Татыктуу муун курсактан тарбияланат

Иллюстрация

“Азаттыктын” “Аялзат” берүүсүндө бул жолу балага мамиле жана тарбия маселеси тууралуу сөз болот.

Мавлюда Жапарова кош бойлуу кезинде эле балага кандай тарбия берүү керек деген суроону иликтей баштаган. Бул боюнча жазылган бир нече китепти, илимий изилдөөлөрдү окуп чыккан.

- Боюмда болгондон тарта баланын өсүп-өнүгүүсү, аларга кандай мамиле кылуу керек деген темада бир топ китептерди окугам. Менимче, азыркы бала тарбиялоо ыкмасы мурдагыдан башкача. Биздин муун балага мээрим төккөндөн уялбайбыз, коркпойбуз. Апам мурда “кызыңды жакшы көргөнүңдү билдирбе, уктап жатканда бетинен сүйүп кой, кыргыздар баланы көп эркелетпейт” деп айта берчү. Бирок мен бул пикирге такыр кошулбайм. Кичинемде апам мени атама караганда азыраак жакшы көргөндөй сезилчү. Кызымда кийин ушундай ой жаралуусун каалабайм.

"Бала мушташтын" кесепети кандай болот?

"Бала мушташтын" кесепети кандай болот?

Чоң кишилердин көкүтүүсү менен бири-бирин канжалата мушташып жаткан балдардын интернетке жайылган видеосу коомду сестентти.

Мавлюда бала тарбиялоодо заманбап ыкманы колдойт. Ал ата-эне баласы менен күн сайын ойноп, кучактап турууга милдеттүү деп эсептейт.

- Белгилүү экономист, Нобел сыйлыгынын лауреаты Жейм Хекмандын эрте өнүгүү туурасында иликтөөсү бар. Экономист бала төрөлгөндөн баштап алты жашка чыкканга чейин ага эң көп каражат жана убакыт жумшалышы керек деген. Бул камкордук бала мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырган кезде үзүрүн берет. Көпчүлүк үй-бүлөлөр тескерисинче балага көңүл бурбай жүрүп, мектепти аяктаганда чуркап калат. Ал эми зордук-зомбулук, уруш-талаш баланын мээсине терс таасирин тийгизет.

Мавлюданын кызы азыр үч жашта. Адистер баланы тарбиялоо дал ушул үч жашка чейин же илимий тил менен айтканда, алгачкы миң күндүктө башталарын айтышат. Балдар менен иштеген Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) уюмунун эрте өсүп-өнүгүү боюнча адиси Чинара Жумагулова ата-энени бала менен пикир алмашууга чакырды:

- Балага туура тарбия берүү ар бир үй-бүлөгө приоритет болушу керек. Илимий изилдөөлөргө ылайык бала менен сүйлөшүү зарыл. Аны угуп, түшүнүп, керек болсо аны менен бир деңгээлде болуу шарт. Жерде отурса сиз да отуруп, ал ойногон оюнчукту бирге ойноп, болушунча мээрим төгүңүз. Көпчүлүк ата-эне тарбия бала бакчадан, мектептен башталат деп ойлойт. Бирок бул жаңылыш көз караш. Бала ымыркай кезинде эле сизди түшүнүп, кабыл алат. Ага китеп окуп, сейилдеп, болушунча көңүл буруңуз.

Жумагулова бала тарбиялоодо ата-эне, өзгөчө эне керектүү маалымат топтоп, үйрөнүү зарылдыгын кошумчалады:

- Албетте, ата-эне да тарбия бергенди окуп, билиши керек. Ал үчүн сөзсүз эле окуу, тренингдерге баруунун кажети жок. Учурда интернетте тарбия тууралуу блог, тасмалар жайнайт. Анда үй кожойке же энелер өздөрү маалымат берет. Эң башкысы ар бир эне баласына күнүгө жок дегенде он-он беш мүнөт китеп окуп бериши абзел.

Байытылган ун эне-баланы балээден сактайт

Байытылган ун эне-баланы балээден сактайт

Адистер акыркы мезгилде акыл-эси кем, башында суу толуп кетип же салмагы аз, ара төрөлгөн балдардын саны барган сайын көбөйүп жатканын айтып, бул жалпы элдин келечеги үчүн кооптуу деп коӊгуроо кагышууда.

Жумагулованын айтымында, ЮНИСЕФ балдар уюму мамлекеттин колдоосу менен жер-жерлерде 200дөй жамааттык бала бакча ачкан. Анда аймактарда бала бакча же борборлорго шарты жок ата-энелер балдарын алып келип, акысыз окута алат.

