Сууңуз адалбы?

Өткөндө радионун атынан бир маараке болуп, келген меймандар менен журналисттерди тосуп, кадимки эле жумушумду аткарып жаткам.

Аңгыча залга оронуп-чулганган бир айым кирип келди. Босогодон тосуп алып, өз ордуна узатуу үчүн жанына бардым. Ал акырын ийилип: “Сизде бет упасы барбы? Өтө зарыл болууда” деп сурады. Таң калычтуу суранычты да орундатып, сумкамдан упаны алып бердим. Упаны колуна алган айым “бул халалбы?” деди. Ансыз деле суранычына таң калган жаным бул суроосуна суроо менен жооп бердим. “Билбейм, адал упа кандай болушу керек эле?” десем унчукпай басып кетти. Упаны колумда кармаган бойдон кала бердим.

Буга чейин да окуу жайдын буфетинде иштеген эжеден буга окшогон окуяны уккан элем. Бирок маани берген эмесмин. Буфетчи: “Акыркы күндөрү ушул студенттер эмне болуп баратасыңар? Өткөндө бирөө чай сураганда “чай жок, кофе бар” десем, анда “кофеңиз халалбы” деп таң калтырды”, - деген эле.

Ушул темага кызыгып, борбордук мечиттин жанындагы жана “халал” деген жазуусу бар дүкөндөрдү кыдырып чыктым. Дүкөндөрдө бажырайып “халал” деп жазылган колбасалар, куксилер, ал тургай “халал” чайлар көзгө дароо урунат. Бардык дүкөнчүлөр “халалдын” толук маанисин жана товардын кантип, кайсы жактан алынып келээрин түшүндүрүп бере алышкан жок. Алардын айтымында, “халалга” Куранда тыюу салынган малдын этинен жасалбаган, ичимдик кошулбаган продукциялар кирет экен.

Мындан улам ар бир сөзгө, продукцияга “халалды” кошуп жатып, алдыңкы күндөрү “халал сууңуз барбы” деген деңгээлге жетпесек болду деген ой кетет.

Ар бир сөздүн кадырын кетирбей, өз орду жана мааниси менен колдонууга чакырам. Анткени кыргыз лексиконунда “халал” сөзү жок экенин, анын кыргызча “адал” деп айтылаарын унутуп коюшкандай. Адал менин түшүнүгүмдө - абийир, ак эмгек менен табылган оокат, таза жүрүм-турум, бата берилип союлган малдын эти, ичимдик кошулбаган тамак-аш.

Айткан кебим кимдир бирөөгө катуу тийсе, алдын ала кечирим сурайм. Бул менин жеке пикирим жана эч кимге таңуулабайм.

Айпери Сейитбекова, журналист