Кырсыкка себепкер "погончон" камалды

Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү катары мас абалындагы милиционер шектелүүдө. Муну шаардык ички иштер башкармалыгы ырастап, кылмыш иши козголгонун билдирүүдө.

Жол кырсыгы Бишкектеги Чыңгыз Айтматов (Тынчтык) проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 18-август күнү эртең мененки саат 6 чамасында болду.

Укук коргоо органдарынын маалыматында кырсыкка Toyota Windom үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу, мас абалындагы милиция кызматкери себепкер болгон деп шектелүүдө.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, кылмышка шектүү 28 жаштагы айдоочу Бишкектин Ленин РИИБде 2011-жылдан бери иштейт. Ал кармалгандан кийин ичимдик ичип алып рулга отурганын моюнга алган:

- Соттук-медициналык-экспертиза дайындалып жатат. Жол кырсыгы боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун жана транспорт каражаттарын башкаруу эрежелерин бузуу) боюнча иш козголду.

Мунун баары келип эле кадрлардын начардыгынан болуп жатпайбы. Эгер милиция кызматкердин айлыгы жогору болгондо татыктуулар келип иштеп, жоопкерчилик көбүрөөк болот эле.
Мамат Самиев

Алдын ала маалыматтарга караганда Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа жол чыракта токтоп турган Mazda машинесин сүзгөн. Соккудан Mazda башка автоунаалар менен кагылышып, натыйжада жалпы беш машине сүзүшкөн. Кандуу окуядан Mazda автоунаасынын 43 жаштагы айдоочусу жана 27 жаштагы жүргүнчүсү каза таап, башка автоунаалардагы үч адам жеңил жараат алды.

Кырсыкка себепкер деп шектелип жаткан милиция кызматкери учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, анын автоунаасы айып жайга киргизилген. Шаардык ички иштер башкармалыгы бул кызматкер жана анын жетекчилери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатышат.

"Карга карганын көзүн чокубайт"

Авто кырсыктарды жана жол эрежелерин бузуу фактыларын иликтеген “Изкубар” автордук программасынын автору, журналист Орозбек Шарабидин уулу укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер спирт ичимдигин ичип алып, рулга олтурган учурларын көп эле байкап жүргөнүн, алардын айрымдары гана мына ушундай кырсыктардан улам коомчулукка билинип калып жатканын айтты:

- Арак ичип алып унаа айдаган милиция кызматкерлери аябай көп эле болот. Атын айтпай эле коеюн Ош шаарынан эле жакында мас абалында эки-үч милиция кызматкери кармалды. Аягы эмне болду билбейм, бирок кармалганы так маалымат. Бирок жол кайгуул кызматкери ушундай кесиптешин кармап, жоопкерчиликке тарткан учурлар абдан аз кездешет. Алар мас болуп колго түшсө деле “өзүбүздүкү” деп кое берип жиберишет, жазага тартайын десе “крышасы”, тааныш-билиши менен чыгып кетет. Карга-карганын көзүн чукубайт дегендей эле кеп да.

Ички иштер министрлиги мас абалда машине башкарган кызматкерлерге каршы тийиштүү чаралар көрүлүп эле келе жатканын белгилешет.

Буга чейин 11-июнда Бишкекте спирт ичимдигин ичип алып машине башкарып жүргөн милиционер кармалып, ал Чүй облустук милициясынын өкүлү экени аныкталган соң автоунаасы айып төлөө аянтчасына киргизилген. 13-июнда Ош шаарында да мас абалында, кызматтык кийимчен машине айдап жүргөн милиционер колго түшүп, ал Ош ШИИБ кызматкери экени аныкталган. Министрлик бул эки факты боюнча да кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирүүдө.

Милициянын ардагери Мамат Самиев коомдук тартип, жарандардын коопсуздугу үчун кам көрө турган укук коргоо кызматкерлердин айрымдарынын мындай жүрүм-туруму жалпы ички иштер тармагына көө жаап жатканына нааразы.

- Милиция болгону менен мыйзам бузуп, арак ичип алып, кырсыкка кабылгандар жөнүндө угуп, аябай уялам. Мунун баары келип эле кадрлардын начардыгынан болуп жатпайбы. Милициянын маянасы аздыгынан азыр талапка жооп бербеген, кесипкөй деңгээли жок, итибай-кушубайдын баары ишке кирип алган. Анан "кой аксагы менен миң" дегендей, ошонун ичинен бейбаштары, тартипсиздери, кызматына чиренип “мени ким эмне кылмак эле” деп рулга отуруп алышат да. Эгер милиция кызматкердин айлыгы жогору болгондо татыктуулар келип иштеп, жоопкерчилик көбүрөөк болот эле.

Жазаны күчөтүү талабы

Адистер мас абалында автоунаа айдагандар бир эле милицияда эмес, прокуратура, Улуттук коопсуздук комитетинин же башка күч органдарынын кызматкерлеринин арасында да арбын экенин белгилешет.

Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында иш жүргүзгөн “Реформа жана натыйжа” жарандык союзунун мүчөсү Урмат Казакбаев муну жазаны катаалдатуу менен алдын алууга болот деп эсептейт.

Мас болуп кырсыкка кириптер болсо, анын өзүн эле эмес, командирин, ошол бөлүмдүн, балким ал иштеген аймактык башкармалыктын да башчысын иштен алуу зарыл. Ошондой чара киргенде гана жетекчилери өзүнүн кызматкерлерин катуу кармай баштайт.
Урмат Казакбаев

- Ичимдик ичип алганы үчүн жарандарга 5 миң сом айыппул салынса, укук коргоо кызматкерлерине 10 миң сом айыппул салуу керек. Жазага тартуу керек болсо, анда аларды эки эсе ашыгыраак мөөнөткө камоо туура болмок. Жумуштан кетирип, кайра ал кызматтарга кабыл алынбай тургандай кылуу керек. Эгер мас болуп кырсыкка кириптер болсо, анын өзүн эле эмес, командирин, ошол бөлүмдүн, балким ал иштеген аймактык башкармалыктын да башчысын иштен алуу зарыл. Ошондой чара киргенде гана жетекчилери өзүнүн кызматкерлерин катуу кармай баштайт. Антпесе милиция кызматкерлери, прокурорлор, же башка укук коргоо органынын кызматкерлери ичимдик ичип унаага отурганын токтотпойт.

20-июлда Бишкектин Биринчи Май районунун прокурорунун жардамчысы да адам өмүрүн кыйган жол кырсыгынан улам камакка алынган. Ал Ысык-Көлдөн машине айдап келатып, мас абалында кырсыкка кабылганы айтылган.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан тарта 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Андан үч жүздөн ашуун киши набыт болуп, төрт миңдей адам жабыркаган. Кайгуул кызматкерлери мунун көбү мас абалында унаа айдагандан болгонун айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.