Бактысы түркүн, баары сүйкүм балдар
Былтыр Бишкекте өткөн эгиздердин фестивалына катышып жаткан эгиздер Баялы менен Мырзалы. Коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин маалында, 16-марттан 28-апрелге чейин Кыргызстанда 68 эгиз жана бир үч эм төрөлдү.
Балдарды коргоо күнү жайдын биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден соолугун жана укуктарын коргоого чакырат.