Студенттик жашоомдун адилетсиз күндөрү....

Мен бүгүн студенттик жашоодо кандай жетишкендиктерди багындырып, кайсы деңгээлге жеткенимди айтып мактанбайм. Бүгүн, мен студенттик өмүрүмдүн кейиштүү, адилетсиз өткөн күндөрү менен бөлүшөм. “Жаман айтпай, жакшы жок” дейт, ошол сыңары, баарыбыз эле “...Оой, жыргап-куунадык...” дей берсек, чындыкка коошпой калат. Анда сөз башынан болсун.

Ошентип мектепти аяктап, шаарга жогорку окуу жайына таптаза, аруу тилектер, бийик максаттар менен кадам таштадым. Оюмда мектептегидей атмосфераны күткөм. Жалпы республикалык тесттин баллы боюнча талон таштоо конкурсу башталгыча эле мени ар тараптан коркутушуп: “өтпөй каласың, жетпейт, андан көрө кепилдикке тыйын бере сал” дегендер четтен табылды. Ата-энем ого бетер тынчсызданып жайлоодогу жылкысын сатып, акчасын бермей болушту. Көктүгүмө салып, акчаны да бердирбедим, жылкыны да саттырбадым. Бир топ күндөн кийин талон таштоо башталып, ЖРТтин жалпы баллдын жыйынтыгы менен 3чү болуп өтүп кеттим. Кубанычымда чек жок эле.

1-сентябрь. Окуу жайдын босогосун биринчи ирет аттадым. Биринчи блок, биринчи аудитория, биринчи пара, биринчи лекция... Мага баары татаалдай сезилди. Негедир группалаштарыма да кошула албай, факультеттин маданий иштерине аралаша албай көпкө кыйналдым. Аңгыча эле 1-семестр аяктап, сессия тапшырчу мезгил жетти. Акча топтодук. Экология, гендердик саясат, математика, маданият таануу, Манас таануу, укук таануу сыяктуу сабактар мен үчүн жеңилдей сезилчү жана семинарларда дайыма жооп бергенге аракет кылчумун. Кейиштүүсү, дал ушул сабактардан акча берүүгө туура келди, буга чейин жардам берип, катаңды түзөп турган мугалим – сессияга келгенде таанылгыс болуп кетерине 100% ишендим. Бул менин окуудан катардагы көңүл калуум эле.

Убакыт өтө берди. 2-курска жеттик. Ушундай эле көрүнүштөр кайталанып жатты. Бирок 2-курстун 2-семестрине барганда мындай уланбашы керек деген пикирге келип, бурулуш жасадым. Болушунча аракет кылып окуп, факультеттин эмгек жамаатына таанылдым. Акырындап, факультеттик, университеттик денгээлдеги иш-чараларга катыша баштадым. Ошентип 2-курсту аяктап, сессияны ийгиликтүү тапшыргандан кийин, Кыргызстандын тарыхы сабагынан мамлекеттик экзаменге аттандым. Экзамен белгиленген күндөн бир күн мурун бизден акча чогултуша баштады. Көрсө, ал жыгылып калбоонун айласы экен. Ар ким алына жараша берип жатышты. Мен бербедим. Өзүмө ишендим. Анткени тарыхты жакшы билчүмүн. Ошентип экзамен башталып, тест тапшырып чыктык. Оюмда баарын туура белгилегендей эле болдум. Жыйынтык угаар мезгил келди. Менин аты-жөнүмдүн артынан “4” деген баа жанырды. Түшүнбөй калдым. Комиссиянын мүчөлөрүнө кезиге албай, акыры факультеттин деканынын орун басарына жолугуп, МАКтын адилетсиз чечими үчүн аны менен кайым айтыштым, анын колунан да эч нерсе келбеди. Мейли, мен “5” коюшпасын, бирок неге сабакка келбей, Орусияда жүрүп, журналда жөн гана аты-жөнү жүргөн студенттер “5” алыш керек, түшүнгөн жокмун. Менимче, акчанын мыйзамы күчтүү окшобойбу?!
3-4-5-курстарда өзүм староста болуп калгандыктан, айрым мугалимдердин адилетсиз иштерине эркиме каршы барып, аралашып жаттым. Сессияда, курстук ишти жазууда, коргоодо чоң суммадагы акчаларды чогултуп көп эле капчыгы жукалардын каарына калдым. Кээде зачет алыш үчүн акыркы тыйынына чейин берген учурлар катталчу, кайра тапшырууга калып кетсе, андан да көп суммадагы акчасы кетмек.

Ошентип 5-курс болуп, дипломго документтер такталып, зачеттук китепчелер жыйнала баштады. Кимдер кызыл дипломго бара жатканын факультеттин жетекчилиги тактап жатты. Алардын арасында мен да бармын деп шексиз ойлондум, анткени зачеттук китепчемде баары “5” деген баа. Бирок тилегимди таш каап, андай болбой калды. Көрсө, мамлекеттик экзаменден “4” алса, кызыл диплом албайт экен, а мен 2-курста тыйын бербегеним үчүн мага МАК Кыргызстан тарыхынан “4” койгон. Куратор менен кафедра башчы мен үчүн күйүгүшүп, ошол тагдырыма бүткөн“4тү оңдогонго бел байлашып, ректорго чейин арыз жазып барышты. Бирок мыйзамдуу мүмкүнчүлүгү жок экенин билип, унчукпай кала бердик. Мына дагы бир адилетсиздик. Ошентип, баягы эле Орусияда 2-3 жылдап иштеп келгендер же мугалимдин уул-кызы кызыл дипломду көтөрүп кете берет экен.

Студенттик жашоомдун акыркы күндөрү, акыркы мүнөттөрү... Жок дегенде ушул акыркы күндөрдү таза өткөргүм келген, бирок... Мына азыр да мамлекеттик экзамен тапшырып чыгып, жакшы жооп берсе да жыгылып калган айрым студенттердин тыйынын жыйнап жүрөм... Бир жагынан, кубанып жатам, анткени бул адилетсиз күндөр аягына жеткени калды...

Сүйүмкан Салиева, Ош мамлекеттик университетинин 5-курсунун студенти.