Өткөн жыл этегинде “эмгек өргүүсүнө” чыкканы айтылып, андан бир айдан кийин отставка тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон мурдагы баш прокурор Аида Салянованын бүгүнкү жасаган билдирүүлөрү коомдо ар кандай кабыл алынууда.
Аны айрымдар аял кишинин жеке таарынычы катары кабыл алса, башкалары чоң саясатчынын чакырыгы катары сыпатташууда. Кандай болгон күндө да, экс-баш прокурордун билдирүүлөрү Кыргызстандын саясий турмушунун нугун өзгөртчүдөй окуя катары бааланууда. Жок эле дегенде, быйыл күздө парламенттик шайлоо болорун эске алсак, ал жараянга таасирин тийгизе турган чоң жүрүш деп атоого толук мүмкүн. Ошол эле кезде балким бул Алмазбек Атамбаев президент болуп турган үч жыл ичиндеги эң чоң отставка, чоң саясий окуялардын бири. Андыктан президенттин да мындан кийинки саясий жүрүшүнө, багытына да таасир этиши толук ыктымал.
Бирок мен маселенин башка өңүтүнө көңүл бургум келип турат.
Күчтүү оппозициянын жоктугу биринчи кезекте президент Атамбаевге кедергисин тийгизүүдө. Экинчиден, албетте, ал мамлекетке да зыян экенин турмуш көргөздү. Бийликти колдоп-сүрөө, мактап туруу, жөлөп-таяган бардык эле учурда пайдалуу эмес экени бүгүн дагы бир ирет далилденип отурат.
Эгер бүгүн оппозиция алдуу-күчтүү болуп, улам бир саясий, экономикалык, социалдык талаптар менен чыгып, бийликтин кемчилигин таап, көзгө сайгылап, көрсөтүп турганда, Ак үйдүн “ордо интригалары” менен алектенүүгө чамасы болмок эмес.
Эсиңиздерде болсо Акаев менен Бакиевдин заманында да оппозиция алсызданып, "жүдөп" же айрымдары карматкан "токочко" ыраазы болгондон кийин гана бийлик шымаланып, өз командасын “тазалоого” кирише турган. Аида Салянованын да кызматтан кетүүсүн ушундай деп атаса болчудай. Ошто, Сузакта, Алайда, Бишкекте эки-үч жыл мурда болгон баягы котологон митингдер, жол тосмойлор бүгүн жок. Январь айында Талас менен Нарында электр энергиясын арзандатуу талабы менен чыккандар бийликке азуусун көрсөтө албады. Бул жагдай да ички команданы бир сыйра тазалап алууга оңтойлуу эмеспи.
Аида Салянованын отставкасы, бийлик командасынын ичиндеги “эриккенден” чыккан пикир келишпестик деп аталып жаткандыгынын да чындыгы бар. Анан калса, Ак үйдүн кайсы бир гезитке чыккан имиш сыяктанган маалыматты парламентте териштирүүсү да катуу зеригүүнүн далили эмей эмне.
Ошентсе да бүгүн такыр эле оппозиция жок деп айтууга болбойт. Бирок алар алсыз экендигин өздөрү да моюнга алууда. Ал эми Жогорку Кеңеште азчылыкты түзгөн “Республика” менен “Ата-Журт” фракцияларын оппозиция деп атай алабызбы же атай албайбызбы - буга саясий илимдер эмне дээр экен?
Ошентип, оппозиция, атаандаш көз караш, карама-каршы пикир, конструктивдүү сын керек экендигин турмуш дагы бир ирет далилдеп отурат. Мындай атаандаштыктын, оппозициянын жоктугунан бир эле Ак үй, Салянова же президент жабыр тартып жатса, анда маселе жок эле. Бул жалпы мамлекетке доо кетирип, анын өнүгүүсүнө, саясий жана экономикалык келечегине зыянын тийгизип коюшу да мүмкүн.
Бирок мен бул жерде оппозиция дегенде, буга чейин мамлекеттик кызматта туруп, кыңыр иштерге аралашып, анан ал көмүскө иштери билинип калып, кылмыш иши козголгондо “баатыр” боло калгандар жөнүндө айткан жерим жок.
Ошол эле кезде өлкөнүн кан жолдорду бууган, борбор калаанын экономикалык, социалдык турмушуна терс таасирин тийгизген, элдин тынчтыгын бузган митинг-пикеттердин да жактоочусу эмесмин.
Салянова бүгүн чоң саясатка аттанарын жарыялады жана президенттин өзүнө, анын саясатына катуу сын айтты. Кандай айтпайлы, бул Ак үй үчүн чоң сокку, саясий жактан ири жоготуу катары кабыл алынууда. Бир ай мурда эле Салянова оппозициянын "жүгүн" аркалайт деп эч ким ойлогон эмес.