Кыргызстан Кытайга эшек сата баштады

Оштогу фермада багылып турган эшектер. Сүрөт бир жыл мурда тартылган.

Кыргызстандан Кытайга 600дөй эшек экспорттолгону ачыкка чыкты. Расмий эмес булактар бул сан алты-жети эсе көп экенин билдирүүдө.

Бийликтер бул эки тараптуу макулдашуулардын чегинде жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Ошол эле учурда Кыргызстандын булуң-бурчунда эки жылдан бери эшектин териси сыйрылып, этинин туш келди ыргытылып жатышы тынчсызданууну жаратып келатат.

Депутат ачыкка чыгарган маалымат

Коңшу өлкөгө экспорттолгон эшектер тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Комитеттин төрагасы, депутат Мирланбек Бакиров 600дөй эшек Кытайга жөнөтүлгөнүн тийиштүү кызматтар тастыктаганын “Азаттыкка” билдирди:

- “Туюк туяктуу 600 баш жаныбар Кытайга экспортко чыккан” деген расмий маалымат колума тийди. Анан мен ветеринардык коопсуздук кызматынан бул жылкыбы же эшекпи деп сурадым. Мекеменин жетекчиси “булардын баары эшек” деп жооп берди. Негизи жандыктар чек арадан өткөнү анык. Бирок кайсы макулдашуулардын негизинде өттү, ким уруксат берди, ветеринардык талаптар сакталдыбы, сакталбадыбы, алар азыр белгисиз. Мыйзамдуу болгон күндө дагы бул Кыргызстанга аброй алып келбейт. Биз мамиле кылган бир топ араб мамлекеттерине бул жагымсыз маалымат болуп калат. Экинчи жагынан Кытайга эмнеге бодо мал же кой-эчки экспорттолбойт да, эшек экспорттолот деген суроо жаралууда.

Бирок ишенимдүү булактар, реалдуу көрсөткүч мындан алты-жети эсе көп экенин, Кыргызстандан жок дегенде 3-4 миңдей эшек Кытайга чыгарылып кеткен деп билдирүүдө.

Былтыр Ноокатта багылып жатат деген эшектер.

Ветеринардык кызматтын жообу

Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция болсо эшектер Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы атайын макулдашуулардын негизинде экспорттолуп жатканын ырастады. Мекеменин жетекчиси Калысбек Жумаканов мындай дейт:

- Кытай менен макулдашуу бар, протокол бар. Ал тургай Кытай мамлекетинин карантин жана коммерция боюнча департаментинин өкүлдөрү Кыргызстанга келип, Кытай элчилиги аркылуу “экспорттук, импорттук операцияларга уруксат берсеңиздер” деп суранып кетишкен. Анан эми бизге пайда алып келип жаткандан кийин экспортту колдошубуз керек да. Ансыз деле башка нерселерибизди экспорт кыла албай жатпайбызбы. Анын үстүнө ар жерде кызыл-жаян болуп союлуп, өлүп жаткандан көрө эшектерди сатып жиберсек жакшы эмеспи. Ветеринардык дарыгерлер ансыз деле иш кыла албай, эшектердин өлүгүн жыйнап, аны каякка жок кылаарыбызды билбей, эсибиз ооп бүттү. Натыйжада Кытай тарап өздөрү квота берген. Эки компанияга Кыргызстандан эшек ташып кетүүгө биз расмий уруксат бергенбиз.

Эшекти кимдер сатып жатат?

Ошентсе да Калысбек Жумаканов эшек экспорттоого уруксат алган фирмалардын аталышын жана аларга ээлик кылган кишилерди аты-жөнүн тактаган жок. Бирок “Азаттык” буга чейин Кыргызстандын аймагында эшектерди чогултуп, Кытайга экспорттоп жаткан эки фирманы аныктап чыккан.

Былтыр Кытай жаранына таандык делген фермадагы эшектер.

Алардын бири - кыргыз-кытай биргелешкен “Во Ви Щы” ишканасы Ноокатта 400дөй эшекти багып, “Эркечтам” бекети аркылуу чек арадан алып чыгып кеткен. Фирманын ээси, кытай ишкери Ма Цзынь И этти жана тирүү жандыктарды Кытайга алып кетүүгө уруксат берүүчү санитардык, ветеринардык документтери бар экенин, иши мыйзамдуу экенин билдирген.

