Ботаникалык бактын багы ачылбады...

2005-2010-жылдары да ботаникалык бак талашка түшкөн.

Илимдер академиясынын 1936-жылы түптөлгөн 150 гектарлык ботаникалык багы талашка түшүүдө.

Парламенттеги КСДП фракциясы аталган мекемени Айлана-чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине кошуу сунушун өкмөткө жөнөттү. Ал эми ботаникалык бактын кызматкерлери кайсы бир тармакка кошулууга каршы.

КСДП фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева Айлана-чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин демилгесинен кийин фракция чечими менен бул сунушту өкмөткө жөнөтүшкөнүн билдирди:

- Бул демилгени Айлана-чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси көтөрүп чыккан. "Биздин ишибиз бир, ал бакчаны өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөбүз" дешти. Фракциянын чечими менен өкмөткө сунуш катары бердик. Бул буйрук эмес, өкмөт кандай чечерин өзү билет.

Ботаникалык бактагы азыркы көрүнүш

Анткен менен Илимдер академиясынын алдындагы ботаникалык бактын кызматкерлери башка тармакка кошулууга каршы болуп келишет. Себеби, 70 жылдан ашуун Илимдер академиясынын курамында илим изилдөө мекемеси болуп келаткан ботаникалык бак өлкөдө жок өсүмдүктөрдү өстүрүү чөйрөсүндө иш алып барат. Ал эми агенттик менен аталган мекеменин максаты дал келбей жатат. Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Таштанбек Көчкөнбаев буга чейин да ботаникалык бакка көз арткандар болуп келгенин айтууда:

- Бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. 2005-2010-жылдары бул бак талашка түшкөн. Улам бирөө чыга калып, "кошулгула" дей бергенинен коркуп калдык. Азыр кошобуз деп жаткан тармак менен биздин айырмабыз асман менен жердей. Алар табигый өсүмдүктөрдү коргойт. Биз изилдөө жүргүзөбүз, бул жакта уникалдуу өсүмдүктөр бар. Ар кимге кошобуз деп коркутпай, өкмөт андан көрө жардам кылса болмок.

Өкмөт Социал-демократтардын сунушу боюнча кандай чечим чыгарары азырынча белгисиз. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева КСДПдагы кесиптештеринин сунушуна макул эмес. Эл өкүлү бакты көрүнгөн тармакка кошо салуу менен мыйзамсыз иштерге шарт түзүлөт деп чочулайт:

- Бул эки башка тармакты кошуп, будуң-чаң кылбаш керек. Эми бул жакта башка кызыкчылыктар да бар болушу мүмкүн. Ушинтип колдон колго өтүп, эртең эле тамдар, имарат же эс алуучу жай курулуп калчу эле. Бизде мындай иштер тез эле болуп кетет эмеспи.

Ал эми Айлана-чөйрө жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Сабыр Атажанов КСДП фракциясынан ботаникалык бакты өз агенттигине кошуп берүүнү суранбаганын билдирди. Бирок аталган мекемени агенттиктин карамагына алуу демилгесин туура деп эсептейт.

- Биз кошуп берүүнү өтүнүп, эч кимге кайрылган эмеспиз. Ал туура эмес маалымат. Бирок муну колдойм. Талкаланып, пайдаланылбай жаткан жерлерди иштетип, бакты калыбына келтирүү керек. Аларда каражат жок, жасай алышпайт. Биз жардам бермекпиз.

Санаага салган сары жалбырактар

Кыргызстанда жаратылыш байлыгы деп айтылып келген ботаникалык бактын бүгүнкү абалы кейитерлик. Куураган бактар, курт жеген өсүмдүктөр, таштандыга толгон арык, саргайган карагайлар...

Учурунда окумуштуулар дүйнөнүн булуң-бурчунан өсүмдүктөрдүн түрүн изилдеп, аталган бакка алып келип отургузушкан. Мындай эмгектин күндөн-күнгө кыйрап баратканын аталган мекеме каражат тартыштыгы менен түшүндүрөт.

2012-жылы ботаникалык бакта өрт чыгып, беш гектар жердеги бак-дарак, куураган чөп күйүп кеткен.

Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясына карайт. Ал 1938-жылы негизделген. Жалпы аянты 150 гектар жана Бишкектин Аламүдүн суусунун сол жээк тарабынан орун алган.