Балдар үйүнө жардам берген таксист

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокендик 42 жаштагы айдоочу Бакыт Сулайманов райондогу майып балдар билим алган мектепти жыл сайын камкордукка алат. Маршруттук такси айдаган жөнөкөй айдоочу бул жолу балдарга белек тартуулап, жакынкы күндөрү достору менен бирге кышкы кийим-кечек алып бере турган болду. Жалал-Абад облусундагы бул жатак мектеп 38 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берип келет.