Картага булактардын дарегин киргизели

Самаргүл Токтосунованын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Мен учурда Түркиянын Стамбул шаарында жашайм. Бүгүн сиздер менен өлкөгө өтө керектүү бир пикир менен бөлүшкүм келип турат. Таза суубузга ээ чыгуу максатында мына бул сыяктуу таза сууну коргогон жакшынакай булактарды куруу керек.

Бул булактын өзгөчөлүгү - келген сууну топтоп, фильтрден өткөрүп, ошол эле учурда эскиртпейт жана жандууларды, канаттууларды суусуз калтырбайт. Суусаган жолоочулар, туристтер, айыл калкы пайдалана алат. Эмне үчүн биз да бул нерсени жасоого болбойт?

Кесибим боюнча англис, немис тилдеринен сабак берген мугалиммин. 2012-2014-жылдары Кыргызстандын бүт аймактарында котормочулук, туроператор катары иштеп жүргөндө туристтердин көпчүлүгү табиятыбызга суктанганы үчүн ат турларына, тоолорго, камптарга чыкчу. Ошол учурда таза сууну туристтер эң жакын айылдан ат куржундарына жүктөшчү. Түгөнгөн учурда башкача айтканда сууга муктаж болгондо булак таап колубуз менен сүзүп ичкенге да шарт болбогонун, курттуу болгонун өз көзүм менен көрдүм.

Мен жазган пикир туризмге да өзгөчө салымын кошоруна көзүм жетет, себеби Түркияда да котормочулук тажрыйбамдан улам билем.

Бул Түркияга келген туристтер бул булактын өзгөчөлүгүнө таңыркашат, себеби жанында жолоочулар үчүн башка шарттар да түзүлгөн. Эс алуу үчүн отургучтар, мангал очоктору ж.б. бар.

Баарыбызга маалым болгондой эле Кыргызстанда кароосуз аккан булактар көп. Эгер биз таза сууну, булактарды туура пайдаланууну үйрөнсөк, туристтер эле эмес айыл тургундарын, жолоочуларды таза суу менен камсыз кыла алабыз.

Түркиядагы булак

Буга кошумча катары карталарыбызга да булактардын дарегин киргизсек, туристтерибизге көп жеңилдик кылган болобуз.

Туристтерибизди көп жүктөн куткарабыз. Мисалы, атка 10 литр суу жүктөө ордуна башка пайдалуу буюмдарын алышат.

Эгер булак сиздин үйүңүзгө жакын болсо үйдүн ичинен да чыгаруу өзгөчөлүктөрүн жана башка ушул сыяктуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаратарын баса белгилешти.

Урматтуу мекендештер, эмнеге биз да бул нерсени жасай албайбыз? Эмне үчүн таза суубуз кароосуз калып жатат? Ошол эле учурда эмнеге айрым калкыбыз таза сууга муктаж? Себеби таза сууларыбыз бош жерге, талааларга, жолдорго агып жатат. Келиңиздер, таза суубузга биз да ээ чыгалы!

Самаргүл Токтосунова, Стамбул, Түркия

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.