Сооронбай акын жана тоолор

Сооронбай Жусуев

Cооронбай Жусуевдин эстелигине.

Мен сыйынсам тоолорго сыйынамын,

Мен жыгылсам тоолордон жыгыламын,

Бүтсө керек тоо менен жаным бирге -

Мен тоолорго тоорулуп, кыйыламын.

Шык табамын мен тоонун ар чөбүнөн,

Ар бир борчук ташынан ыр угамын, - деп ар качан тоолорго сыйынып, тоолордон сыр угуп, өзү айткандай, тоолордон шык алып, ак булут баскан аска-зоолорго суктанып, турмушта да, адабий чыгармачылыкта да кол жеткис сеңирлерге умтулуп жашаган атактуу акын Сооронбай Жусуев арабыздан кетти. Жок, кетти деп айткан туура болбойт го - акын ошол өзү туулуп-өскөн Алайкуунун ак кар, көк муздуу аскаларын бир тегеренип, анан ак булутту аралап ашуу ашкан куш сыңары канатын бир шуу күүлөп, келгис сапарына узады…

Чынын айтыш керек: алыскы Алайкууда туулуп, 18 жаш курагында Улуу Ата мекендик согушка катышып, пехотачы, башкача айтканда, танкалардын артынан жоо беттеген жөө аскер катары атактуу Панфилов дивизиясында кызмат кылган Сооронбай ага 91 жаш өмүр сүрдү. Армансыз иштеди. Алдына эмне чыгармачылык максат койсо, ошонун баарын өтөсүнө чыгарды. Элүүдөн ашык китеп чыгарып, Кыргыз Эл Баатыры деген ардактуу наамга чейин жетти. Ошондуктан Сокебиз бул жашоону армансыз эле сүрүп, армансыз эле тынчтык турмуштун ырахатын көрдү десек туура болмок го. Бирок да узун өмүр деген бир башка экен да, мазмундуу өмүр, маанилүү өмүр, эмгек менен адал мээнетке ширелген өмүр таптакыр башка нерсе тура.

Сооронбай Жусуев агабыз ошондой узун да, убайлуу да, маанилүү да, мазмундуу да өмүр кечирди. Сааттын жебеси менен кошо айланып жашаган дыйкан сыңары, бир тыным убактысын бошко кетирген жок, эмгек менен өмүр өткөрдү. Таң кала турган дагы бир нерсе, канатты акыркы жолу шилтей турган күн аз калганын сезгендей, акын кийинки жылдары болгон эмгектеринин баарын том-том кылып жыйнап, жогоруда айтылган 50дөн ашуун китебинде калеминен эмне жаралса, ал жөнүндө ким эмне жазса, ошонун баарын бирин калтырбай китептерине чогултуп коюп кетти. Ал эми Сооронбай акенин жанда жок тыкандыгы, керек болсо чыныгы академик сыяктуу педанттыгы, тартип менен ирээтти өтө катуу баалагандыгы баарыбызга жакшы маалым эле. Азыр эми жалаң ыр менен жазылган эки романдын (“Курманжан датка” менен “Исхак Раззаков”) автору, нечен поэмалардын, классика катары таанылып калган лириканын ээси Сооронбай Жусуевдин чыгармачыл дүйнөсүнө баам таштайм деген киши акындын 11 томдук жыйнагын барактаса эле бүт баарын табат. Менин айтайын дегеним, акын тиги дүйнөгө сапар аларын алдын ала сезгендей, бүт эмгектерин шурудай кылып тизип, ирээттеп, тизмектеп чыкты. Ошондон кийин гана күзөттө түрган жоокер сыңары, бү дүйнөдө өтөй түрган милдеттеринин баарын так аткарып бүтүп, калдайган канатын бир шилтеп туруп, келгис сапарына кете берди.

Сооронбай акын кыргыз поэзиясындагы өтө чебер лирик, аттын кашкасындай таанымал устат акын болчу. Ырларынын негизги пафосу - тазалык жана мээимдүүлүк, турмуштагы, ошол эле сүйүүдөгү пакизалык, табийгаттын сулуулугуна суктануу, жакшы адамдардын, нускалуу инсандардын таалимин даңазалоо, ошону кынтыгы жок сыйда уйкаштар менен суу төгүлбөс жоргонун жүрүшүндөй ритм жана мелодика менен ырга салган чебер эле.

Дөңдө турам. Боз үйлөр төмөн жакта.

Балдар чуркайт эрбеңдеп көгөн жакта.

Жайлоо жымжырт. Бирок да тынчы кетип,

Удургушат булуттар төбөм жакта.

Арасында чагылган дүрмөттөлгөн,

Асманда ойнойт булуттар түрмөктөлгөн.

Аласалат дайранын шарына окшоп,

Бирде жүнгө айланат түйдөктөлгөн,

бирде кебез болушат үймөктөлгөн… ж.б.

Бул саптар - чыныгы Жусуевге мүнөздүү саптар. Анын суу төгүлбөс жорго акындыгынан кабар берген жүздөгөн классикалык саптарынын бир шиңгили гана.

… Былтыркы жылы Сооронбай аганын 90 жылдык тоюн тойлоп, жакшы көргөн, сыйлап­ урматтаган замандаштарынын баарынын башын кошуп, эл алдында акыркы жолу ырын окуган соң мага айткан бир сөзү эстен кетпейт: “Баш-аягы 60 жыл чыгарма жазып, 60 жыл адабият менен менен алпурушуптурмун. Эми 90дун даамын сызгандан кийин эс алсам туура эле блот го?” Бул сөз - Сокенин акын катары эле эмес, инсан катары, атуул катары өз милдетин так өтөгөн, баштаган жолун аягына чейин чарчабай баскан, айтар сөзүн болушунча айтып, берер эмгегин чарчагыча жасаган зор инсандын, чоң эмгекчинин сөзү эле. Ошондуктан арабыздан кеткис сапарына кеткен чоң акын, өзү айткандай, Жоомарт Бөкөнбаевдин шакирти, улантуучусу, Кыргызстандын Эл Баатыры Сооронбай Жусуевдин жаркын элеси эч качан эстен кетпейт жана кыргыз адабиятындагы, улуттук маданиятыбыздагы орду өссө өстү, бирок эч качан кемибейт.

Күндөр өттү шаттыктай жаркылдаган,

Күндөр өттү жаштыктай тартынбаган,

Күндөр өттү күү сындуу ыракаттуу,

Күндөр өттү толкундай шарпылдаган.

Күндөр өттү күрдөөлдүү жумуштардай,

Өткөн менен өздөрүн унуткарбай,

Күндөр өттү жамгыр сээп, көк кайкыга,

Тоодон ашып жөнөгөн булуттардай.

Күндөр келет, жылдыздай жанып келет,

Жылаажындай шыңгыр үн салып келет.

Керимселдей сергитип көңүлдөрдү,

Карчыгадай канатын кагып келет.

Күндөр келет жаздагы дүбүрттөрдөй,

Ал дүбүрттү чынарган күлүктөрдөй,

Күндөр келет жаздагы махабаттай,

Күндөр келет жаздагы үмүттөрдөй…

Акын Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу тажыясы 6-февралда Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында өттү.

Акын келбес сапарга аттанды