Чокморов- кыргыз киносунун легендасы
Чокморов алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Болот Шамшиевдин “Караш-Караш окуясы” фильминдеги башкы каарман Бактыгулдун ролун аткарып, буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан, башкы каарманды такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойноп, киного келген.
Бактыгулдун образы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн фильмдеринин фестивалында эң мыкты ойнолгон роль катары таанылган.
Алгачкы ролу менен жылдызы жанган актер “Караш-Караш окуясына” удаалаш 1969-жылы “Жамила” тасмасында Даниярдын, 1970-жылы “Атайын комиссарда” Хожаевдин, 1971-жылы “Ысык-Көлдүн кызгалдактарында” Карабалтанын, 1977-жылы тасмага түшкөн “Улан” фильминде Азаттын образын жараткан.
Сүймөнкул эркектин мыкты ролун жаратканы үчүн Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандыгы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу биринчи сыйлыктарды алган.
Актер "Жалаң эр-азаматтар" тасмасына тартылып жаткан учурда аскадан буту тайып кулап кетип, бөйрөгү жабыркаганы айтылып жүрөт.
"Улан" тасмасынан. Сүймөнкул Чокморовдун актер катары дагы бир өзгөчөлүгү - ал өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтире турган татаал эпизоддорду дублерсуз аткарган.
Кино сынчылардын пикиринде, Чокморовдун чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты жүрө билгени анын экранда ишенимдүү образ жаратканга көмөкчү болгон.
Чокморов кинодо жалпысы жыйырмадан ашык ролдордо ойногон. Аны Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк аренага алып чыккан инсандардын бири катары эсептегендер да бар.
Кино таануучулар Чокморов курч окуялуу ролдорду эле эмес, Төлөмүш Океевдин “Көк-жал” фильминде татаалдыгы, терең психологиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн Ахангулдун образын да мыкты ойногонун белгилешет.
Актердун күйөрмандары мамлекет ушул убакка чейин улуу талант Сүймөнкул Чокморовду колдоого ала электигин айтып келишет. Мисалы, ушул убакка чейин Бишкектин көрүнүктүү жерине Чокморовдун эстелиги тургузула элек.
Актер "Жетинчи ок", "Дерсу Узала", "Кызыл алма" ж.б. бир топ советтик тасмаларга тартылган.
Чокморов кыргыз маданиятына кыл калем чебери катары да чоң салым кошкон. Болочок актер жана сүрөтчү 7-классты аяктагандан кийин, 1953-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына окууга өтүп, кийинчерек Ленинграддагы И. С. Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан окуусун улантат. Тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштабай, өзүнүн кыска өмүрүндө беш жүзгө жакын сүрөт жараткан. Учурда Чокморовдун 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат.
Сүймөнкул Чокморовдун үзүлүп бараткандагы акыркы керээзи: "Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла, алар жаштар үчүн керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Менин жараткан сүрөттөрүмдүн бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык. Элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегимдин баарын өнөрканама таштадым" деген сөзү болгон.
Актер 1966-жылы өзү менен бирге окуган Салима аттуу кызга үйлөнөт. Уулунун аты- Бактыгул. Экинчи никеси - Нуржан аттуу айымдан көргөн уулдары Эргул менен Азамат Чокморовдор да ата өнөрүнөн алыс кетпей, тасма жаатында алектенишүүдө.
Актер 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Узака созулган оорудан улам 1992-жылы Бишкекте каза болгон.