Экинчи фирма “Монблан Трейд” Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунан 300дөй эшекти Ош шаарына топтоп, кийин аларды Кытайга экспорттогону белгилүү. Ал фирманын жетекчиси Сун Гуо Цзянь былтыр “Азаттыкка” буларды айткан эле:

- Бул мыйзамдуу бизнес. Биз Кытайдын Шандон шаарынын бийлиги менен Кыргызстандын бийликтеринин ортосунда түзүлгөн атайын келишимге ылайык иш алып барабыз. Мен ишенимдүү түрдө айтам, Ошто бир да эшек союлган жок, союлбайт жана алардын эти бул жерде сатылбайт. Эшектер тирүүлөй Кытай мамлекетине кетет. Биз бул жерден эшектерди алып кетсек, Кыргызстандын калкына деле пайдалуу го. Биринчиден, эшекти саткандар кичине болсо да тыйын табат, экинчиден, эшектин эти желбегенден кийин ал бул жакта баары бир ыргытылат. Бекер нерсени пул кылгандын эмнеси жаман?

​Ошол эле кезде булардын катарына “Ийгилик-Н” аттуу жаңы фирманын аты да кошулду. Кыргыз ишкерлери түзгөн бул фермердик чарба эшектерди көбүнчө Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад аймагынан ташып чыгып, Кытайга алып кирүүдө. Бирок алардын соңку партиясы, тагыраак айтканда 300дөй эшек айрым документтери туура эмес болуп Кытайга өтпөй калган. Алар учурда чек арага жакын аймакта, Алайдын Мурдаш айылында багылууда.

Союлган эшектер чуусу

Ошол эле учурда өлкөнүн булуң-бурчунда жүздөгөн эшектердин терисиз эттери табылууда. Аларга Кытай ишкерлери жоопкерчиликти албаган менен, терилер аткезчилик жол менен сыртка чыгып кетип жаткан сыяктуу. Байкоочу Айбек Таалайбек уулу бийликтер бул жараянды эмдигиче иретке келтирбегенине нааразы:

- Эми Кытайда талап болсо бизде бар нерсени экспорт кыла беришибиз керек. Анын эч бир жаман нерсеси жок. Эң башкысы Кыргызстанга акча келип жатат. Бирок бул процесс ачык-айкын болуш керек, элдин арасында күмөндүүлүктү жаратпаш керек. Азыр Кыргызстандын бардык райондорунда эшектердин союлуп, туш келди ыргытылып жатышы калкты аябай тынчсыздантып жатат. “Кызыл-ала болуп тиерде жатат, ит ары-бери сүйрөп жатат” деген сөздөр көп. Ошонун айынан кафелерден тамак жештен, эт сатып алыштан да коркуп калдык. Эгер ошону “баланча эшек чогултулду, түкүнчөсү экспорттолду, ишти тигиндей фирма жүргүзүп жатат, алар эшекти Кыргызстанда сойбойт” деп бийликтер ачык айтып турса, кабатырчылык болбойт эле. Эки жылдан бери бийлик бир эшек темасын жайгара албай жатканы өкүнүчтүү.

Эшек темасы Кыргызстанда эки жыл мурда башталган. Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана аныкталып, андагы союлган эшектердин эти борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып тургандыгы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшек эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин айтып чыккан болчу.

Маалым болгондой, Кытайда эшектин терисинен “эцзяо” же “ижао” (ejiao) деп аталган желатин өндүрүлөт. Кытайдын улуттук маданий баалуулуктар тизмесине киргизилген бул косметикалык каражат адамдын жүзүн агартат, денени жашартат деп саналат.

Муну өндүрүү үчүн Кытайда жылына миллондон ашык эшек союлат. Соңку мезгилде бул өлкөдө анын саны кескин азайып кеткендиктен фермаларды ачууну көбөйтүп, башка өлкөлөрдөн эшек импорттоону да күчөткөн. Кытай буга чейин Индия, Пакистан, Орусиядан эшек ташып келсе, соңку убакта Африка өлкөрүнөн тирүүлөй алып келе баштаган. Маселен, бир эле Буркино Фасо өлкөсүнөн бир жылда Кытайга бир жарым миллион эшек ташылганы айтылат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.