Чернобылдын Кыргызстандагы изи

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин басууга барган кыргызстандыктардын арасы суюлуп баратат. Апаатка катышкандар радиациянын залакасынан бүгүнкү күнгө дейре жапа чегүүдө. СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыль өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Кыргызстандан Чернобылды тазалоого бир нече миң киши катышкан.