Барактыктар Барак Обамадан үмүт үзө элек

Барактыктар былтыркы июнь коогасы учурунда Кара-Суунун Ак-Таш айылына тигилген чатырларда байырлап турду.

Өзбекстандын ичиндеги Кыргызстандын Барак айылынын калкы өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Анда Барак айылын өзгөчө камкордукка алуу, анклавдагы жашоочуларды бүтүндөй Кыргызстан аймагына көчүрүү өндүү бир катар социалдык талаптар камтылган.
Анклав тургундары буга чейин айылына аты уйкаш АКШ президенти Барак Обамага да жардам сурап кайрылган. Бирок мындай кайрылуулардан азырынча майнап чыга элек. Бөтөн өлкөнүн ичинде туруп калган айыл тургундарынын жашоосу болсо чек аранын айынан күндөн-күнгө кыйындоодо.

Анклавдын азабы

Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавынын тургуну, “Жаңы Барак” коомдук фондунун башчысы Дөөлөтбек Мусабеков барактыктардын көйгөйлөрүнө мындайча токтолду:

- Статистикалык маалыматтарга таянсак, бул айылда 153 түтүн, анын ичинде миңге чукул адам жашайт. Абалдары анчалык деле жакшы эмес. А чек арада мурдагыдай эле паспорт текшермей күчөдү. Өзбек че карачылары ашыкча буюм-тейимдерди дегеле өткөрүшпөйт. Айрыкча той-тамашага, өлүм-житимге каттоо кыйындады. Жакында эле 49 жаштагы жигитибиз каза тапты эле, тууган-туушкандарын өзбек чек арачылары тажиясына өткөрбөй коюшту. Ушул өңдөнгөн кыйынчылыктарга күн сайын тушугуп жатабыз.

Ушинтип кейип-кепчиген Дөөлөтбек Мусабеков аларды Кыргызстанга көчүрүү боюнча Жогорку Кеңештин ушул жылдын 22-апрелиндеги чечими аткарылбай жатканын да айтат:

- Жогорку Кеңештин аталган токтомуна ылайык ушул жылдын 10-майына чейин Кыргыз Өкмөтү Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл округунун Беш-Үй уачсткасынан 18 гектар жер ажыратмак эле. Президент эки ирет бизге келмек болуп, бирок Ош окуясынан улам жете алган жок. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев айылыбызга былтыр атайы барып, ал-акылабызды сураштырган. Көйгөйүбүздү абдан жакшы билет. Айылдаштарыбыздын көбү Баракта жашап калсак дегенде ак эткенден так этишет. Айрыкча кары-картаңдар. Бирок жаштар көбөйүп, 118 үй-бүлө болуп калышты. Ошолор ата-энеси менен бир үйдө үч-төрттөн үй-бүлө жансактап жатышат. Ушул маселени тезирээк чечүү зарыл болуп турат.

Дөөлөтбек Мусабековдун баамында, барактыктарды Кара-Суу районундагы Беш-Үй участогуна көчүрүү жагы оңойго турбайт:

- Айла таптакыр куруганда Америка Кошмо штаттарынын президенти Барак Обаманын атына кат жазганбыз. Кийинчерээк АКШнын Бишкектеги элчилиги менен байланышсак, мындай жумуш менен алектенбейбиз дешти. Биздин угушубузга караганда, а киши Өкмөттүн токтому чыгалек деген ойдо турат экен. Ошентсе да, Барак Обамадан үмүтүбүз абдан чоң. Дагы президенттикке коём деп атыптыр. Биз айылдагы чогулушта Барак Обаманын атын деле толук бойдон жаңы кыштагыбызга ыйгаралы деп чечкенбиз. Себеби, аны дүйнөдөгү эң демократиялуу мамлекеттин жетекчиси катары билебиз. Андыктан, ал биздин маселебизди жайгарганга жакындан жардамдашат деген илгери үмүттө дале турабыз.

Бийликтегилер маселени жакшы билет, бирок...

Ал эми Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков Барак айылынын проблемалары кыйла жылдан бери топтолуп келип, эми гана аны кескин түрдө чечүү зарылдыгын бийликтегилер жакшы билээрин тастыктады:

- Өзбекстан өзүнчө мамлекет. Ошентсе да, Кыргызстан менен чек арасын өзүнчө толук түрдө жаап таштаган. Чынында, карапайым калкка кыйын болуп атат. Мына июнь кооогалаңынын жылдыгы өтүп кетсе, алар деле кичине ийисе керек. Биздеги эң эле чоң көйгөй – Катта-Сай массивине 3 миллиард сом керектелип атат. Азыр 35 миң адам жер тилкесине кезекте турат. Аларды таза суу, сугат суу, электр энергиясы, жол менен камсыздоо оңойго турбай атат. Бүт күчтү ошол жакка жумшап жатабыз, - деп агынан жарылды губернатор Сооронбай Жээнбеков. – Антсе да, Барак айылы көңүл сыртында кала элек. Муну премьер-министр Алмазбек Атамбаев дагы күн сайын сурап атат. Эң башкысы Барактагы үйлөр башка жактагыларга сатылбаш керек. Өкмөт башчы эл менен жолукканда, кудум ушинтип убадалашканбыз. Баракта үй ээлери кадимкидей жашап калышат. А үйү жана жери жок жаштарга башка жактардан жер тилкелерин сөзсүз беребиз. Анан баарын таштап сыртка көчүп кетебиз дегендерге губернатор катары, Кыргызстандын жараны сыңары мен дагы каршымын.

Кыргызстандын Өзбекстандагы анклавы - Барак айылынын калкы пахтачылык жана башка дыйканчылык менен күн көрөт. Бирок топтогон түшүмүн чек ара аркылуу Кыргызстанга өткөрө албай, өзбекстандык ортомчуларга арзан сатууга мажбур болуп келатышат. Ал эми Кыргызстандагы туугандарына катташ үчүн чек ара бекеттеринде күн сайын текшерүүлөрдөн кыйноо тартышканы өзүнчө кеп.