Чикагодогу кыргыздардын майрамы

Майрамдык иш-чарада сүйлөгөн Чикагодогу кыргыздардын аксакалдары.

Кыргызстандын гимни ойнотулуп, андан соң иш-чараны Чикагодогу Кыргыз коомдук борбордун  төрагасы Уланбек Азимбаев ачты.
 

Иш-чара быйыл "Spring Festival -2018"  деген аталыш менен 24-мартта Чикагодо өттү. 

"Манас" айтып жаткан бала.

Аркан тартыш оюну.

Кыргыз Коомдук борборунда тарбияланган жеткинчектер кыргыз бийин бийлешти.

Иш-чарага "Manas Express" жүк ташуучу компаниясы жана жеке ишкер мекендештер демөөрчү болушту.

Нооруздагы таймаштардын бири. 

Тушоо кесилип, балдар чуркашты.

Майрамга башка улуттун өкүлдөрү да катышышты.

Бейрасмий маалымат боюнча Кошмо Штаттардагы 15 миңдей кыргызстандыктын беш миңге чукулу Чикагодо жашайт.

Чикагодогу журтташтардын балдары.

Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында отурукташкан кыргызстандыктар март айынын соңунда Нооруз майрамын белгилешти. Иш-чара Кыргыз коомдук борбору тарабынан уюштурулду. Жалпысынан 300гө жакын киши катышты.