«Аялзат»: Арабөк калтырган «аталар»

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту аталыкты мыйзамдык негизде таанууга жардам берүүнү сурап кайрылган энелер көбөйүп жатканын билдирди.

Гендер маселелери боюнча иштеген адистер муну эркектердин жоопкерчилигине байланыштырса, айрымдары «аялдар өзүнүн жана балдарынын кызыкчылыгын коргогонду үйрөнө баштады» дешет. Адистер соңку кезде медициналык кызматтын бул түрүнө талап күчөгөнүн белгилеп жатышат. «Аялзат» берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.

«Баласын тааныса, баарына даярмын...»

Өзүн Атыргүл деп тааныштырган келин баласынын атасы менен социалдык тармактардын биринен таанышкан. Күйөөсү деп айтпаганымдын да өзүнүн жайы бар. Анын айтымында, кыз-жигит катары бир аз сүйлөшүп жүрүп, эки жолго түшүшкөн экен. Кош бойлуу экенин да ошондон кийин билет. Учурда баласы беш айлык болуп калганына карабай, атасы баланы кабыл албай жатыптыр.

Иллюстрациялык сүрөт.

«Өзү биринчи мага сайттан жазып, жакшы эле ойдо таанышып калгам. Кийин боюмда болуп калганын уккандан кийин качып кетти. Өзүм да кош бойлуу экенимди 4-5 ай болгондо билдим. Айтсам «алдырып коёсуң да, эмне кылмак элең» деп койду. Ойлонгуча алдырып койгонго да кеч болуп калган. Ата-энем 7 ай болгондо билишти, алар жаман абалда калышты... Ошол учур эч эсимден кетпейт. Алардын үстүнөн милицияга да арыз жазганбыз, жыйынтык болбоду».

Атыргүл кош бойлуу кезинде иштеп жүргөнү менен азыр ымыркайын көтөрүп жумуш кылуу кыйын болуп жатканын айтууда. Кыз-жигит расмий баш кошпогондуктан өзүнүн айылына да бара албай жүргөнүн айтып жатат. Жигит байланышка чыкпай качса, анын атасы да «небере алардыкы экенинен» шек санап жаткан экен. Ошондуктан Атыргүл баланын атасына жана туугандарына кайрылып, аны таанып, кабыл алуусун суранууда.

«Биз азыр жашабасак деле бул небереси. Баары бир анын канынан жаралган. Баланын тагдырын ойлоп, кабыл алса мен баарына даяр элем...»

Аталыкты мыйзамдык негизде таанууга жардам берүүнү сурап кайрылган бир гана Атыргүл эмес экен. Ушундай мазмунда Акыйкатчы институтуна кайрылган энелер көбөйгөнүн акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева «Азаттыкка» билдирди. Кайрылгандардын көбү «атасы баласын тааныбай жатат» деген негизде арызданышкан.

- «Атасы экенин аныктап бергиле, экспертизанын тыянагы бар, баласын тааныбай жатат» дегендер болуп жатат.

Шек санаган аталар

Жогорку соттун маалыматына караганда, 2018-жылы сот тутуму ата-энелик укуктан ажыратууга байланыштуу 738 ишти караган. Анын алкагында 308 киши аталык, 128 киши энелик укуктан ажыраган. Жамгырчиева «ата-энелик укуктан мыйзамсыз ажырадым» деген даттанууга караганда «аталыгын аныктап берүүнү» сурангандар басымдуу экенин белгилеп жатат.

Кыргызстанда соңку кезде тууганчылыкты аныктоо үчүн ДНК анализ тапшыруу же медициналык кызматтын ушул түрүнө талап күчөгөнүн дарыгерлер да ырастап жатышат. Айрыкча ортодогу күмөн саноого чекит койгусу келген жубайлар мындай лабораторияга кайрылууга аргасыз. Кыргызстандыктар атайын лаборатория жоктугунан ДНК-анализди АКШга же коңшу Казакстан, Орусияга жиберүүгө мажбур болушат.

