11-сентябрда кыргыз өкмөтү жана "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилиги кол койгон макулдашууну өкмөт экологиялык жааттагы жылыш катары сыпаттоодо.
Премьер-министр Сапар Исаков болсо, аны эки тараптын ортосунда табылган мунаса катары баалады:
- Жөнөкөй эмес кырдаалдан мунасага табууга жетиштик. Биз кызыкчылыктарыбызды коргоо менен өнөктөш катары иштей аларыбызды баарына далилдешибиз керек. Айрыкча кызматташтыктагы эң маанилүү тармак болгон жаратылышыбызды коргоого маани беришибиз керек.
"Центерра Голд" менен түзүлгөн келишимдеги негизги жетишкендик катары өкмөт негизги төрт нерсени атоодо.
"Центерра Голд" Кыргызстанда түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм катары 50 млн доллар которууга макул болгон. Бул каражатты Ысык-Көл облусундагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо каралууда. Аны менен бирге жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин жогорулайт. Ошондой эле кенди иштетип бүткөндөн кийин жаратылышты калыбына келтирүү фонддун каражаты 69 миллион долларды түзөт. Бул төлөм жыл сайын 6 млн доллар болуп көбөйөт. Буга кошумча "Центерра Голд" Кыргызстан жалдаган эл аралык консультант АМЕК компаниясынын талаптарын аткарууга макул болгонун өкмөт билдирүүдө.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов келишим жакынкы аралыкта аткарылат деп ишендирди:
- Келишимде биз койгон талаптардын көбүнө макул болду. Башта айтып өткөндөй, AMEC компаниясынын сунуштарын аткарууга, фонд түзүлсө ага акча которууга көндү. Мындан тышкары Кумтөр иштеп бүткөндөн кийин ошол жерди ордуна келтириш керек да. Ошого долбоор боюнча акча каралган. Ал каражат Англияда банкта жатат. Биз ошол акчаны Кыргызстандын банкына которууну талап кылганбыз. Ошого да макул болушту. Азыр фонддо 23 миллион доллар бар. Бирок AMEC компаниясы Кумтөрдү калыбына келтирүүгө 69 миллион доллар керектелет деген сунуш айтты.
Макулдашуудагы негизги талаптардын бири эки тарап экологиялык жааттагы соттук доолорду артка чакыртып алышы керек.
Улан Рыскулов ”Азаттык” радиосуна билдиргендей, макулдашууга ылайык “Центерра Голд” дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алмай болду:
- Биз экологияга келтирилген зыян боюнча алардын үстүнөн Кыргызстандын сотторуна кайрылганбыз. Алар буга макул болбой, "кыргыз тарап 2009-жылдагы келишимди бузуп атат" деп эл аралык арбитраждарга кайрылган. Эми макулдашууга ылайык, биз соттордон доо арыздарыбызды чакыртып алабыз, “Центерра Голд” дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алат. Бул эки тарапка тең ыңгайлуу чечим.
Ошентип өткөн айда түзүлгөн өкмөт келишимди Кумтөр кенин иштетүүдөгү кескин жылыш деп атап, муну "Центерра" компаниясынын ийкемдүүлүгү катары баалап жатат.
Бирок макулдашуу Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобойт дегендер бар.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков жаңыдан кол коюлган макулдашуудагы талаптардын дээрлик бардыгы Кумтөр боюнча 2009-жылдагы негизги келишимде каралганын билдирүүдө:
- Бир кызыктуу нерсе бар. Кумтөрдүн Кыргызстанга толук пайдасы көрүлбөй жатат. Биздин өкмөт болсо "Центерра Голд" оңго бурулса оңго, солго бурулса солго бурулуп жатат. Мисалы, азыр соттук доолорду чакырып алгыла десе, чакыртып алып коюшту. Анын мына ушул нерсени жашырып, элди алдаш үчүн мына акчаны көбөйтүп жатабыз деп билдирип жатышат. Бирок бул талаптардын баары 2009-жылы келишимде каралган. Аны болсо жаңы өкмөт ушул маселелерди чечти дегендей берип жатышат.
Ал эми Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров буга чейинки сот чечимин жокко чыгаруу туура эмес болуп каларын билдирүүдө:
- Буга чейин Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттин инспекция Кумтөрдө экологиялык талаптар аткарылган жок деп 7 миллиард сомдук доо койгон. Мына ушул маселе чечилбей туруп, экологиялык келишимге кол коюлбаш керек эле. Себеби соттун чечими чыккан ишти кайра чакырып алып, аткарылбай жатканын мен туура эмес көрөм.
Былтыр Бишкектин райондор аралык соту Кумтөрдү иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доону канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сомго жакын айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга жооп катары "Центерра Голд" экологиялык зыян боюнча доону эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканы кабарланган.
Негизи Кумтөр боюнча 2009-жылы бекитилген келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калды деген нааразылыктар айтылып келет. Мындай жүйө менен Апрел ыңкылабынан кийин алгач парламенттик, кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп иш алып барган. Бул комиссиялар учурдагы келишимдер өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт деген тыянакка келип, келишимди кайрадан карап чыгуу сунушун берген. Ошондой эле кендеги экологиялык маселелер курчуп баратканы айтылган эле.
Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү азайды
Бул убакыт аралыгында өкмөт "Центерра Голд" компаниясы менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, абалды жайгаруунун бир нече жолу айтылган. Алардын арасында үлүшү 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү, "Центерра Голддун" директор кеңешиндеги мүчөлөрдү алмаштыруу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо сунуштары көтөрүлгөн. Бирок бул сунуштар ишке ашпай, учурда 2009-жылдагы келишим толук кандуу иштеп келет.
Атүгүл “Центерра Голд” жаңы актив сатып алганына байланыштуу Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү мурдагы 33 пайыздан 26 пайызга түшкөнү жакында белгилүү болду.
Былтыр Кумтөрдө 550 миң унцийден ашык же 17 136 килограмм алтын өндүрүлгөн. Кенден 6,3 миллион тонна руда иштетилген. Алтынды бөлүп алуучу фабрикада бир тонна рудадан 3,44 грамм алтын өндүрүлгөн. Кыргызстанга жалпысынан былтыр 238 миллион доллар салык жана башка төлөмдөр которулган.
Кумтөрдүн Кыргызстандын ички дүң продукциядагы көлөмү 8 пайызды, ал эми өнөр жайда 23 пайызды түзөт.
Ал эми "Центтера Голддогу" Кыргызстандын акцияларынын баасы азыркы учурда 578 миллион доллар болуп жатат.
Учурда дүйнөлүк базарда алтын бир унцийи же 1 325 доллар же 100 кг алтын баасы 4 миллион 673 миң долларды түзөт.