Китепсиз мектеп, кыйналган ата-эне

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Ата-энелер балдарына дүкөндөрдөн китеп издеп, кымбат баада сатып берүүгө аргасыз.
Анткени өлкөдө мектептердин китеп менен камсыз болушу 62 пайызды гана түздү. Мындай тартыштык китептердин эскиргени жана жаңы колдонмолорду чыгарууга жетиштүү каражат бөлүнбөгөнү менен түшүндүрүлүүдө.


Ата-энелер дүкөндөрдөн китеп издешет


Жаңы окуу жылынын алдында Бишкектеги жер төлөлөрдө ачылган китеп дүкөндөрүндө кардарлардын саны үзүлбөйт. Көбүнесе мектепке барган балдары үчүн китеп алып жүргөн ата-энелерди кездештирүүгө болот. Алардын бири Бишкек четиндеги Ново Павловка айылынын тургуну Назира өзүнүн 3-класста окуган уулуна китеп издеп убара:

Назира: Бардык китептерди сатып алабыз. Мектептен такыр эле беришпейт. Берсе бир-эки китеп бериши мүмкүн. Бирок жетпей калса, аны да сатып алабыз.

“Азаттык”: Бул китептер канча сомдон экен?

Назира: Ар бир жаңы китепти 550-600 сомго алып жатабыз.

“Азаттык”: Бул жагдайды уулуңуздун мектеби кандай түшүндүрөт?

Назира: Жок жетпейт, мамлекет акча бөлгөн жок деп түшүндүрүшөт.

Китеп жетишсиздиги Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле мектептердин негизги көйгөйүнө айланган. Бул маселе айыл жерлеринде өзгөчө сезилгени айтылып келет. Маселен, бир сабак боюнча бир класска эки-үчтөн гана китеп бөлүнгөн учурлар бар. Кээде окуу китеби мугалимге гана жетип калат.

Бул маалыматтарды Ысык-Көлдүн Үч-Кайнар айылында окуган 6-классынын окуучусу Замирбек уулу Саламат да ырастады:

- Бизде чет тил китеп жетишчү эмес. Адабий окуу деген китебибиз эски. Эжей бөлүп бөлүп берчү. Бир китепти жакын, кошуна жашаган балдарга бөлүп берчү. Сурашып эле окучубуз. Үй тапшырмаларды кээде аткарып, кээде аткарбай эле барабыз.


Китептердин көбү эски


Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 2 миңден саал ашыгыраак мектептин кыргыз тилдүүлөрү китеп жагынан 61 пайызга, орус тилдүү мектептер 59 пайызга, өзбек тилинде окуган мектептер 62,5 пайызга, тажик тилдүү мектептер 64 пайызга камсыз болушту.

Быйыл китептер үчүн өкмөттөн 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка кыргыз, орус, өзбек тилиндеги 48 аталыштагы китеп чыгарылып жатат. Бул китептердин жалпы нускасы 1 миллион 49 миң болмокчу.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жыл сайын белгилүү өлчөмдө китеп чыгарылганы менен тартыштык дале сакталып жатат дейт:

Канат Садыков
- Анткени биздин китепканалардагы китеп фондусу 62 пайыз деп айтылып жатканына карабастан, анын ичинде 50 пайыздан жогору китептер эскирип бүткөн. Санитардык жана мазмундук жактан эскирген китептер болгондуктан, дагы көп каражат талап кылынат.

Кыргызстанда жалпысынан 1 миллион тегерегинде мектеп окуучулары бар. 1-класстан 11-класска чейин, ар бир класста орто эсеп менен 60-70 миңдей окуучу билим алат. Мектеп программасында 14 предмет болсо, бардык окуучуларга жетиши үчүн бир эле сабактан республика боюнча, 60-70 миң нускада китеп чыгышы керек.

Бир китепти жакын жакын, кошуна жашаган балдарга бөлүп берчү. Сурашып эле окучубуз. Үй тапшырмаларды кээде аткарып, кээде аткарбай эле барабыз...
Тарых илимдеринин доктору, мектеп окуучулары үчүн “Кыргызстан тарыхы” китебинин автору Өскөн Осмоновдун айтымында, азыркы жаңы китептер эң жакшы болду дегенде 50 миң нуска менен чыгып жатат. Болбосо көп учурда 15миңдей эле нускада чыгып калгандар бар. Натыйжада үч-төрт окуучуга бирден китеп туура келүүдө. Өскөн Осмонов мектептерди китеп менен камсыз кылууда туура эмес саясат жүргүзүлгөнүн белгилеп өттү:

- Мурдагы президенттин мезгилинде мектеп окуучуларын китеп менен бекер камсыз кылабыз деп коюшпадыбы. Ошону менен камсыз кылуу жагы дагы артка кетип калды. Мурун ата-энелер, мектеп фондуна акча бөлүп жардам берип жатышкан. Анда китеп менен камсыз кылуу жагы жакшы болуп жатты эле. Жанагы китеп менен бекер камсыз кылабыз дегенде кичине артка тартылып кетти.


Сунуштар бар


Китеп жетишсиздигин жөнгө салуу максатында Билим жана илим министрлиги бир катар сунуштарды иштеп чыгууда. Аларга министр Канат Садыков мындайча токтолду:

- Китептерди басууда эркин типографияларга мүмкүнчүлүк берүү керек. Мамлекет өзү камсыз кыла албай жаткан учурда, ата-энелер өздөрү арзаныраак, 80-90 сомдун сатып бергенге шарт түзүлөт. Андан тышкары китепти ижарага алыш жана ошондон алынган акчага кайрадан китеп басып чыгууну ойлоп жатабыз.

Ушундай ыкма менен Билим берүү жана илим министрлиги төрт жылдан кийин Кыргызстандагы мектептерди жүз пайыз китеп менен камсыз кылууну көздөөдө. Ага чейин акчалуу ата-энелер балдарына дүкөндөрдөн китеп сатып берип, каражаты жоктору китепсиз окууга аргасыз болчудай.