Дагы караңыз Миграция: аталарды издейбиз

Кыргызстандагы айрым жеке менчик лабораториялар ДНК анализди чет мамлекетке жөнөтүп аныктап келет. Алардын бири «Интелмед» (эл арасында «Бонецкий» деп айтылып жүрөт) лабораториясынын атын атабоону каалаган кызматкери соңку кезде баласы өзүнөн же башкадан экенин аныктоону каалаган аталар көбөйгөнүн белгиледи.

«Бул маселе боюнча жарандар тез-тез эле кайрылып турат. Акыркы убакта да көбөйдү. Лабораториялык экспертизаны биз өзүбүз жасабайбыз. Юридикалык жактын күбөлөндүргөн тести керек болсо аны АКШга жөнөтөбүз. Өздөрү үчүн гана тактоо керек тесттер болсо Орусияга жөнөтөбүз. Кыргызстандагы бардык эле лабораториялар кайсы бир өлкөгө жөнөтүшөт болуш керек. Бизге кайрылгандардын көбү аталар. Жыйынтыгы да ар кандай болот. Биринде ырасталат, экинчисинде жок».

Чет өлкөгө жөнөтүлгөн анализдер эки-үч аптанын ичинде кайра келет. Баасы 18 миңден 45 миң сомго чейин болот. Мындай анализди тапшыргандарды эч бир мамлекеттик мекеме тескөөгө албагандыктан алардын так санын билүү мүмкүн эмес. Болгону жеке менчик лабораториялардын маалыматына гана таянсак болот. Мисалы, Бишкектеги лабораториялардын бирине бир жыл ичинде кеңеш сурап, өлкө боюнча 400гө жакын адам кайрылган. Бирок кызмат баасынын кымбаттыгынан улам 200гө чукул адам гана ДНК анализин тапшырган. Бул бир гана лабораторияга келген адамдардын саны.

Дагы караңыз Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Кыргызстанда быйылтан тартып мындай анализди өлкөдөгү суроо-талапка ылайык Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөөлөр лабораториясы да жүргүзө баштады. Бирок жеке менчик лабораторияларга караганда бул жакка кайрылгандардын саны кыйла аз. Аталган мекеменин жетекчиси Дамира Аширалиеванын айтымында, бул жакка эки гана үй-бүлө кайрылган. Мындан чыгарылган жыйынтык соттук-териштирүүлөрдө азырынча колдонулбайт.

«Биздин лабораториянын техникалык мүмкүнчүлүгү болгон үчүн кардарлардын суроо-талабын канааттандыруу максатында быйыл ушул ыкманы өздөштүрдүк. Бирок бул соттук териштирүүлөрдө колдонулбайт. Жарандардын жеке кайрылуусу үчүн, өздөрүнө, күмөн саноосун жокко чыгаруу үчүн гана жасалат. Жапырт келип анализ жасатканын деле көргөн жокпуз. Биз эки үй-бөлөгө жасап бердик. Бир четинен жарандар эки жолу төлөгүсү келбейт. Алар лабораториянын тыянагын сотто колдонууга боло турган жерлерге кайрылып жатышат. Ошондуктан дагы башка өлкөлөргө чыгып жатышат».

Бул мекемеде аталык-энеликти аныктап берүү кызматы үй-бүлөдөгү үч кишинин анализин кошкондо (атасы, апасы жана бала) жалпы 30 миң сомго бааланат экен.

ДНК анализи эки жол менен тапшырылат. Биринчиси - кан аркылуу, экинчиси - ата-эненин, баланын ооз көңдөйүндөгү шилекей аркылуу текшерилет. Ушундан кийин жыйынтык 99,9% болсо, бала анализ тапшырган адамдан деп эсептешет. Ал эми терс жыйынтык 0% дал келүүсүн көрсөтөт. Бала түйүлдүктө болгондо да ДНК анализи аркылуу биологиялык атасын тастыктоого мүмкүн. Бирок мындай учурда эне-баланын ден соолугуна коркунуч жараларын адистер эскертишет.

Баалуулуктарды талкалаган миграция

Азыр балдар үчүн ата каражат таап келүүчү, үй-бүлөнү материалдык жактан камсыз кылуучу адам болбой калган. Бүгүн бул ишти аялдар да жасап келатат. Тарбия берүүдө атанын орду башка экенин психологдор айтып жүрүшөт.

