Күндөлүктөн: менин бир күнүм

Ош, ОшМУ.

Менин студенттик доорумдун кандай өтүп жатканын анын бир күнү менен айтып берүүгө болот. Студент болгонума териме батпай кубанып жүрөм. Курсташым экөөбүз чогуу жашайбыз. Аты Чынарбек. Биз аны "Чыке" деп эркелетебиз. Жашаган жерибиз өзбек маалелерине аралаш курулган жер үй. Экөөбүз тең филология факультетинде окуйбуз.

Бүгүн шаршемби. Аптанын үчүнчү күнү. Сыртта күз. Төшөктөн туруп сыртка чыктым. Жалбырактар жерге жайнап калыптыр. Мен күздү жетимиш жашка барып калган абышкага салыштырам. Анткени жыл өзүнүн өмүрүн ушул күздө түгөтүп жаткансыйт. Ошон үчүн күздү "абышка мезгил" деп койсо болот.

Жуунуп-чайынып бүткөн соң үйгө кирдим. Чынарбек төшөктөрдү жыйып атат. Мен дасторкон жайып, нан, эки чыны менен термос койдум. Чыке жуунуп келди да, электр плитанын үстүндөгү кечкурун бышырылган тамакты ысытты.

- Бүгүн канча пара окуйсуңар? – деп калды Чынарбек тамак үстүндө.

- Төрт пара окуйбуз, силерчи? – дедим мен.

- Алты пара.

- Силер неге көп пара окуйсуңар?

- Билбейм, бул жылы алты парадан кем эмес окуйсуңар деп жатышат. Баары нааразы болгондой. Силерге эле жакшы. Төрт-беш пара окуп келе бересиңер.

- Ооба. Аны да купулуңа толгудай окутушпайт. Эптеп убакыт өтсө болду.

- Аа, силердин бөлүмгө өзү күчтүү жетекчи келиш керек да. Мырзахметовго окшогон.

- Ооба десең. Эми кайдан келмек андай жетекчи. Суранып көрүш керек да өзүнөн.

Чай ичип болдук. Чынарбек бүгүн сабакка сегизден бир мүнөт да кечикпей барышы керек. Анткени филфакта Айтманбетов деген өтө принципиалдуу агай бар. Бир мүнөт кечиксең сабакка киргизбейт, кийин модул чыгарбайт. Ошентип окуудан айдалышың мүмкүн.

Окууга жөнөдүк. Күнүгө базар аралап барабыз. Базар деген кымгуут, ызы-чуу жер да. Адамдар көп. Ар түрдүүсүн көрөсүң. Ар бири тиричилик деп иштеп жатышат. Жаныбыздан араба түрткөн кыргыз киши “пош-пош” деп кыйкырып өтүп кетти. Араба түрткөндүн баары кыргыздар. Чоң жолго чыгып, тротуар менен жөнөдүк. Жолдун аркы бетинде кытай туугандар шаарга чоң мейманкана куруп жатышат. Алардын күпүлдөп иштеп жатканын көрүп суктанам. Дем албай иштешет экен. Ошонусуна суктанам. Акыры биздин экинчи “үйүбүз” филфакка келдик. Биздин кайта турган жерибиз да ушул жер. Чынарбек жадыбалды карап, кайсы каанада экенин көрдү да, жүгүргөн бойдон кетти. Мен сабакка кирсем Нуркыз эжеке эми эле кирген экен. Эжеке бизге орус адабиятын окутат. Бүгүнкү сабак Максим Горькийдин өмүр-баяны жана анын чыгармачылыгы. Эжеке Горькийдин өмүр баянын эң сонун айтып берди. Сабак өтүүдө өзүнүн стили бар. Ушунусу менен баамымда баарыбызга жагат. Эркин, демократиялык эрежелер менен түшүндүрөт десек болот.

Ошентип бүгүн үч гана пара окудук. Бир мугалим келбей калды, келсе төрт пара окуйт болчубуз. Сабак бүткөндөн кийин тайпалаштар чогулуп, шерине өткөзмөй болдук. Кеңешип отуруп баарыбыз шеринеге бара турган болуп дердеңдеп калдык. Акыры аны өткөрүүгө эч кимдин шарты болбой, тарап кеттик.

Тегерек залда биринчи курстардын алгачкы коңгуроосу өтүп жатат. Жаңырган музыка. Балдар топурап сыртка чыктык. Отургучтарга катар тизилген филфактын агайлары тамеки тартып, сүйлөшүп отурат. Филфактын короосунун ар кайсы жеринде турган машиналар ушул агайлардыкы, эжекелердики. Нары жакта факультеттин короочусу короону тазалап жүрөт. Студенттер кирип-чыгып эле жатышат. Каткырык, күлкү, музыка. Кыздар көп. Колдоруна телефон көтөрүп, музыкасын коюп алышкан. Филфактагы окуу ушинтип өтө берет. Сабакты бүгүн кээ бир мугалимдер укмуш өттү, кээси канааттандырбады.

Шаардык китепканага барышым керек. Филфак шаардын ортосунда жайгашкандыктанбы, айтор анын маңдайындагы чоң жолдон машиналар азайбайт. Курсак да ачты. Чынарбек дагы эки пара окуйт. Көптөн бери экөөбүз чогуу келгенибиз менен чогуу кетпейбиз. Китепканга барчу жолдо 2 сомдон пирожки сатчу жер бар. Ошол жерге кирип 5 – 6 даана сатып алдым да шам – шуң эттим. Китепканга кирсем эл аз экен. Аябай тынч жер, окуш гана керек. Эртеңки сабакка даярдандым.

Китепканадан чыгып, үйгө жөнөдүм. Нан саткан жерден эки нан алдым. Нан азыр кымбаттап кетти. Бизге окшоп тынбай сатып алган студенттер кыйналат да. Үйгө келсем свет жок экен. Термосту карасам чай да жок. Курук эле жеп алдым. Эшикке чыгып жуунуп келдим да, Кубат акенин (Кубатбек Жусубалиев) “Муздак дубалдарынын” ар барагын терип окуп баштадым. Дегеле түшүнбөйм. Түшүнгөн абзацтарын гана окуйм. Кол телефонума коңгуроо келди. Орусиядагы Акыл досум экен. Аны менен сүйлөшүп бир топ көңүлүм көтөрүлдү. Бир аздан кийин свет күйдү, кечки оокатка кам көрдүм. Анан Чынарбек келип калды. "Тамагыңды тездет",- деди босогодон башы кирбей жатып. Сыягы өтө ачка.

Тамак бышып, экөөбүз чай ичип бүттүк, Чынарбек эшикке чыгып кетти. А мен ушуларды чиймелеп отурдум.

Арген Нуров, Ош мамлекеттик университетинин студенти