Багы ачылбаган балдар тасмасы

"Көз айнекчен" тасмасынан кадр. Ролдордо Кубанычбек Алыбаев, Бермет Маликова

Интернеттеги маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө жыл сайын алты миңден ашык кино тартылат. Алардын ичинен балдарга арналып тартылган кинолордун саны миңге жакын.

Кыргызстанда коммерциялык багыттагы тартылган тасмаларды эске алганда жылына ондон ашуун фильм тартылат. Балдар жаатында тартылган кинолор да мактанаарлык көрсөткүчтө эмес.

Акыркы 10 жылда балдар киносу тартылбай токтоп калган эле. Быйыл гана балдарга тиешелүү 3 тасманын бет ачары болду
.

Кыргызстанда балдар киносунда быйыл жылыш бар. Жаш кино режиссер Эркин Салиевдин жети жаштагы кыздын дүйнө таанымын чагылдырган “Принцесса Назик” көркөм тасмасы быйыл сентябрда Орусиянын Анапа шаарындагы КМШ мамлекеттеринин “Киношок” фестивалына катышып келди. Балдар киносу ушинтип жандана баштады дегенибиз менен, тилекке каршы, көптөгөн кино режиссерлор бүгүнкү күнү балдарга анча маани бере беришпейт. Балдар киносуна салым кошуп жаткан кино режиссерлорду айтсак - алар Кыргызстанда саналуу.

Кино жөнүндө маселе козголгондо, балдар киносунун коомдогу ролу менен анын зарылчылыгы талкууланбайт. Айрым кино адистери балдар киносун тартуу оор кыйынчылык менен коштолот дешсе, башкалары балдар киносунун коомдогу актуалдуулугу аз дешет.

Кино сынчы Гүлбара Төлөмүшева соңку учурларда балдар киносунда аздыр көптүр жылыштар болуп жаткандыгын баса белгилейт: “Азыр балдарга арналган фильмдер тартыла баштады. Болгону аларды жарнамалай албагандыктан эл бул фильмдер жөнүндө кабары болбой калып жатат. Мисалы, быйыл балдарга арналган эң жакшы деңгээлдеги фильмдердин бет ачары болду. 2012-жылдын февраль айында кино режиссер Далмира Тилепбергенованын 7-8 жаштагы эки баланын турмуш дүйнөсүн чагылдырган “Телегейи тегиз” көркөм тасмасы жарык көрсө, ушул эле жылдын жай айында кино режиссер Чолпон Турсуновдун Белек аттуу он төрт жаштагы баланын башынан өткөргөн окуясын баяндаган “Майдан” аттуу кино тасмасы жарыкка чыкты. Аталган фильмдер көрөрмандарга таасир калтырчудай”.

Эгерде Кыргызстандагы балдар киносунунун тарыхына кайрыла турган болсок, ал 1960-жылдардан кийинки мезгилге барып такалат. 1963-жылы "Кыргызфильм" студиясынын алдында тартылган режиссер Марианна Рошальдын “Космонавттар көчөсү” балдар киносундагы алгачкы саамалык.

Мына ушул мезгилден тартып советтик кыргыз киносунда бир катар балдар киносу жарыкка чыга баштаган. Режиссер Альгимантас Видугиристин 1972-жылы тарткан “Көз айнекчен”, Элдор Уразбаевдин ушул эле жылы жараткан “Аскер бала”, Динара Асанованын 1983-жылкы “Мадырабаштар” жана кино режиссер Бакыт Карагуловдун 1985-жылы экрандаштырылган “Айдагы жез кемпир” тасмаларын айтууга болот.

Аталган тасмалар ошол мезгилдеги балдардын аң-сезимин советтик идеология менен багыттап, тарбиялоого көп көнүл бөлгөндүгү байкалып турат. Эгемендүүлүк колго алынгандан кийин балдар киносуна мурункудай көп маани берилбей калды. Балдар фильминин саны азайды. Ошентсе да Актан Абдыкалыковдун 1998-жылы жараткан “Бешкемпир”, 2001-жылы чыккан “Маймыл” тасмалары өспүрүмдөрдүн дүйнөсүн ачып берүүдө олуттуу роль ойнойт. Аталган тасмалар өз убагында бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңип алган.

Азыркы мезгилде Кыргызстандагы балдар киносу өсүүгө муктаж. Бул үчүн мамлекеттик денгээлде иш алып баруу зарылчылыгы керек окшойт. Ал эми коңшу малекеттерди карай турган болсок Өзбекстанда, Казакстанда балдар киносу оң жолго койулуп, өнүгө баштаган кези.

Казакстанда мамлекет атайын кино режиссерлорго балдар киносун жайылтууну тапшырган. Мунун натыйжасында акыркы мезгилде Казакстанда көптөгөн балдар киносу тартыла баштаган. Быйыл 2012-жылы Голливудда өткөн “Үй-бүлөлүк фильмдер” фестивалында Эрлан Нурмуханбетов менен Бегарс Элүбайовдун “Аңчы бала” тасмасы дүйнөнүн 23 мамлекетинен келген 92 тасманын ичинен “Чет элдик мыкты фильм" деген наамга татыды.

“Балдар биздин эртеңки сотубуз” деген экен орустун улуу жазуучусу Максим Горький. Азыр айрым балдар туура эмес багыттагы Батыш фильмдерине таасирленип, кылмыш дүйнөсүнө кириптер болуп жаткан фактылар да аз эмес. Ал эми балдарга тарбиялык багыттагы идеологиялык максатты көздөгөн, элин-жерин сүйүүгө чакырган тасмалар менен алардын аң-сезимин туура нукка өзгөрткөн тасмалардын жаралышына кыргыз киносу муктаж.

Аскат Оморов. Кыргыз-Түрк “Манас” университети.

Журналистика бөлүмү, 4-курс.