Таластагы айылдардын биринде жашаган Жазгүл Матиева мектеп курагындагы төрт баланын энеси. Матиева айылында балдарга арналган борборлор жок болгону үчүн балдарын шаардагы ийримдерге катыштырган:

- Биздин айылда мектеп, бала бакчадан башка баланын өсүп- өнүгүүсүнө шарт түзгөн борборлор жок. Мындан улам балдарым шаарга жөө каттап, ийримдерге барат. Мен алардын шыктуу экенин байкагам. Бийге, ырга кызыгышат. Спорт менен алектенет.

Жазгүл Матиева айылдагы ата-эне балага тиешелүү көңүл бурбайт деген стереотипти жойгусу келет. Тапканын балдарына бөлүштүрүп, билимине инвестиция кылууну туура көрөт:

- Балага инвестиция кылганды ар бир ата-эне билиши керек. Мен мындан улам өзүмдү көп нерседен чектейм. Тапканымды балдарыма жумшайм. Бул мээнетим сөзсүз акталат деп ишенем.

Адистер бала тарбиялоого миграция да таасир берерин айтышат. Өлкөдө бала түйшүгүн эне гана көтөргөн үй-бүлөлөр арбын.

Бишкектин тургуну Гүлмира Үмөталиеванын эки кичине баласы бар. Күйөөсү ушу тапта Москвада иштейт. Гүлмира үйгө да, жумушуна да жетишкени менен бала тарбиялоодо жолдошунун ордун сезерин жашырбайт:

- Балага тарбия берүү чынында абдан кыйын. Интернеттен маалымат топтоп, улуулардын кеп-кеңешин угуп, ар убак мен кандай тарбиялап жатам деп өзүмдөн сурап турам. Сөз бар эмеспи “малды багуу керек, баланы тарбиялоо керек деген”. Ошондуктан, балага болгон тарбияны анын кем-каржысы, курсагы деп түшүнөбүз. Менимче бул биздин кемчилик. Бала тарбиялоодо атанын орду өзгөчө.

Декреттик өргүү алган прокурор аталар

Декреттик өргүү алган прокурор аталар

Прокурорлор бала багуу үчүн эмес, жумуш ордун сактап калуу максатында ушундай ыкманы эң мыкты өздөштүрүп алганын билген адистер айтышат.

Гүлмиранын сөзүн улай педагог Асылбек Жооданбеков бала тарбиялоодогу атанын ролуна токтолуп, бардык түйшүктү эненин мойнуна жүктөөнү туура көрбөйт:

- Кыргыз үй-бүлөсүндө көп учурда тарбия энеге жумшалат. Эне курсагын тойгузуп, сабагын жаздырышы керек. Эгер бала тентек чыкса, жакшы окубаса энени күнөөлөйбүз. Учурда дүйнө коомчулугунда, кыргыздын өрнөктүү үй-бүлөлөрүндө деле атанын ролу жогору. Негизги нерсе, ата катары тарбияга аралаша башташы керек. Ата-балага китеп окуу менен бирге баарлашуу процесси, бири-бирине болгон мамилеси жакшырып, жагымдуу атмосфера түзүлөт.

Дагы бир эне Рима Имарова үч баланын апасы. Улуусу бойго жетсе кичүүсү бирге чыга элек. Мындан улам ар бир баласын ар башка ыкма, мамиле менен тарбиялаган. Жыйынтыгында баланын ою, тандоосу менен эсептешип калат:

- Үй-бүлөбүз менен сүйлөшүп отурганда бири-бирибиз менен жаңы ачылган борбор, балдарга арналган курстардын баасын жана сапатын көп талкуулайбыз. Негизи эле мурдагыга караганда баланын ар тараптан өнүгүүсүнө көңүл бурган ата-энелердин катары калыңдаганын көп байкайм. Биздин үй-бүлөдө балага теңме-тең мамиле кылып, каалоосун сурап жана чечим кабыл аларда баланын өзүн катыштырып бир жыйынтыкка келебиз. Себеби, бала өзүнүн да чечимдерге болгон жоопкерчилигин сезиши керек.

Имарова сөзүнүн соңунда бала тарбиялоодогу өзү колдонгон эрежерлер менен бөлүштү:

- Колдон келишинче узагыраак эмчек эмизип, туура тамактануусуна жана эмдөөгө көңүл буруп, эң башкысы мээрим төгүп, анын шык-талантын өрчүтсө, андан татыктуу инсан чыгат.

Соңку кезде миграциянын айынан ата-эне мээриминен өксүгөн балдар көбөйгөнү айтылып келет. ЮНИСЕФ уюму 2016-жылдагы маалыматында Кыргызстанда түрдүү интернаттарда 20 миңдей бала багылып жатканын жазган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.