Өзгөндө кыргыз-кытай мушташты

Кечээги жаңжалга кытайлык ишкердин мобилдик телефону жоголуп, аны уурдаган деп шектелген кыргыздарды кытай ишкерлери сабап койгону себеп болгон.

Зөөкүрлүк, массалык башаламандык уюштуруу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, атайылап денеге залал келтирүү жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери боюнча 6 кылмыш иши козголду. 

Окуя боюнча 10 тергөөчү иштей баштады, жалпысынан 200дөй адам суракка алынат. Ушул тапта түрдүү жараат алып, 18 адам ооруканада жатат.

8-январда эртең менен Оштун Өзгөн районунда кытайлык TBEA компаниясында иштеген кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы массалык мушташ чыгып, ондогон адамдар ооруканага жаткырылган.