Байболов: Чек араны кытай качкындары бузушу мүмкүн

Кыргыз-кытай чек арасындагы атышууларга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы коопсуздук кызматкери жана саясатчы Кубатбек Байболов жооп берди
“Азаттык”: 23-январда кыргыз-кытай чек арасынын Ак-Шыйрак аймагынан Кыргызстан тарапка белгисиз топ чек араны бузуп кирди. Адамдар мерт болушту. Бул окуяга кандай баа берип жатасыз?

Байболов: Бул кыргыз-кытай чек арасындагы болуп көрбөгөн чоң окуя. Совет мезгилинде мамлекеттик коопсуздук комитети Чек ара кызматы менен чогуу ашуулардын бардыгына паспорт түзгөнбүз. Ашуулар жабык болгондуктан, кышында чек арадан эч ким өтө алчу эмес. Азыр кандайча өтүп кетти же жолдор пайда болдубу билбейт экем. Эмнеси болсо да бул кооптуу жагдай, бизди туш тараптан кырсык басты.

“Азаттык”: Азырынча белгисиз адамдарды Кытай тараптан келди деп эч ким тастыктай элек. Бирок ошол адамдар уйгур тектүүлөр экен деген да кеп тарады. Сиздин божомолуңузда кимдер болушу мүмкүн?

Байболов: Ар кандай болушу мүмкүн. Жалданма террордук топтор, качкындар же бандиттер, же контрабандалык топтор болушу мүмкүн. Жанагынтип куралчандар айбат көрсөткөндөн кийин булар уюшулган топ болушу да ыктымал.

“Азаттык”: Куралчан киргендиги тууралуу чындыгында расмий маалымат жок...

Байболов: Өлгөндөр тууралуу маалымат болуп атпайбы. Бирок, менин жеке пикиримде, ушу болду-болбоду, кийин деле маалым болор, жөн эле качкындар болушу керек. Билесиңер, Кытайда эл көп, документи жок жүргөндөр да көп. Анан биз жак алар үчүн жөн эле бейиш болуп атпайбы.

“Азаттык”: Кыргызстандын ичинде уюштурулган топтор болушу ыктымал деген да божомол айтылып калды. Жүйөөлүүбү?

Байболов: Эми ар кандай божомолдор айтыла берет. Албетте, жалданма күчтөр деле толтура да. Азыр акча төлөсө кайдан болсо келе берет.

“Азаттык”: Билесиз да, буга чейин Жаныш Бакиев Үрүмчүдө деген маалымат тарап кетти эле. Байланыш жокпу?

Байболов: Бир нерсени айтып коюшубуз керек, Кытайда атайын кызматтар өтө натыйжалуу иштейт. Анан ушу Кытайдын аймагында эле башка өлкөлөргө каршы багытталган террордук уюмдар даярдалып келип, бизге бирдеме кылат экен деген божомолго мен кошула бербейм. Мындайлар Ооганстан, Пакистан, Тажикстан же башка өлкөлөрдө болушу мүмкүн. Бирок Кытай өз аймагында кандай сепаратисттик топтор болбосун жок кылууга аракет жасайт. Себеби, бул Кытай үчүн өтө аяр, кылдат маселе.

“Азаттык”: Сиз кылдат маселе деп атасыз. Андай болгондо белгисиз адамдар Кытай тараптан кирди дегенге ишенсе болобу?

Байболов: Мүмкүн. Акчага жалдап ар кандай топтор түзүлүшү ыктымал. Кытайбы, Ооганстанбы, кайсы жерде болбосун акча бийлеген заман да.

“Азаттык”: Андай болгондо эки өлкө алакасына таасир этпейби?

Байболов: Жалпы алакаларга таасир эте албайт.

“Азаттык”: Ушунун артынан сепаратизмге каршы күрөш аркылуу адам укуктарына доо кетирчү жагдай түзүлүп калбайбы бул эки өлкөдө?

Байболов: Бизде бул маселе Кытайдагыдай оор эмес. Кытайда болушу мүмкүн, себеби, бул илгертен олуттуу. Мен Совет кезинде дал ушул маселе боюнча иштегем.

“Азаттык”: Кыргызстандын чек арасында белгисиз адамдар аңчыны өлтүрүп, куралын тартып алгыча эч ким маалымдар болбоптур. Бул кокустукпу же алсыздыкпы?

Байболов: Чек ара биздеги өкүттүү маселелердин эң башкысы болуп атат. Ошон үчүн чек аралар чечилбей, жүздөгөн чакырымдар такталбай турат да.

“Азаттык”: Азыр эми чек арачылар чек араны кайтарууну коомдук чек арачыларга берүү демилгесин көтөрүп жатышат. Бул канчалык жөндүү?

Байболов: Туура кылышат. Маселен, Кытай илгери кедей, чабал болуп турган учурда чек арасын ошол аймактарда жашаган элдер кайтарышчу. Биз деле чек арачылардын санын беш-он эсе көбөйтүп, жабдыктарын жеткиликтүү жасап бербегенден кийин элдин жардамын алышыбыз керек.