көбүрөөк берилет деп күткөм. Мисалы, койдун этин устукандоо мындан да даана көрсөтүлөт го дегем. Бирок бир аз үстүртөн болуп калды. Антсе да ошол каада-салтыбыздын эске салынып жатканы көңүл сүйүнтө турган нерсе.
"Айыл кэмп" комедиясы Жеңишбек Майрамбек уулунун дебюттук тасмасы. Фильмдин продюсери - теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков. Уюштуруучулардын айтымында, тасма учурда өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат.