Ал учур 1997-жылдын февраль айы же март айы. Толук эсимде жок. Улуттук илимдер академиясынын кайсы бир залында залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкуловичтин “Кассандра тамгасы” жана анын казак акыны Мухтар Шаханов менен биргелешип жазган “Аскада калган аңчынын көз жашы” деген китептеринин бет ачары болуп калды.
Мен ал кезде И.Арабаев атындагы университеттин филфагында 1-курста окуп жаткам. Группанын старостасы катары бардык студенттерди ээрчитип алып жөнөп калдым. Залдын кире беришинде аталган китептерди сатып жатыптыр. Акчалуу студенттер китептерден сатып алып, кол тамга алыш үчүн Чыңгыз Төрөкуловичке узатып жатышты.
Залдын төрүндөгү президиумга атайын столдор коюлуп, келген коноктор отурат. Жаңылбасам Чыңгыз Айтматов столдун чеке жагында трибунага жакын отурду. Студенттер чогултуп китептерди беш-алтыдан алып барып, Чыңгыз Айтматов аларга кол тамга коюп берип жатты. Трибунада улам бир оратор сөз сүйлөп, Айтматовдун жогорудагы китептери тууралуу пикирлер айтылууда.
Кашайып жанымда акча жок. Китеп сатып алып, кол тамга алып калсам дегенде эки көзүм төрт. Группадагы Ажар деген кыз китеп сатып алды. Кол тамга алыш үчүн кезегин күтүп отурат. "Эй, мага да бир китеп сатып берчи, акчасын эртең берейин" десем "акчам жок” деп койду. Шалпайып отуруп калдым.
Бир учурда сумкамдан бир барак алып чыктым. Бир куплет ыр мээме пайда болду. Анткени Айтматов көп чыгармаларын орус тилинде жазып, аны кийин кыргыз тилине котортуп жарыялап жатпадыбы. “Кассандра тамгасы” да ошондой болуп, кыргыз тилине мыкты котормочу Мырзаян Төлөмүшов которгон эле.
"Жайнаган көктө жылдызча
Жазган көп чыны кыргызда
Таанылып бирок, чыкпады
Эч бири
Айтматтын уулу Чыңгызча
Китебин улам котортпой
Бу киши жазса эле болмок кыргызча” деп ак баракка жаздым да Ажардын китебине салып берип жибердик.
Китептерди мен чогултуп, президиумда отурган Чыкеме алып барып бердим. Президиум биз отурган залдан кичине бийигирээк жайгашкан болчу. Китептерге кол тамга коюп жатканы бардыгыбызга толук көрүнүп турду. Китептерге кол тамга коюп бүтүп, столдун чекесине жылдырды. Бардыгына көз салып турган мен акырын ордумдан туруп, китептерди алганга бардым. Айтматов китеп алып жаткан мага бир топ сөздөрдү айтты. Ал киши дагы бардыгына баам салып байкап туруптур. Чынында анын сөздөрүн уга албадым. Бир гана анын “рахмат” дегенин жакшы боолголоп уктум. Трибунада сүйлөп жаткан оратордун катуу сөздөрү Чыңгыз Айтматовдун эмне деп айтканын толук мага жеткирбеди. Ушуга эмдигиче өкүнүп калам. "Эмне деген сөздөрдү айтты болду экен?” деп.
Атактуу жазуучу менен кийин мындай бетме-бет кездешпедим. Кезиксем, баарлашсак ушул жөнүндө сурамакмын. Эсинде калсам мүмкүн, эмне дегенин айтып бермектир. Китепке “Жакшы сөздөрүн, жылуу пикирин билдирген жаштарга” деп кол тамга коюп бергени эсимде калыптыр. Китепти Ажар үйүнө алып кеткен. Азыр ал китеп кимде болду экен?
Рысбай Абдыкадыр