«Данакер» үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси Чынара Термечикова баланын атасын издеп, мыйзам чегинде таанып берүүнү өтүнгөн аялдардын көбөйүшү эркектердин жоопкерчилигине да байланыштуу маселе экенин белгилеп жатат. Адис мындай маселелер өлкөдөгү социалдык көйгөйлөргө да жараша жаралып жатат деп эсептейт. Ал миграцияны - ата менен баланы же эне менен баланы ажыраткан негизги көрүнүш катары атоодо.

Чынара Термечикова.

«Негизи бизде аталардын ата болуу жоопкерчилиги да төмөн да. Балдар энеге эле керектей сезишет. Ата да эне менен бирге балдардын түйшүгүн тең бөлүшкөндү билишпейт. Ошондой маданият жок. Илгери жакшы болчу, ата атадай, эне энедей... Азыр миграция процессинде аталардын көбү кетип жатат. Балдар атанын тарбиясын албайт, акчалай жардам берсе берип жаткандыр, бирок мээрим жок».

Термечикова энелер бул жолду баланын кызыкчылыгы үчүн да басып өтүүгө аргасыз болуп жатышат деп эсептейт. Анын пикиринде, уландар да, кыздар да адашып, аянычтуу тагдырга туш болбош үчүн жаштайынан жыныстык тарбия берүү зарыл.

«Балдарга баары бир ата керек да. "Атам ким?" деген суроо сөзсүз болот. Жоопкерчиликсиз эне деле ошондо гана баланын атасын издей баштайт. Бейкапар жүргөн адамга барып эле «бул сенин балаң» десе эркектер да чочуйт. Балким учурунда баласы бар экенин да билбеши мүмкүн. Ошентсе да энелер баланын атасын аныктоого аракет кылганы туура. Бала атасы, энеси ким экенин билүүгө укуктуу. Кыска убакытка созулган байланыш болсо деле, анын арты эмне болот, эмнеге алып келет дегенди жаштар билиши керек. Мындай учурлар болбошу үчүн жашынан жыныстык тарбия берүү керек».

«Эркек да жооп берсе...»

Ал эми социолог жана антрополог Алтын Капалова да энелердин мындай өтүнүч-талаптарын кубаттагандардын бири. Ал «энелер муну менен өз укуктарын билип, анын негизинде талап кылууну үйрөнүп жатышат» деп эсептейт.

Алтын Капалова.

«Демек аялдар "Эл эмне дейт?" дебей, эркиндик көбүрөөк болуп, чындыкты издеп жатышат. «Менин балам эмес» деп, атасы танып кеткен учурлар мурда деле көп болгон деп ойлойм. Азыр аялдар коркпой ачык чыгарып жатышат. Экинчиден, ата менен эненин жоопкерчилиги баланын алдында бирдей. Аял баланы тогуз ай көтөрүп төрөсө эле жоопкерчиликти ага илип койгонго болбойт. Эркектер да өзүнүн кылган ар бир кадамына, жасаган ишине жооп бериши керек. Ошондуктан аялдардын кадамы эң туура. Энелер балдардын кызыкчылыгын, өзүнүн укугун коргош керек. Ошондуктан Акыйкатчы институту да арыздарга кайдыгер карабай, талдап, бул маселенин үстүнөн иштеши керек деп эсептейм».

Ар кандай жагдайда кыйчалыш тагдырга туш келип, наристелүү болуп, анын айынан жакындарынын жемесине калган жаш энелер ымыркайды таштап, өзү жанын кыюуга чейин барган учурлар кездешет. Тескерисинче, баласын «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» чоңойтуп, окутуп эрезеге жеткирген жалгыз бой энелер да аз эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын расмий түрдө 95 бала ташталат. Адистер ар кандай шартта ташталган балдардын саны мындан алда канча көп экенин белгилешет. Улуттук статистикалык комитет соңку он жылда бойдон алдыруу 22% көбөйүп, бир жылда алардын саны 24,5 миңге жеткенин билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.