Кытай тарыхын «Манас» менен даңазалады

«Манас» операсы кытай актерлорунун аткаруусунда.

Колубуздан келгени – көчөгө Манастын атын койдук, кытайлар опера койду.

Чычаласаң чычала, кыргыз! Көкүрөктөгү ачуу бир чындыкты кантип айтуунун удулун таппай жүрдүм эле: биз Манас баатырды Манас проспектиси атаганга кантип оозубуз барды экен?! Дегеле кыргыз урпагы намыстуу болсок, Манастын мартабасын ушунчалыкка түшүрөт белек?! Же Манастын ыйык ысымы көчөнүн аталышына ылыйык ысым беле?! Айкөл Манас урпактарынын майдаланып кеткенин мындан башка дагы кайсы чындык далилдеши керек?!

Биз мультфильм кыла албаган «Манасты» кытайлар опералык чыгармага айлантканына тилим ушундай бир кычышып туру бүгүн...

Эгер эпостун өзөгүндөгү тарыхый чындыкка келсек, байыркы улуу кыргыз эли менен кылкылдаган Кытайдын кеги кылымдан кылымга, муундан муунга жайылтылган.

Дагы караңыз «Манас» эпосу эл достугун ширелтет 

Бирок бул эки элдин тарыхый кегин унуткарууга, достук мамилебизди чыңоого кайра эле «Манас» эпосу данакер болуп, ШКУнун шыбагасы менен тарыхый улуу окуяга күбө болдук. Ооба, болгондо да маданий улуу окуя эмей эмине бул!

Улуу элдер өздөрүнүн элдик жомок, элдик мифтерин өлбөс, өчпөс чыгармаларды жаратууга бай материал катары колдонсо, биздикилер «Манас» менен чайкоочулук кылгандан башка эмнеге жарады?!

Кылымдар бою жөө жомок менен жашап келген элибиз алигиче – 21-кылымдын босогосунда туруп деле «Манасты» көркөм искусство дөөлөттөрүнө айкалыштыра, жуурулуштура алдыкпы? Макул, «Манас» үчилтиги пьесалаштырылып театр сахналарында коюлуп келди дейли, бирок эмнеге театр репертуарларынан түшкүс чыгарма бойдон жашап кала алган жок?

Жөө жомок менен жашап келген элибиздин жетиле элек аң-сезими ушул экен: 90-жылдардан кийин чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү арасында «Манастын» сюжетинен куралган балет искусствосу туурасында гезит беттеринде талаштар кызып, бирок басымдуу көпчүлүгү Манас баатырдын образын жарата турган бийчинин колготки кийип сахнага чыгышы жетип турган шылдың өнөр дегенди айныгыс аргумент кылып алышканы бар. Алардын дөдөмөл түшүнүгүндө айкөл Манас фольклордук чыгарма бойдон гана жашап калуусу керек экен.

Аныгында, «Манасты» биз фольклор боюнча эле боорубузга басып жатып алдык өмгөктөп. Ооба, кыргыз тарыхын санжыра деңгээлинен ары ашыра албагандай эле, «Манасты» да фольклор деңгээлинен жогорку бийиктиктеги көркөм элестер менен өнүктүрүп-өрчүтүү колубуздан келбеди.

Ал эми 11-12-июнь күндөрү ШКУ алкагындагы расмий иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөдөгү эң күчтүү делген Кытайдын Борбордук театрынын опера труппасы Бишкекте тартуулаган «Манас» операсынын сюжеттик өзөгүнүн куралышы – жалпы дүйнө элине тартууланар чыгарма болуп калганына канчабыз күбө болдук.

Бул улуу чыгарманын өзөгү кытай элинин да кыйгап өтпөс тарыхы болгондуктан, тарыхка болгон калыс мамилесин «Манас» операсы аркылуу чагылдырган кылымдардан берки коңшуларыбызга кыргыздын ар бир урпагы таазим кылууга гана тийишпиз!

«Манас» операсы дүйнөлүк классикалык операларга мүнөздүү увертюрасы сыбызгып баштаганда эле көрүүчүлөрдүн жүрөгүн опкоолжутат. Классикалык опералардын стилдик канондору менен көркөм формасынан жазып тайбаган оркестрлик эпизоддор, драмалуу курч окуялар, интригалар, кульминациялык чыңалуу, дуэт, трио, квинтет, хор жана ариялар коштогон ар бир музыкалык мыскалы менен залдагы көрүүчүлөрдү арбап алаар бул опера келечегинде дүйнөнүн төрт тарабын түрө кыдыраары турган иш эми.

Дагы караңыз Кытай Токмокто музей ачкысы келет

Себеби бүгүнкү Кытай мамлекетинин залкар дымагы «Манастай» улуу темага биз менен коңшу болуп калганы үчүн эле кайрылган жок. Кылымдар мурда Кытай мамлекети Манастай оңой эмес баскынчы жоонун, Манастай эрдин талоонунда калбаган Кытай мамлекетинин тарыхый жолун эми дал ушул чыгарма аркалуу да дүйнөгө даңазалайт. Манас баатырдай айбаттуу хан кытай эли үчүн оң каарманбы, терс каарманбы – ал башка кеп.

Операнын финалдык бөлүгүнө келгендеги негизги каармандардын речитативинде «Манас» жомогундагы башкы каарман – Манас баатыр ааламга туулганда эле уучуна кан мыкчып туулганы символдук түшүнүктөр менен баяндалат. Негизги каармандардын речитативи аркылуу Манастын бул жарыкка неге келгени чечмеленет: кан мыкчып туулган ошол наристе кийин хандык башкарууга ээ болуп, «Айың менен Күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй» айбаттуу канкор баатыр туулгандыгы туюндурулат. «Манас! Манас! Манас!» урааны дал ушул финалдык бөлүгүнөн жаңырат!

