Жалалабаддык Зуура Нусуева миграциянын курмандыгы болду. Паспортторун алып коюп, сыртынан сатып ийген алдамчылардын айынан күйөөсү экөө бир жыл бою Казакстанда тамеки талаасында иштеп, жер төлөдө жашап, ооруганда мекенине кайтышкан.
Канткенде кенен жашагыдай айлык табабыз? Мына ушул суроо Зуура Нусуеванын оюнан чыкпай жүргөндө, кайдан-жайдан пайда болгон бейтааныш адамдар анын айылындагыларды топтой баштайт.
Зууранын күйөөсү да ал экөөнүн паспортун иш таап берчүлөргө кармата салат. Казакстанга баратканын билип калып, орто жолдон автобустан түшө качуу аракетинен майнап чыкпайт, документин да кайтарып алалбайт:
- Биздин айылга адамдар келип, "көп акча, үй аласыңар, машина минип кайтасыңар. Аялыңыз шырдамал токуучу болсо, ал жакта деле анысын токуй берет", - деп күйөөмдү алдашыптыр. Ал мага айтпастан паспортубузду берип коюптур. "Кайра алайын, мен барбайм", - деп жаңжал салсам да бербей коюшту. Адегенде Өзгөнгө алып барышты. Ал жерде эжемдикинде калайын десем болбой коюшту. Эртеси Бишкек-Ош жолу аркылуу Төө-Ашуудан ары ашырып кетишти. Аларды тааныбайм. Бизге көрүнүшкөн эмес.
Эми ал оор үшкүрүү менен казак жеринде көргөн кордуктарды эскерүүдө. Бир автобус толо адамды белгисиз жайга жеткирген адамдар кыйла акча коротконун колко кылышып, аларды жергиликтүү ишкерлерге тапшырат:
- Ал жакка алып баргандан кийин эле "силер ушунча акча төлөйсүңөр. Силерге жол кире төлөдүк, жеген-ичкен оокатыңарга, чек арадан өткөрүп алганга төлөдүк. Ар бириңерге үч миң сомдон төлөдүк", - дешип, биздин ар бирибизди он миң теңгеге сатышты. Анан бизди тамекиге алып кетишти. Мен өмүрүмдө тамеки эккен эмесмин.
Казак ишкерлер Зуураны күйөөсү менен тамеки өстүрүп-жыйнаганга жумшап, жумуш ордунан башка эч жаккка чыгарбай, басканын аңдып, жарытылуу тамак-аш, кийим-кечек да беришкен эмес.
Зуура Казакстанга иштегени бирге баргандардын дайынын билбейт экен:
- Камыш менен жабылган жер төлөдө жашап аттык, күйөөм экөөбүз. Эч жакка чыгарбайт, жылаңаяк, бутубузга желим тапичке кийип жүрдүк. Бир жыл бою, атүгүл кышында дагы. 120 таңгак тамеки үчүн бир сом да пул бербеди. Болгону эртең менен бир аз ун берет, аны нан кылып жабасың. Болбосо күйөөм бөлкө сатып алып келет.
Ал өздөрүн кулдукка сыртынан саткан адамдардын аты-жөнү, дайын-дарегин тактап коюуну да ойлобогон энөөлүгүн карабайсызбы! Жумушу оор тамеки талаасында иштеп жүрүп, ооругандан кийин көзү да көрбөй калат:
- Мен кетем деп ыйлай бердим. Баспай калдым. Ыйлай бергенимден чек арага дейре алып келишип ,өздөрү автобуска салып коюшту. Ал жерге чейин күйөөм көтөрүп келди. 30-40 чакты адам барганбыз, ким каякка кеткенин билбей деле калдым. Баарыбызды сатып ийишкен экен. Төө-Ашуудан Суусамырга жеткенче кан басымым көтөрүлүп кетти. Желкеме суу куйушуп, эс алдырып атышты. Кийин эки жыл көзүм көрбөй калган. Ошондо үй курганга берилген жер тилкесин сатып, дарыландым. Кан басымым кээде 240ка чыгат. Азыр үйүм жок. Жатаканада жашайм. Кызым окууга өзү өткөн. Күйөөм да баспай калды.
Казакстандан кайтып, Жалал-Абадга келгени да анын чекеси жылыбайт. Өзү ата-энесинин жардамы менен ар кайсы ооруканаларда жатып айыкканда күйөөсү ооруканага түшөт. Капилеттен алар менен он жети үй-бүлө жашаган үй өрттөнүп, баары баш калкасыз калат.
Жалалабаддык Айнагүл Сманова чет жакка иштөөгө барарда алдамчылардын торуна түшпөш үчүн жарандар мыйзамдарды үйрөнсө дейт:
- Өз укугун коргоо үчүн чет өлкөгө бараткан ар бир адам мыйзамды жакшы билиши керек. Казакстанга иштегени барган аял да ошол жакта иштеп, көп акча, машина-үй аласыңар деген кишилердин аты-жөнүн, дайын-дарегин, паспортун билип койгондо өз укугун сот аркылуу коргогонго жакшы болмок. Анан өзү да ара жолдо калбастан, жакшы иштеп, балким мээнетин өндүрүп алмак.
Зуура Нусуева эми ошондон бери жатакананын жалгыз бөлмөсүндө бир кызы менен баш калкалайт. Өзү балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүчү “Ариет” борборунда күзөтчү. Кызы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуйт. Тилеги эле - кызы сабаттуу болуп, турмуштан өз ордун таап, ата-энесиндей алдамчылардын колуна түшпөй, өз укугун коргой билсе...