Каарманыбыз Азамат Бердияров. «Көзү сокур болсо да, көкүрөк сокур болбосун»,- дейт кыргыз. Табиятынан карегин кылаңгыр булут басып, жалган жашоонун аткан таңы менен, баткан күнүн, ачылган гүлдөрү менен күбүлгөн жалбырактарын ачык көрө албасада, айрым көздүүлөр сезе бербеген табият сулуулугун жүрөктөн туюп, жашоодон каниет алып жашаган каарманыбыздын жупуну, бирок өтө таасирлүү жашоосу жөнүндө өзү айтып берди.
- Мен 22 жаштамын. Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөм. Айылда жүргөн кезимде борбор калаадан окусам, чоң адам болсом деп кыялданаар элем. Азыр КММАнын алдындагы колледждин СД бөлүмүнүн 1- курсунун студентимин. Профессионалдуу укалоочу. Окууну жакшы окуйм. Алты саны аман туруп, жашоосуна нааразы болуп, жалкоолонгон адамдарды жек көрөм.
Биздин жатакана атайын майыптар үчүн ыңгайланышкан. Мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон менен коңшуларымдын көбү аракетчил, тың. Алардын жан дүйнөлөрү, жүрөктөрү, келечекке болгон тилектери «майып» эмес. Алдыга умтулушат. Алар тирүүлүктүн өзүн жакшы көрүшөт. Кудайдын бул үндөрүнө шүгүр, дейм мен дагы.
«Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берейин»,- дешет го кыргызда. Мен доско баймын. Алар келип турушат, чай ичип, сүйлөшүп чер жазабыз. Өзүм да тамакты жакшы жасайм, меймандостук жагым менен да мактанып коёюнчу. Албетте дастарконубуз жарды студенттин чыныгы жашоосун көз алдыга тарткан менен, пейилибиз кең.
Өкүнүчкө жеңилгендердин катарында эмесмин. Жашоону акылдуу адамдын көзү менен карап, сабырдуулук менен кыйынчылыктын баарын жеңем деп ишенем. Мен бактылуу сезем өзүмдү. Өзгөчө музыка уккандан ырахат алам.
Бош боло калсам эле радио угам. Ди-джей болуу бирден бир кыялым, буга чейин бир топ радиолордо иштедим. Азыр кыргыз ырчыларынын айрымдары менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам.
Көзүбүз азиз болгону менен көкүрөгүбүз азиз эмес, дебедимби жана. Андыктан билимимди өркүндөтүүгө болгон аракетим оң натыйжа берүүдө. Окуй албасак да, биз билимди угуу аркылуу үйрөнөбүз. Окутуучулар өткөн сабакты диктафонго жазып алып, угуп кайра айтып беребиз. Бул менин эң жакшы көргөн буюмум, дегеним менен ал менин досумдай эле болуп калды.
Сабак бүткөндөн кийин, мугалимим эшикке чыкканга жардам берет.
Жашоодо айрым нерселерден мүмкүнчүлүгүм чектелип калат. Бирок аракет, келечекке болгон аруу тилектер адамдардын чектелген мүмкүнчүлүгүн талкалай турганына ишендим. Адам эмгектенип, окуп, үйрөнүп максат коюп ошого жетүү үчүн күрөшсө ал сөзсүз мекен үчүн пайдалуу адам болот.
Келечекте эки кесипти бирдей аркалап кетким келет. Буюрса Иса Ахунбаев сыяктуу дарыгер болом деп ойлоном. Ал эми радиодо алып баруучу болуу, деги эле музыка менен аралашкан көз ирмемдер менин жашоомду түстүү боёктор менен боёгондой болот.
Ааламда чектөө жок , болгону адамдар өздөрү чектелет. Андактан баарыңарга жигердүү аракет каалайм. Аракеттин арты берекет менен коштолоорун баарыңыздар билесиздер да!!!