Партиялардын атына заты төп келсе...

Сөз жана иш же саясий партиялардын аты менен заты кандай? Жакында президент Алмазбек Атамбаев биздеги партиялардын аталышында «Манас», «Кыргызстан», «Ата Мекен» сыяктуу сөздөрдү колдонбош керек деди. Эми саясий бирикмелердин, уюмдардын аты менен заты канчалык дал келери жөнүндө сөз ой жүгүртүп көрөлү.

Ак сөз адал иш болсо…

Калп менен чындын аралыгы – төрт эли.

Элдик жомоктон.

Он жылдай илгери: «Бизде партиялардын аты бар, жыты жок, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү аларды тааныбайт. Ушундай шартта парттизме негизинде шайлоо өткөрүүгө эртелик кылбайбы?» - деген суроого Роза Отунбаева мындай жооп берген болчу: «Байге коюлмайынча, күлүктөр жарышка чыкпайт. Саясий күрөштө да БИЙЛИК деген байгени койсок, партиялар бат эле көбөйүп, ирденип, майдалары чоңдоруна кошулуп, коомдо таасирдүү атаандаштарга айланат». Чын эле, парламенттик системага өтөбүз деген соң, саясий уюмдар жамгырдан кийинки козу карындай жамырап чыга келди. Бирок катарынын калыңдыгы, белгилүүлүгү, эл ишеничине жетишкендиги менен азыр саналуу эле партиялар мактана алат. Ошондуктан көпчүлүгү элге таанылуу (же анча-мынча белгилүүлөрү – кадыр-баркын арттыруу, калыбына келтирүү), атаандаштарын «өчүрүү» аракетинде.

Күздөгү шайлоону утурлай теле каналдар, радио жыштыктар, гезиттер, интернет сайттары кыйыр түрдө саясий жарнама жүргүзүүгө киришти. Имиш (ушак) сөздөр, социологиялык сурамдардын «ишеничтүү» жыйынтыктары да негизинен тигил же бул партияны көтөрмөлөө максатында жарыяланып жатат. Бир эле «каарманды» (партияны же анын лидерин) бирөө айга-күнгө жеткире мактаса, башкасы жерге житире каралайт.

Партиялар кайдыгер эмес ар бир жарандын дилине жакын сөздөр менен аталган. Ураандары да сонун. Бир гана тактап коёр жагдай – ушул партияларды жактабаган жарандар деле өлкөнү өнүктүрүүгө, Кыргызстандын ынтымагын сактоого зор салым кошуп, ар-намыстуу жашай алат, социалдык акыйкат, чыныгы демократия орношун каалашы мүмкүн. Анын үстүнө, тырмакчадагы жана тырмакчасыз сөздөрдүн кандай айырмаланарын кат-сабаты барлар жакшы билет эмеспи (мисалы, шарттуу аталыш жана түшүнүктүн өзү, сөздүн түз жана какшык мааниси ж. у. с.). Эң башкысы, эл саясатчылардын сөзү менен ишинин ортосунда ажырым жоюлушун каалайт.

Маанилеш сөздөр, каршылаш мүдөөлөр…

Жигит: «Сиз укмуштай сулуусуз, келбетиңиз келишкен, сүйкүмдүүсүз…»

Кыз: «Ой тобо, кечээ сиздин досуңуз дал ушул сөздөрдү айтты эле?!».

Жигит: «Ага ишенбеңиз, ал жанын жеген калпычы!».

Анекдоттон.

Көпчүлүк партиялардын программалары бир эле үлгүдөн көчүрүлгөн, айырмасы жокко эсе. Муну лидерлер өздөрү да көбүнчө танбайт. Ошондуктанбы же шайлоочулардын таанышып көргөнгө убактысы, каалоосу жок болгон үчүнбү, партиянын ишмердигинин негизги багыттары гана жазылчу платформа деген документтер, атүгүл жарым беттик кыска буклеттер да окулбай кала берет.

