Өзгөндөгү Алма фестивалы
Жыл сайын Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтчү бул иш-чара түштүк регионунда алгачкы жолу уюштурулду. Фестивалда алманын 22 сорту коюлуп, Өзгөндөгү ондогон дыйкандар өз түшүмдөрүн калың элдин алдына жайды.
Өзгөндө 2012-жылы 5 миң тонна алма өндүрүлгөн болсо, 2013-жылы 5500 тонна алма өндүрүлгөн.
Өзгөн районунда 1300 гектар алма багы элдин колунда, 830 гектар өкмөткө караштуу.
Салтанатка ишкерлер, сатып алуучулар жана чет өлкөлүк туристтер болуп жалпы миңден ашык адам катышты.
Бул фестиваль 2006-жылдан бери Ысык-Көл жана Нарында өткөрүлүп келчү. Эми кийинки жылды Ош облусунун Ноокат районунда уюштурулмакчы.
“Алма фестивалынын” башкы максаты алма өндүрүүчүлөр менне аны сатып алуучуларды жолуктуруу, агробизнести өркүндөтүүнү багбандарга үйрөтүү болуп саналат.