Эң негизгиси, улуу кытай калкы бизден озунуп, байтактуу элдик өрнөгүнөн тайбастан, Жусуп Мамайдын вариантындагы баатырдык эпостун маани-маңызы менен дүйнө элине жайылтаар түбөлүк өлбөс-өчпөс бай материалдан турган чыгарманы опера шедеврине айландырып алышты.

Англия адабиятынын фольклор тарыхында «Гамлетке» эки-үч автор кайрылса да, бирок Шекспир бул теманы түбөлүккө өлбөч-өчпөс улуу чыгарма кылып жаратып таштагандай эле, Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылган «Манас» операсы дүйнөнүн башка элдерине жайылып кетүүсүндө эч калет жок. Себеби дүйнөлүк опера искусствосунун тарыхында Верди, Пуччини, Чайковский, Бизе ж.б. композиторлор жараткан улуу чыгармалар жалпы дүйнө элинин рухий таберигине айланып кеткен сыяктуу эле, Кытайдын Борбордук театры койгон «Манас» операсынын ооматы жалпы ааламга эми жайылат, кыргыз!

Дагы караңыз «Манас» Бишкекте кытайча жаңырды

А өзүбүз Манасты кандай даңктадык?

Өлкөбүз өз алдынча эгемендикке ээ болгон жылдары мамлекеттик масштабдагы эң чоң чайкоочулугу – Манас атабыздын миң жылдык тоюн мамлекеттик чиновниктер өздөрүнүн гана шаан-шөкөтүнө айлантып, Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чыкты коромжулап, ичип-жеп тарап кеткениби?! «Манас» эпосу ошону менен эле дүйнө элине дүң болуп таанылып калдыбы? Дүйнө эли тургай азыркы күнгө чейин «Манас» жомогун бала бакча, мектеп окуучуларына жеткиликтүү деңгээлде окута турган методология иштеп чыга алдыкпы!

Атургай мамлекеттик машиненин күчү менен да Манастын жети осуятын элге сиңире алыштыбы?! Ошондогу түзүлгөн «Манас-1000» дирекциясынын ишмердиги көзгө көрүнөрлүк эмне иштерди кылып келди?! Башкасын айтпайлы, «Манас» эпосун түрк тилдүү элдердин арасында орток маданият катары таанытууга билек түрүнө кирише албады эле...

Дагы караңыз Жусуп Мамай: Эл ичинен эр туулат…

Кезинде советтик идеологиянын блокадасына кабылган «Манас» эпосу кийин түрк тилине которулуп китеп болуп чыкканы менен, бирок ал тили тектеш түрк тилдүү туугандарыбызга эмне үчүн терең сиңип кеткени жок? Себеби 19-кылымдагы орустардын Чыгыштаануу-түркологу В.Радловдун эл арасындагы ортозаар эле манасчынын оозунан жазып алган жугумсуз варианты түрк тилине которулуп калганына мамлекеттик идеологдорубуздун бири да тынчсызданып койгон эмес! Албетте, бу жерде «Манас» эпосунун жугумсуз варианты түрк тилине которулуп калганында В.Радловдун эч кандай күнөөсү жок, кеп, өзүбүздө!

Арийне, өз алдыбызча эгемендүү мамлекетке ээ болдук деген жылдардан бери Кыргызстан менен Түркия ортосундагы рухий алака, дипломатиялык мамилебиз уланып келаткансыганы менен, бирок бул чындыкка тике кароого не бийлик өкүлдөрү, не манасчылар, не манас таануучулар да жарабады. Болбосо Сагынбайдын же Саякбайдын вариантындагы «Манас» эпосун түрк тилине оодарууга неге болбосун? Ошондо тебетейибизди көккө ыргытып сүйүнсөк жарашат эле го!

Совет мезгилинин «Манас» операсы

Кезинде А.Токомбаев менен К.Маликов жазган либреттого В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жараткан «Манас» операсы бир эмес эки жолу (1946-жылы жана 1966-жылы) редакцияланып сахнага коюлса да, бирок ал бүгүнкү күнгө чейин театр репертуарынан түшпөй турган чыгарма болуп кала алган жок. Музыкалык театр күйөрмандары тургай опера адистери арасында тамшандырар табитке ээ болбогон үчүн эл сүймөнчүгүнө айланып кетпеди.

Ага чейинки 1939-жылы жазылган кыргыздын эң биринчи операсы «Айчүрөктүн» маани-маңызы деле (музыкасы - А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференики, либреттосу – Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, К.Маликовдуку) ушул күнгө чейин музыка адистери жана акын-жазуучу, драматургдар арасында купулга толбой келсе да, бул эки операнын сахнадагы келечек тагдыры бүдөмүк бойдон туру.

Негизинен биз «Манасты» баатырдык темадагы чыгарма катары оозеки чыгарма (фольклор) түрүндө гана таанып, аны кино өндүрүшүнө (Мелис Убукеевдин Манас тууралуу илимий негизде тартылган даректүү тасмасын айтпаганда) да сала албадык. Эң кейиштүүсү – куру дегенде мультфилим жанрында жарата алдыкпы Манасты?!

Анан кайсы арыбызга мектеп партасында отурган жеткинчек муунга «Улутум кыргыз, урааным Манас!» деп жаттатып келатабыз, жолуң болгур, кыргыз!

Олжобай Шакир

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.