Боомдогу дубал боорундагы сүрөт чуусу

Өткөн ишембиде жаш активисттер Боом капчыгайынын ичине тартылган талаштуу граффити сүрөтүнүн айрым бөлүгүн бузушту. Маданият министрлиги жаштардын расмий чечимди күтпөй мындай кадамга барышын өзүмбилемдик катары баалады. Буга чейин коомчулуктун граффитини өз алдынча бузууга каршы тарабы вандализмге жол бербей, талаштуу сүрөткө мыйзам чегинде баа берүү зарылдыгын айтып чыгышкан.

Боом капчыгайынын боорундагы сүрөттөр кыйладан бери кызуу талкуудан чыкпай келаткан. Тарткан автору так эмес тосмо таш дубалдагы көлөмдүү сүрөткө - граффитиге баарынан көп сын айткан жаш активисттер болушту.

Алар сүрөт порнографиялык максатты көздөрүн белгилешип, жергиликтүү элдин улуттук мурасын кордогон белгилер бар экенине жүйө келтирип, бир айдан ашык убакыттан бери аны өчүрүү талаптарын айтып келишкен. Акырында сөздөн ишке өтүшүп, 8-августта көлөмдүү граффити сүрөттүн айрым бөлүгүн бузууга киришти.

Жаш активист Мирбек Асаналиевдин ишендиргенине караганда, бул кадамга алар атайын комиссиянын чечиминин негизинде барышты:

- Биз көптөн бери эле Боом капчыгайы деп эле бийликке жеткире албай келатабыз. Ал сүрөттү тартканга 700 миң сом каражат кеткен экен. Жарандык активисттердин анчалык каражаты жок. Биз бул жолу комиссиянын чечими менен өзүбүз чогулткан каражатка боёк сатып алып, анын өтө уяттуу жерлерин өчүрүп салалы дегенбиз. Ага да күчүбүз жетпегендиктен "Кырк чоронун" балдарына кайрылып, алар бизге жардам берип, жогоруда айтылган максатыбызды орундаттык.

Маданият жана маалымат министрлигинин бул маселеге байланышкан келерки жыйыны 20-августка белгиленген. Бул тууралуу министрдин орун басары Бакыт Секимов билдирип, комиссия али чечим кабыл ала электигин маалымдады:

- Биз комиссияны түзүп ал сүрөттүн канчалык деңгээлде зыяндуулугун аныктай элекпиз. Ага жетпей эле ар ким өзүмбилемдик кылып барып ийишкен турбайбы. Эч кандай так жыйынтык чыга элек болчу. Сүрөтчүлөрдүн баарын чакырган элек. Барып көрөлү деп сүйлөшүлгөн. Анан барып эле ар ким өкүм чыгара бергени туура эмес го дейм. Комиссия бир чечимге келип токтосо болмок да.

Маданият министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Бүбайша Арстанбекованын айтканына караганда, комиссиянын ишинин созулуп жатышына граффитинин авторлору мекемелер аралык комиссиянын жыйынына келбей жатканы да себеп болуп жаткандай:

- Бул граффитини он бештей көчө сүрөтчүсү тартканы айтылып жатат. Бул иш көчө сүрөтчүлөрүнүн эл аралык конкурсунун негизинде ишке ашкан экен. Эгер биз аларды 20-августка чейин таба турган болсок сөзсүз жыйынга чакырабыз. Алардын негизги офиси Германияда дешет. Биз аталган өлкөнүн элчилигине да кат жөнөттүк. Азырынча жооп келе элек.

Бир жарым айдан бери Чубактын кунундай чубалган эмгектин авторлору менен “Азаттык” дагы байланыша албай жатат. Граффитинин авторлорунун бири саналган Сергей Келлер массалык маалымат каражаттарынын бирине “бул кырдаалга пикир айтууга кандайдыр бир маани көрбөй турам. Себеби менин көз карашымда бир ишти жасагандан көрө жасагандарды сындоо жана кылган ишин талкалоо реалдуу иш кылууга караганда оңойго турат”, - деген пикирин узатты.

Искусствобу же сыр белгиби?

Талаштуу граффитиге сүрөтчүлөр чөйрөсү да бири-бирине каршы көз караштарды карманууда. Маселен, көркөм сүрөт таануучу Рахат Чокушева алты бөлүмдөн турган сүрөттө бир чоң идея камтылган деп эсептейт. Анын баамында, ал жердеги белгилер улуттун беделине шек келтирет:

- Биринчи картинада алдыдагы болуучу жана болуп жаткан окуяларга айласы жок кайгырган образды ортодогу фигурага берген, эки жагындагы фигуралар шылдың келекелөөнүн үстүндө. Бул жерде компьютер программасында аткарылды деген белги картинанын массасын кармап турат. Экинчи картинада келечекте болуучу ызы-чууну, уяттан тайган учурду чагылдырган. Үчүнчү-төртүнчү картинада сөздөрдү ката жазуу менен учур чакты картинага толтурган. Бешинчи картинада жасаган планды каалагандай тебелөө. Алтынчы жыйынтыктоочу картина болгон. Мында келечектеги жаш муундардын кошулуусу берилген.

Бирок сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Талант Өгөбаевдин пикиринде, талаш жаратып жаткан граффитиде анчалык маани бере турган олуттуу деле сыр жок. Бул Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келаткан көчө сүрөтчүлөрүнүн жараткан иши:

- Бул жанрды “граффитик стрит-арт” деп коёт. Көчөгө сүрөт тартмай. Муну менен сүрөткө кызыккан жаш балдар алектенет. Бирок учурда Батышта мындай сүрөт тартуу өзүнчө агым катары кеткен. Бул жанр хулигандык ыкма катары жаралган. Бизде деле ар кайсы дубалдарга бер нерселерди тартып, жазып кетип атышпайбы. Көбүнчө кинолордон тартышат. Бул нерсеге дүйнө жүзүндө көп деле каршылык жок, тек гана тентектик катары каралат. Ал эми Боомдогу сүрөт стрит-артка кирбейт. Ал атайын дубалга тартылып жатат. Менин жеке пикиримде бул өтө начар эмгек.

Өгөбаев аталган сүрөттү жараткандар атайын элди, коомдук пикирди курчутуп, өздөрүн өздөрү пиар кылгысы келген жаш сүрөтчүлөр экенин белгиледи.

Маданият министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Бүбайша Арстанбекованын айтуусунда, бул талаш маселе өлкөдөгү жарнама жана башка маселелерди чечүүнүн мыйзамдык негиздери жетишсиз экендигин далилдеди:

- Өткөндө жарнамалар боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип, ушундай уруксаты жок жарыяларды көзөмөлдөө механизимин киргизүү боюнча эки сунуш түштү. Ошол эле учурда бул багытта атайын мыйзам иштеп чыгалы деген да сунуш айтылып, адистерге тапшырма берилди.