Андыктан эң чакан жарнама партиянын аталышында эле камтылат: «Ата Мекен» менен «Ата-Журт»; «Мекен Ынтымагы» менен «Бүтүн Кыргызстан» (плюс «Биримдик», «Единство и содружество», «Содружество» – бешөөңөр ынтымакка келе албай, элди кантип бириктиресиңер?!); «ЭрК» менен «Эркин Кыргызстан», «Ар намыс» менен «Абийирдүү Кыргызстан», «Союз. Свобода. Справедливость. Родина» менен «Акыйкат» ж. у. с. Лексикалык мааниси дээрлик бирдей сөздөрдөн куралган бул жуп (же жарыш) аталыштар саясий мүдөөлөрү көбүнчө такыр карама-каршы же дал келбеген партияларга таандык.

Көп партиялардын программалары, платформалары эле эмес, аталыштары да окшошкону менен, лидерлеринин дымагы биригүүгө мүмкүндүк бербейт. Кептин баары программада эмес, башчыларынын эптеп бийликке жетүү мүдөөсүндө деген элдин пикирин да төгүнгө чыгарыш кыйын. Байыркыдан күңгүрөнүп, архаика жыттанган «Каганат», «Туран», ак жоолукчан «Айымдар акыйкат үчүн» партиясы менен Кыргызстан аялдарынын жана жаштарынын «Жаңы күч» демократиялык партиясы, улан-кыздардын «Жаштар үнүн колдоо», «7-апрель жаштар кыймылы», аңчылык доорду эске салган «Ак шумкар», «Алгыр Кыраан», «Улуу Барчын», орок-балкалуу коммунисттердин эле эки партиясы…

Көпчүлүк партиялардын аталышында «элдик» («демократиялык») аныктамасы бар. Бирок булардын кимиси эл бийлигин чындап жактайт? Кайсынысы ушундай мамлекет курууга күчү (интеллектуалдык, уюштуруучулук, саясий, маданий даремети) жетет? «Элдик-демократиялыгы» да кездешет экен – муну Түндүк Кореядагыдай бийлигин баласына гана мурастоочу Улуу Жолбашчы жетектеген, «эки эселенген элдик бийлик» деп түшүнөбүзбү?

Ырас, бул жерде аты аталган партиялардын кыйласы азыр дымып, бары-жогу билинбей калды. Айрымдары башкаларга жуурулушуп кетти.

Тилекке каршы, дүңгүрөгөн кооз ураандар, күчтүү чакырыктар дайым эле кыйкырып чыккандардын чыныгы ниетине же айтканын аткаруу дареметине туура келе бербейт. Ошондуктан мен кыйын дегендерди оюнун асылдыгын (ниетинин түздүгүн) асыл (кооз) сөздөрүнө эмес, адал ишине карай тандашыбыз керек. Бирок бул да оңой эмес, анткени жаңылбай баа берүүгө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы бири-бирин жокко чыгарган мактоо жана каралоо материалдары абдан тоскоолдук кылат.

Каршы жарнама (антиреклама) өзүңө кайтып келбейби?

Өзүңө каалабаганды башкага жасаба.

Адептин алтын эрежеси

Дал ушул каралоо материалдары такыр тескери натыйжага алып келиши мүмкүн. Биринчиден, далилсиз, негизи жок сынга окурман ишенбесе, мындай материал иш жүзүндө «терс» каармандын таанылышына өбөлгө түзүп коюшу ыктымал. Айрыкча белгилүү инсандардын керт башына асылган, аларга жалаа жапкан, акарат келтирген сөздөрдү акыл-эстүү адамдар окубай аттап кетет же толугу менен оң мааниге «которуп» кабылдайт.

Экинчиден, ажаан, чыр немелердин деңгээлинде жазган авторлор эң оболу өздөрү жактаган тараптын кадырын түшүрүп жатканын ойлобойт. Булардын кызматынан пайдалануу аракети ошончолук пас деңгээлдеги пенделерди гана канааттандырбаса, адептүү, сергек ойлонгон адамдарды жийиркентери анык.

Өлкөнү гүлдөтөбүз, демократиялуу мамлекет курабыз, адам укуктарын коргоого кепилдик беребиз деген партиялар өздөрү үлгү көрсөтүп, талаш-тартыш жүргүзүү, талкуу маданиятын өнүктүрүүгө эмитен салым кошсо, элдин ишеничине батыраак жетмек. Болбосо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамдагы талабын сактабагандардын укукчул, адилет коом куруу ниетине кантип ишенебиз?

Жолдош Турдубаев, публицист

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.