Чек ара чырын кантип токтотобуз?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал орун алды. Учурда эки тараптын бийлик өкүлдөрү абалды жайгаруу аракеттерин көрүп жатат. Утур-утур орун алган чек арадагы чырды токтотуунун кандай жолдору бар? Бул жаатта эмнелерге көңүл буруу керек? Бул суроолорду “Азаттыктын” Эксперттер талдайт берүүсүндө талкууланды. Талкууга мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Назарали Арипов, Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев жана УКМКнын төрагасынын экс- орун басары Артур Медетбеков катышты.