Бак-дарак биздин таза абабыз, кышта жылуулугубуз

Кыргызстан - байыркы калк. Азыр экономикасы мыкты болбогону менен жерибиз тынч. Экономика алдыга кетсе жакшы болмок. Бирок анын жаман жайы да бар. Бак-дарактар кыйылып, жайыттар тарып, алардын ордуна фабрика, ишкана, асман тиреген үйлөр курулат. Бак-дарак биздин таза абабыз, кышта жылуулугубуз го. Негизгиси ал сулуулук. Имараттар курулса жакшы, бирок алар талааларды бузбай, эгин эгилбей турган жерлерге салынышы керек.

СССР мурда коммунизмге умтулчу. Бирок биз ошол заманда коммунизмди өткөрүп жибергенбиз. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө тоскоолдуктар көп. Депутаттар бири-бирин угушу кыйын. Алар кыйкырынып сүйлөшөт. Не иш кылганы дайынсыз. Экинчиси - коррупция. Өз күчү менен кыла албайт. Мен бир нечесин эле айтып кеттим.

Азыр Кыргызстан жаман абалда эмес. Жалгыз өзүн ойлобогон, эли үчүн күйгөн 5-6 адам парламентте бар. Бирок алар аз. Баары ошондой болгондо кана? Мен да Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкум келет. Адабий, маданий жактан. Алга Кыргызстан!!!

Айдар Абдукеримов