Көчмөндөр оюндары: сыймык жана салтанат (жаңыланууда)

Ушул тапта Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таймаштары өтүүдө. Анын ачылыш салтанаты 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өттү.

Ысык-Көлдө кечээ II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылуу салтанаты болуп, ага катышып жаткан 40 мамлекеттин спортчулары параддан өтүштү.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы

Кыргызстандын курамасы менен аянтка чыккан президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарын ачып жатып, чет элден келген конокторду Кыргызстан зор кубаныч менен күтүп алганын белгиледи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстанда көчмөн элдердин мурасын жандандыруу аракети дүйнөнү кызыктырып жатканын кошумчалады:

"Көчмөн элдердин мурастарын жандандырып жатканыбыз дүйнөнүн бардык элдерин кызыктырып жатат. Эки жыл мурда ушул жерден биринчи оюндарды өткөргөндө 19 өлкө катышса, мына бүгүн 62 өлкөнүн оюнчулары катышууда", - деди Атамбаев.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көчмөндөр оюндары салют менен ачылды

Жүздөгөн адамдардын катышуусундагы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи абдан шаңдуу өткөнүн социалдык тармактарда белгилешүдө. Өзгөчө миң комузчунун Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн черткени чоң талкуу жаратты.

​Дүйнөнүн 40 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашат. Аларды чагылдырууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк 400дөн ашык журналист келген.​

Көчмөндөр оюнундагы шаң

Коопсуздукка алты миңден ашуун тартип сакчысы көзөмөл салууда. Кабарчыбыз билдиргендей, Чолпон-Атада оюндардын ачылыш салтанаты өтө турган ат майданга келгендердин баары тыкыр текшерилди.

Кырчын жайлоосундагы оюндар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кырчындагы оюндар

Салтанатка дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен расмий коноктор чакырылган.

Негизинен ат оюндары Кырчын жайлоосунда өтүп жатат. Анда 350дөн ашуун боз үй тигилген.

Кырчын жайлоосу оюндарга даяр

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Ага 40 мамлекеттин спортчулары катышып, улуттук спорттун 23 түрүнөн күч сынашат.

Кырчын жайлоосу: оюн жана майрам

Кырчынга кеткен жолдо 2-3 чакырымга созулган тыгын пайда болду: