Чылым соодасына каршы мыйзамдын чыгымы

Иллюстрация

Парламент депутаттары социалдык мекемелердин жанында тамеки сатууга тыюу салууну сунуштоодо.

Эл өкүлдөрүнүн чылым сатуу эрежесине байланышкан сунуштары Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык иштелип чыккан. Анда билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт мекемелеринен 100 метр алыс аралыкта тамеки сатууга болбостугу айтылат.

Депутат Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, калктын ден соолугу, экологиянын коопсуздугу эске алынып, учур талабына ылайык, ушундай сунуш киргизилүүдө.

- Бүгүнкү күндө көбүнчө жаштар арасында тамеки чегүү күч алды. Эртеңки күнү коомдун саламаттыгы эмне болот? Ошондуктан мыйзамга мындай эреженин киргизилишин туура деп эсептейм. Биз канткен күндө да тыюу салып, мыйзамдын жардамы менен тартипке салуубуз керек. Мисалы, мектептин алдына дүкөн коюп, улам тыныгуу учурунда балдардын чылым чегип жүргөнүнө кантип көз жумабыз?

Бирок жеке ишкер бул демилгеге чочулоо менен карашууда. Бишкектин тургуну Майрам Сокеева тамеки сатууга тыюу салынса, чакан дүкөнүнөн тапкан кирешеси бир топ кыскарарын айтып бушайман:

- Маселен, менин дүкөнүм мектептен бир аз алыс жерде жайгашкан. Мен бир эле тамеки эмес, тамак-аш, ичимдиктерди сатам. Кошуна-колоң келет, алар да менден соода кылышат. Тамеки менен кошо суусундуктарды, азык-түлүктөрдү сатып алышат. Мен деле ушундай жол менен үй-бүлөмдү багым атам да. Албетте, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө тамеки сатпайм. Мыйзамда ишкерлердин да пикири эске алынышы керек го.

Учурда соода-сатык менен күн көргөн жеке ишкерлердин шаар боюнча 10 миңден ашык дүкөн же күркөсү бар. Алардын ичинен 70-80 пайызы мектеп, оорукана өңдүү социалдык объекттерге жакын жерде орун алган. Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв мыйзамга өзгөртүү кирсе, чакан жана орто бизнеске сокку болорун айтууда:

- Меним оюмча адам кааласа, бир канча чакырым басып барып деле тамеки алып чегет. Болгону бул жерден ошол соода түйүндөр гана жапа тартууда. Эгер тыюу салынса, көмүскө саткандар чыгат. Мунун натыйжасында казынага көмүскө акчалар түшпөй калат. Болжол менен мамлекеттик бюджет 145 миллион сомго зыян тартышы ыктымал.

Ишкерлер тамеки тартууну чектөөгө багытталган мыйзам Кыргызстанда иштебей жатканын белгилешүүдө. Ушундан улам депутаттар мыйзамга маал-маал менен алымча-кошумчаларды киргизип, катаалданта бергенден көрө, ар бир соода-сатык жайына камера орнотууну сунушташууда.

Буга чейин дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда тамеки тарткандардын саны жыл санап өсүп жатканын маалымдаган. Алардын соңку изилдөөсүнө ылайык, өлкөдө эркектердин 35% ашыгы, аялдардын 3,3%, өспүрүм балдардын 6,8 жана кыздардын 2,8 % тамеки тартат.

Ал эми М-Vector аталган консалтинг компаниясы мектеп окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында жаш өспүрүмдөрдүн 20% тамеки тартышарын аныктаган.