Айылда жашаган аксакал блогер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош облусунун Алай районунун Ак-Босого айылында жашаган 57 жаштагы блогер Жаркынбай Кошбаевди айылдыктар гана эмес, Кыргызстандагы социалдык медиа колдонуучулары, чет жактары мигранттар да жакшы тааныйт. Ал саясат же экономика жөнүндө эмес, тек гана өз жашоосун, күнүмдүк турмушун жазуу менен миңдеген окурмандарды топтогон.