ШКУ: Бишкек президенттерди тосуп алды

Орусиянын президенти Владимир Путинди тосуп алуу. 

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга саммит алкагында Бишкекке расмий сапар менен келди.

Сапардын жүрүшүндө Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Анда эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлмакчы.

Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды.
 

Элчиликтин ачылышына ушул күндөрү Бишкекте расмий сапар менен жүргөн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Монголиянын башкы консулу Тогтох Ганболд катышты.

12-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди.

«Манас» аэропортунан аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Бул Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга экинчи жолку мамлекеттик макамдагы сапары. Алгач жолу 2013-жылы сентябрда Шанхай Кызматташтык уюмунун алкагында келген.

14-июнда Кытайдын лидери Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

13-июнда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар документтерге кол коюлат жана бизнес-форум уюштурулат.

13-14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Жыйын соңунда уюмга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Орусияга өткөрүлүп берилет.

Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын лидерлери келмекчи. Байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын президенттери да жыйынга катыша турганы маалымдалган.

14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.